Президенттик шайлоону жеңген Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт

ТИМ башчысы: Жапаров Москвага сөзсүз иш сапары менен барат

379
(жаңыланган 16:41 11.01.2021)
Буга чейин Владимир Путин Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктап, ал Кыргызстанды башкарып турган маалда орус-кыргыз алакасынын өнүгүшүнө кеңири шарт түзүлөрүнө ишеним артарын билдирген.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Садыр Жапаров Москвага сөзсүз иш сапары менен барат. Бул тууралуу РИА Новостиге ТИМ башчысы Руслан Казакбаев билдирди.

Ал президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгында жеңүүчү болгон Садыр Жапаровдун сапары Россия тараптан көз каранды экенин жана азырынча расмий сунуштар болбогонун белгилеген.

"Албетте, Москвага барат. Так убактысын аныктай элекпиз, бул россиялык кесиптештерден көз каранды. Азырынча расмий сунуштар боло элек. Добуштар эсептелип жатат, БШК расмий жыйынтык чыгара элек", — деди Казакбаев.

ТИМ жетекчиси Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана союздашы бойдон кала берерин белгилеген.

Буга чейин Россиянын лидери Владимир Путин президенттик шайлоодо Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктап, ал Кыргызстанды башкарып турган маалда орус-кыргыз алакасынын өнүгүшүнө кеңири шарт түзүлөрүнө ишеним артарын билдирген

Ошондой эле Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, өз өлкөсүнө келип кетүүгө чакырган.

379
Белгилер:
иш сапар, Садыр Жапаров, Руслан Казакбаев, ТИМ, Россия, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021 (189)
Тема боюнча
Садыр Жапаров: Россия Кыргызстандын башкы өнөктөшү бойдон калат
Байкоочу: Кыргызстандагы автоматтык добуш санаган системага Россия суктанууда
АКШнын жаңы шайланган президенти Жозеф Байдендин архивдик сүрөтү

Серепчи: АКШ менен РФ ортосундагы өз ара кызматташуу багыты өзгөрүүдө

23
(жаңыланган 17:54 20.01.2021)
Жаңы президенттин администрациясынын жүргүзчү саясаты бир катар мамлекеттердин, анын ичинен АКШнын да өзөктүк каражаттарды толук түрдө көзөмөлдөө боюнча башка макулдашууларды түзүүгө алып келиши мүмкүн.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Жозеф Байдендин администрациясы инаугурациядан кийин СНВ-3 келишиминин узартылышы боюнча маселени карашы мүмкүн. Sputnik радиосунун обосунда бул маселени аскердик саясат таануучу Андрей Кошкин айтып берди.

Мамлекеттик катчылыкка сунушталып жаткан Энтони Блинкен инаугурациядан кийин Стратегиялык жактан чабуул жасаган куралданууну чектөө жана кыскартуунун андан аркы чаралары жаатындагы келишим боюнча иш жүрөрүн билдирген.

Анын айтымына караганда, Ак үйдөгү команда бул келишимдин узартылышы боюнча иштейт.

Мамлекеттик катчыга талапкер администрация муну менен бирге эле ракета менен кол салууга каршы коргонуу системасынын чектелиши боюнча кандай гана чара болбосун макул болбой тургандыктарын айтты.

Sputnik радиосунун обосунда Россиянын Плеханов атындагы Экономика университетинин саясат таануу жана социология кафедрасынын жетекчиси Андрей Кошкин бул боюнча комментарий берди.

"СНВ-3 долбоорун узартуу боюнча демилгеден улам Байдендин администрациясын кубаттоого болот. Кайсы бир жактан алып караганда бул АКШ менен РФ ортосундагы өз ара кызматташуу өңүтүн өзгөртөт. Бул — жарыша куралдануунун артынан түшүп алууну кармап турган механизмди сактап калууга умтулуу. Кыязы, администрациянын АКШда страгегиялык куралданууну кармап туруу боюнча жаңы саясатынын башталышы. Ал эмне болгон күндө да башка макулдашууларды түзүүгө алып келет. Бул бир канча мамлекеттердин, анын ичинен АКШнын да өзөктүк куралдарды толук көзөмөлдөө боюнча башка макулдашууларды түзүүсүн шартташы мүмкүн", — деди Кошкин.

СНВ-3 негизинде ар бир тарап өзөктүк куралдарын жети жылдан кийин алардын саны континент аралык баллистикалык ракеталардын, суу астында жүрүүчү кайыктардын баллистикалык ракеталарынын жана бомбалоочу оор техникалардын санын 700дөн жана башка техникалардын санын да айтылган чектен ашырбаш керектиги каралган.

СНВ-3 — Россия менен АКШнын ортосундагы куралданууну чектеп турган жалгыз келишим. Анын мөөнөтү 2021-жылдын 5-февралында соңуна чыгат, эгер узартылбаса, ири өзөктүк державаларды тизгиндеп турган нерсе калбай калат.

23
Белгилер:
өзөктүк курал, мамлекеттик катчы, Жо Байден, АКШ, Россия
Тема боюнча
Тарыхта биринчи ирет… Байден өз командасына трансгендерди алмай болду
Байдендин инаугурациясынын алдында Капитолий катуу кайтарууга алынды. Видео
Бишкек мэриясы. Архив

Мэриянын Транспорт башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды

42
Акматбаевди жаңы кызматка которуу буйругуна мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгон.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Таалайбек Акматбаев мэриянын алдындагы Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, аталган буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгон.

Акматбаев буга чейин Октябрь районунун акиминин орун басары болуп иштеп жаткан. Ал мыйзамдын 30-беренесине ылайык, жаңы кызматка ротация жолу менен дайындалды.

42
Белгилер:
кызмат, ротация, буйрук, Бишкек мэриясы, Бишкек
Тема боюнча
"Бишкек санитардык полигонуна" жаңы жетекчи дайындалды
Главный судья Нестор Питана в финальном матче чемпионата мира по футболу между сборными Франции и Хорватии.

Кыргызстандан үч калыс ФИФАнын абройлуу тизмесине алынды

0
(жаңыланган 18:41 20.01.2021)
Дүйнөлүк уюмда Кыргызстандан жалпысынан 17 калыс бар. Алардын алтоосу футбол калысы, сегизи жардамчы (каптал калысы) жана үч калыс футзалдан.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын үч калысы Дүйнөлүк футбол федерациясынын (ФИФА) 2021-жылдагы тизмесине киргизилди. Бул тууралуу өлкөнүн футболдук союзунан кабарлашты.

Ата мекендик футбол адистери Медербек Тайчиев, Зайниддин Алимов жана Нурзат Аскат уулу алгачкы ирет аталган тизмеге алынган. Дүйнөлүк уюмда Кыргызстандан жалпысынан 17 калыс бар. Алардан алтоосу футбол калысы, сегизи жардамчы (каптал калысы) жана үч калыс футзалдан.

Белгилей кетсек, Дайырбек Абдылдаев, Нурзат Аскат уулу, Денис Шалаев, Медербек Тайчиев, Зайниддин Алимов жана Вероника Бернацкая ФИФА тизмесиндеги реферилер. Аталган тизме авторитеттүү болуп саналат.

Сергей Грищенко, Исмаил Талипжанов, Замир Чыныбеков, Элдияр Салыбаев, Рамина Цой, Артем Скопинцев, Хусан Джалалдинов, Канат Мырсабеков реферинин жардамчысы болуп саналат.

Ал эми Нурдин Букуев, Чыңгыз Мустафаев жана Элдияр Келдибеков ФИФАнын футзал калыстарынын катарында.

0
Белгилер:
тизме, ФИФА, калыс, футзал, футбол
Тема боюнча
Азия кубогунда алгачкы голду киргизген футболчу "Алай" клубуна алынды
Кыргызстандык Токабаев АФКнын чемпиондор лигасынын финалына комиссар болду. Сүрөт