Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев. Архив

Садыр Жапаров өзбек лидери Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

403
(жаңыланган 22:50 11.01.2021)
Шавкат Мирзиёев Кыргызстанда мамлекетти башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумдун ийгиликтүү өткөнүн кубануу менен кабыл алганын айтты.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев президенттик шайлоодо эң көп добуш алган Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин расмий сайтында айтылды.

Шавкат Мирзиёев Кыргызстанда мамлекетти башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумдун ийгиликтүү өткөнүн кубануу менен кабыл алганын айтты.

“Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамиле стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мааниге ээ. Элибиздин мындан аркы ынтымагы дагы бекемдеп, буга чейинки жетишилген макулдашуулар ишке ашат деп ишенем. Анын ичинен чек ара маселеси оңунан чечилип, айыл чарба, энергетика, соода сыяктуу тармактарда кызматташтыгыбыз артарына үмүттөнөм", — деди өзбек лидери.

Өз кезегинде Садыр Жапаров өзбекстандык кесиптешине коронавирус менен күрөшүүгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 10-январь күнү президенттик шайлоо жана башкаруу формасы тандалган референдум өттү.

403
Белгилер:
кызмат, куттуктоо, Шавкат Мирзиеев, Садыр Жапаров
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021 (195)
Тема боюнча
Токаев Жапаровду жеңиши менен куттуктап, Казакстанга келип кетүүгө чакырды
Путин Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады
Москванын Пушкин атындагы аянтында макулдашылбаган акцияга чыккан адамдарды кармоо

Москвада полиция макулдашылбаган акцияга чыккандарды кармай баштады

202
(жаңыланган 18:47 23.01.2021)
Россия ИИМи жана Башкы прокуратура аталган акциянын уюштуруучуларына жана катышуучуларына буга чейин бир нече ирет эскертүү берген.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Москванын Пушкин атындагы аянтында макулдашылбаган акцияга чыккан адамдар кармала баштады. Бул тууралуу РИА Новостинин кабарчысы жеринен билдирди. 

Полиция үн күчөткүч менен сүйлөп акциянын катышуучуларына социалдык дистанцияны сактоону, бет кап, кол кап тагынууну жана бул макулдашылбаган акция экенин эскерткен. Күч түзүмдөрү плакат көтөрүп чыккан жана жүзүн көрсөтпөй жүргөн адамдарды кармап жатат. Азырынча канча адам кармалганы туурасында так маалымат жок.

Россия ИИМи жана Башкы прокуратура аталган акциянын уюштуруучуларына жана катышуучуларына буга чейин бир нече ирет эскертүү берген. Муну провокация катары баалап, коомдук тартипти бузгандарга дароо чара көрүлөрү айтылган. Аны менен катар Башкы прокуратура мыйзамда тыюу салынган иш-чараларга келүүгө чакырган билдирүүлөрдү социалдык тармактан блоктоп салууну талап кылган.

Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун акцияга белгилүү бир чагымчылдар чакырык таштап жатканын билдирди.

Ошондой эле мектеп окуучулары менен студенттердин акцияга чыгышына бөгөт коюу боюнча ата-энелерге өзгөчө көңүл бурулууда.

Россиянын шаардык бийликтери буга чейин коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаал оор болгондуктан массалык иш-чараларды өткөрүүдөн баш тартып келген.

202
Тема боюнча
Лукашенко Беларустагы митингдердин көпкө созулушуна пандемияны айыптады
Алматыда митингдин катышуучуларын полиция кармап кетүүдө. Видео
Пентагон башчылыгына Ллойд Остиндин бекитилди

АКШ сенаты Пентагон башчылыгына афроамерикалык Ллойд Остинди бекитти

190
(жаңыланган 23:11 22.01.2021)
Жаңы жетекчинин талапкерлигине 93 сенатор макулдугун берген. Жарандык коргоо министри кызмат ордуна пенсияга чыккан, тажрыйбалуу аскер адамдары гана ат салыша алат.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. АКШ сенаты Пентагон башчылыгына Ллойд Остиндин талапкерлигин бекиткенин РИА Новости жазды.

Анын талапкерлигине 93 сенатор "макул" болсо, экөө "каршы" добуш берген.

Жарандык коргонуу министри кызмат ордуна жети жыл мурун пенсияга чыккан, тажрыйбалуу аскер адамдары гана ат салыша алат. Алар конгресстин атайын макулдугун алышы керек.

Остин 2016-жылы отставкага кеткен. Анын талапкерлигин сенаттын профилдик комитети колдоп берген.

Ал 67 жашта, төрт жылдыздуу генерал даражасына ээ. Остин коргоо мекемесин жетектеген биринчи афроамерикалык болмокчу. Германия, АКШ, Ирак мамлекеттеринде аскердик кызматын өтөгөн. Вашингтондун "Ислам мамлекети"* тобу менен күрөшүүсүнө салым кошкон.

2016-жылы пенсияга чыккандан кийин ири куралдарды чыгарган Raytheon компаниясынын директорлор кеңешинде иштеп жаткан.

190
Белгилер:
сенат, жетекчи, талапкер, Пентагон, АКШ
Тема боюнча
Тарыхта биринчи ирет… Байден өз командасына трансгендерди алмай болду
Мектеп окуучулары. Архив

Бишкектин эки мектебинен COVID жугузгандар аныкталды. Мэриянын кайрылуусу

402
(жаңыланган 18:46 24.01.2021)
Учурда балдар менен бир класста окугандардын бардыгы эки аптага аралыктан окууга жиберилди. Ал эми мугалимдер ПЦР-тест тапшырууга жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Бишкектин эки мектебинин окуучуларынан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Иликтей келгенде ал окуучулардын үйүндө вирус жугузуп алгандар болгону такталды. Учурда балдар менен бир класста окугандардын бардыгы эки аптага аралыктан окууга жиберилди. Ал эми мугалимдер ПЦР-тест тапшырууга жөнөтүлдү.

"Урматтуу ата-энелер! Эгер үйдө коронавируска чалдыккандар болсо, тез арада мектепке кабар берип, баланы бардык текшерүүдөн өткөндөн кийин гана окууга жиберүүңөрдү өтүнөбүз. Албетте, сиздерге дагы оңой болуп жаткан жок, бирок силердин жоопкерчилигиңерге башка адамдардын өмүрү жана ден соолугу байланыштуу  экенин унутпагыла”, — деп өтүнүштү мэриядан.

Эске салсак, Бишкекте 18-январдан тарта 1, 5, 9 жана 11-класстардын окуучулары мектепке бара баштаган.

402
Белгилер:
мектеп, окуучу, коронавирус, Бишкек мэриясы
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Баткендин мектептери толугу менен кадимки режимге өттү