Шайлоодо жеңген Садыр Жапаров Кыргызстанды кантип өнүктүрмөкчү? Убадалары

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүПредвыборная агитация в Бишкеке
Предвыборная агитация в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Садыр Жапаровдун шайлоо алдындагы платформасындагы негизги убадаларды алып чыкты.
Президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгына ылайык, Садыр Жапаровго добуш бергендер көп болууда. Sputnik Кыргызстандын журналисти Садыр Жапаровдун өлкөнү өнүктүрүү боюнча шайлоо алдындагы платформасында айтылган негизги убадаларын сунуштайт. Эскерте кетсек, Жапаров үгүт иштерине 60 миллион сомго жакын каражат сарптаган. Башка талапкерлерге салыштырмалуу эки эсе көп каражат короткон.

Башкаруу формасы жана депутаттар

Досрочные выборы президента Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Шайлоого катышкан. Канайым Айгүл Асанбаева тууралуу кызыктуу фактылар

Бул шайлоо Жапаровдун демилгеси менен уюшулду. Ал октябрда бийликти убактылуу башкарып турганда "парламентарийлердин жоопкерчиликсиз аракеттери Кыргызстанды талкалайт" деп билдирген жери бар. Жапаров тышкы саясаттан тарта ички чарбалык ишмердүүлүккө чейин мамлекетти өнүктүрүп кетүү үчүн жеке жоопкерчиликти алган күчтүү президент керек деп эсептейт.

Референдумда көпчүлүк эл президенттик башкаруунун формасын колдогондуктан, Кыргызстан жаңы Конституциянын долбоору боюнча дагы бир элдик добуш берүү өткөрөт.
Ошондой эле алдыга озуп чыккан талапкер парламент депутаттарынын санын кыскартууну жана партиялык системаны өзгөртүүнү жактайт. Ал депутаттардын кеминде үчтөн бир бөлүгү мажоритардык система (райондор боюнча), калгандары партиялык тизме менен шайлануусун сунуштайт.

Сөз эркиндиги

Жапаров шайлоочуларга Кыргызстан жараны өзүнүн келечегинен кам санабаган, мамлекеттик машинадан коркпогон, тескерисинче, ага ишенген өлкө болорун убадалоодо.
"Сөз эркиндиги жана жалпыга маалымдоо каражаттары кол тийгис баалуулук бойдон кала берет", — деп баса белгиленет анын платформасында.
Ошондой эле ал саясий атаандаштарын мунасага чакырып, "баарын жаңыдан баштоону" сунуштайт. 
© Sputnik / Табылды КадырбековСадыр Жапаров үгүт иштерине 60 миллион сомго жакын каражат сарптаган. Башка талапкерлерге салыштырмалуу эки эсе көп каражат короткон.
Брифинг кандидата в президенты Кыргызстана Садыра Жапарова - Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров үгүт иштерине 60 миллион сомго жакын каражат сарптаган. Башка талапкерлерге салыштырмалуу эки эсе көп каражат короткон.

Соттук реформа

"Акыркы жылдары өлкөдө болгон төңкөрүштөргө, саясий нааразычылыктардын келип чыгышына соттордун адилетсиз чечимдери башкы себеп болгон", — деп эсептейт Жапаров.
Ал Кыргызстанда башкаларга үлгү боло турган сот системасын түзүүгө сөз берип жатат.

Люстрация

"Люстрация — бул жакпай калгандарды куугунтуктоо эмес, кысымга алуу же өч алуу эмес. Тазалануу аркылуу жаңылануу. Кызмат бедели булганган мамлекеттик кызматкерлер ишинен бошотулууга тийиш. Биз беш жыл ичинде укук коргоо органдарынын курамын 50 пайызга жаңыртышыбыз керек. Мамлекеттик кадр кызматы люстрациялык иш-чаралардын негизги куралы болушу шарт", — деп айтылат шайланган президенттин шайлоо алдындагы платформасында.

Экономикалык өнүктүрүү

Досрочные выборы президента Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Президенттик шайлоо менен референдумга КМШ байкоочулары кандай баа берди

Жапаров бийликке келери менен биринчи кезекте текшерүүгө мораторий киргизүү жана административдик тоскоолдуктарды жоюу; улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен тоо кендерин иштетүү боюнча келишимдерди кайра карап чыгуу; энергетикалык тартыштык көйгөйүн чечүүнү баштоо; менчикти коргоо жана менчик ээлеринин укуктарынын кол тийбестиги боюнча укуктук ченемдерди күчөтүү; кыргызстандык жана чет өлкөлүк ишкерлерди колдоо, коргоо жана инвесторлордун ишенимин калыбына келтирүү; чийки эмес экспортко багытталган ишкерлерге даректүү колдоо көрсөтүү убадаларын берген.

Курултай

Садыр Жапаров Курултайды Баш мыйзамга киргизүүнү жигердүү жактап, ал көзөмөлдөө жана тең салмактуулук тутумун чыңдайт деп ишендирет.
"Көп улуттуу Кыргызстан элинин аймактардан келген өкүлдөрү жыл сайын бийликке өз сунуштарын беришет. Мындай элдик жыйын коррупцияны жоюуга өбөлгө болуп, бийликти узурпациялоо мүмкүнчүлүгүн жана диктатордук режимдерди жок кылууга көмөктөшөт. Мындан тышкары, саясий туруктуулукту орнотуп, адилеттик принцибин сактоого шарт түзөт", — деп жазылат платформада. 
© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүЖапаров: Сөз эркиндиги жана жалпыга маалымдоо каражаттары кол тийгис баалуулук бойдон кала берет
Предвыборная встреча кандидата в президенты Кыргызстана С. Жапарова - Sputnik Кыргызстан
Жапаров: Сөз эркиндиги жана жалпыга маалымдоо каражаттары кол тийгис баалуулук бойдон кала берет

Тышкы карыз

Жапаров Кыргызстан тышкы карызынан өз күчү менен кутула алат деп ишенет. Карыздан кутулуунун жолдорунун бирин ал Жетим-Тоо кенинен чыккан сырьёону гана Кытайга берип карыздан кутулуу жолу каралып жатканын айткан.

Билим берүү

Жапаров Кыргызстанда билим берүү системасын түп-тамырынан бери реформалоо зарылдыгын билдирген.
"Ал реформа жаңы мезгилдин ыргагында жаңы экономиканын талабына ылайык болуусу абзел. Мектеп бүтүрүүчүлѳрү азыркы заманбап технологиялык билимдер жана тажрыйбаларга ээ болуп, программалоо, кѳп тилдүүлүк, табигый-техникалык илимдерди терең ѳздѳштүрүүсү зарыл", — деген Жапаров.

Саламаттык сактоо

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров президенттик шайлоодо алдыга озуп чыкты. Алдын ала жыйынтык

Садыр Жапаров саламаттык сактоо тармагына бюджеттен бөлүнүүчү каражат кеминде эки эсе көбөйтүлүшү керек деп эсептейт.

"Калктын саламаттыгы — бул мамлекеттик жана экономикалык кубаттуулуктун негизги фактору. Саламаттык сактоо тармагына жумшалуучу бюджеттик чыгымдардын үлүшү эң эле аз дегенде эки эсеге көбөйүүсү зарыл. Мындай көбөйтүүнүн булагы болуп чиновниктердин жана депутаттардын аппаратын оптималдаштыруудан үнөмдөлгөн каражат эсептелет", — деп айтылат шайлоо алдындагы платформада.

Технология

"Илим жана интеллектуалдык менчикти коргоо, инновациялар жана жаңы технологиялар — бийлик акыркы 30 жылда четке кагып келген тармактар. Биз элдин интеллектуалдык потенциалына болгон мындай жоопкерчиликсиз мамилени мындан ары уланта албайбыз", — деп билдирген Жапаров.
Ал жаңы тармактарды түзүү жана жаңы рынокторго чыгуу жолдорун колго алууну демилгелеп жатат.
"ЕАЭБде калыптанган мамилелерден баш тартпай туруп, кызматташуунун жана өз ара сооданын жаңы багыттарын өнүктүрүүбүз кажет. Буга сырьёлук эмес, экспортту колдоо программасы көмөк болмокчу. Дүйнөдө экономиканын таптакыр жаңы тармактары – криптовалюталар, дата-борборлор, жасалма интеллекттер, эбегейсиз онлайн-индустриялар пайда болууда. Кыргызстан бул тармактарда өз ордун ээлөөсү зарыл. Биз өзүбүздүн адамдык потенциалыбызды жаңыдан пайда болуп келе жаткан санариптик коомду, билим экономикасын, IT-тармакты, фармакология, биотехнология, нанотехнология жаатындагы жогорку технологиялык өндүрүштү түптөөдө пайдаланууга мүмкүнчүлүгүбүз бар", — деп эсептейт Жапаров. 
© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүЖапаров: Мектеп бүтүрүүчүлѳрү азыркы заманбап технологиялык билимдер жана тажрыйбаларга ээ болуп, программалоо, кѳп тилдүүлүк, табигый-техникалык илимдерди терең ѳздѳштүрүүсү зарыл
Досрочные выборы президента Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жапаров: Мектеп бүтүрүүчүлѳрү азыркы заманбап технологиялык билимдер жана тажрыйбаларга ээ болуп, программалоо, кѳп тилдүүлүк, табигый-техникалык илимдерди терең ѳздѳштүрүүсү зарыл

Экология

Жапаров бийликке келсе, экологиялык булганууга жол берилген ченемдерди кайра карап чыгууну убада кылган.
"Кыргызстандын экологиялык коопсуздугу — келечектеги өнүгүү. Ушул принциптин алкагында биз булгануунун жол берилген нормативдерин кайра карап чыгабыз. Мындан тышкары, экологиялык кооптуу ишканалардын тизмесине кирген бардык ири ишканалардын ишине терең жана калыс экологиялык аудит жүргүзөбүз. Мамлекет өндүрүшчүлөргө жаратылышка зыян келтирбеген жаңы технологияларды пайдаланууга колдоо көрсөтүүгө тийиш. Бул чараны ишке ашырууда ата мекендик жана чет мамлекеттик ишканалар бирдей тартипте каралат", — деген Жапаров.

Мигранттар

Эч кимге карызым жок. Жапаров Биримдик, Мекеним Кыргызстан тууралуу. Видео - Sputnik Кыргызстан
Эч кимге карызым жок. Жапаров "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан" тууралуу. Видео

Жапаров өз платформасында чет жактарда жүргөн мигранттар мекенине кайтып келишсе мамлекет аларды жумуш менен камсыздай албай турганын айткан.

"Биз алыста жүргөн мекендештерибизди жумуш орундары менен камсыздай алабызбы? Жакынкы жылдарда баарын камсыздай албашыбыз турган иш. Бирок биз силердин ак эмгегиңерди ар качан баалайбыз. Силердин укугуңарды биз, мамлекет, коргойбуз. Кыргызстанда калган үй-бүлөңөргө кам көрүп, бакубат турмушка ээ болушуна жетишебиз!" — деп убадалайт ал.

Милициянын ишмердүүлүгү

Жапаров милициянын ишин жеңилдетүү, катардагы милициянын курал колдонуу жана күч көрсөтүүгө мүмкүн болгон учурларын так көзөмөлгө алуу менен мыйзамдын сакталышын камсыз кылууну убада кылган.
"Милиция тармагында жогорудан төмөн башкарылган "ишмердиктин натыйжалуулук (результат) планы" жоюлат. Кызматкерлердин билим деӊгээлин кароодо Мамлекеттик кадр кызматынын ишинин алкагында процессуалдык нормаларды бекем сактоону камсыздайбыз", — деп айтылат талапкердин платформасында.
Жаңылыктар түрмөгү
0