Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев

Жапыкеев: пандемияда иштеген аткаминерлердин баары сурак берип, көбү камалат

549
(жаңыланган 15:19 12.01.2021)
Финполдун башчысы июль апааты үчүн мурдагы премьер-министрлер, вице-премьер жана министрлер жооп бере турганын белгиледи.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Пандемия маалында адамдардын массалык түрдө каза болушуна себепкер болгон премьер-министрлер жана вице-премьерлер жооп берет. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев билдирди.

Анын айтымында, июль апаатында миңден ашуун адамдын өлүмүнө жооптууларды аныктоо боюнча тергөө жүрүп жатат. Экс-премьер Кубатбек Боронов дагы ушул иш боюнча бүгүн суракка чакырылган.

"Учурда ар бирин ирети менен териштирип, баарын тактап жатабыз. Июлда көп киши өлдү, ушуга жооп берсин деп жатабыз. Чолпон-Атада бир үй-бүлөдөн эле төрт адам өлдү. Мурдагы өкмөт башчылар Кубатбек Боронов, Мухаммедкалый Абылгазиев, социалдык блокту караган вице-премьерлер, саламаттык сактоо министрлери, баары суракка чакырылат. Керек болсо көбү камалат. Ошол учурда каражат бөлбөй койгон экен, финансы министри да жооп берет", — деди Жапыкеев.

Ошондой эле ал медикаменттер, жеке коргонуу каражаттары, тез жардам кымбат баада алынгандыгы териштирилип жатканын кошумчалады.

549
Белгилер:
камак, аткаминер, Сыймык Жапыкеев, пандемия
Тема боюнча
Экс-премьер Абылгазиевге кылмыш иши козголобу? Башкы прокурордун жообу
Бишкекти каптаган ыш: Финпол ЖЭБ кызматкерлерине карата териштирүү баштады
Депутат ЖК Нурбек Сыдыгалиев на заседании Жорогку Кенеша

Жогорку Кеңешке жаңы вице-спикер шайланды

4
Төраганын орун басары кызматына парламенттин оппозициялык фракцияларынан эки талапкер көрсөтүлүп, жашыруун добуш берилди.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп Нурбек Сыдыгалиев шайланды.

Төраганын орун басары кызматына оппозициялык фракциялардын квотасы менен көрсөтүлөт. "Ата Мекен" фракциясы Нурбек Сыдыгалиевди, "Өнүгүү – Прогресс" фракциясы Уланбек Исмаиловдун талапкерлигин сунуштаган.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Сыдыгалиев 77 депутаттын колдоосуна татып, вице-спикер болуп шайланды. Ал эми атаандашы Исмаилов 38 эл өкүлүнүн добушун алды.

Мурдагы вице-спикер Мирлан Бакиров белгисиз себептерден улам өткөн жылдын 23-декабрында кызматын тапшырып кеткен.

4
Мурдагы Коопсуздук жана укук коомдук фондусунун төрагасы Жаныш Бакиев. Архив

Маалымат булагы: Кыргызстанга Жаныш Бакиевдин аялы учуп келди

66
(жаңыланган 13:09 27.01.2021)
Жаныш Бакиев — 2010-жылы өлкөдөн куулган президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы. Агасы президент болуп турган мезгилде Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеген.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстанга Жаныш Бакиевдин жубайы Орозгүл Токторбаева учуп келди. Бул тууралуу ишенимдүү маалымат булагы Sputnik агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Токторбаева өлкөгө кечээ, 26-январда, башка фамилия менен кирген.  

Жаныш Бакиев — 2010-жылы апрель айында өлкөдөн куулган президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы. Агасы президент болуп турган мезгилде Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеген. Кийин алар Бералустан саясий башпаанек алышкан. Учурда Минск шаарында жашары айтылат.

Ал 2010-жылдын 7-апрелиндеги бир нече адам өмүрүн алган каргашалуу окуяга жана башка оор кылмыштарга күнөөлөнүп, Аскердик сот тарабынан сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. 2016-жылдын июль айында Жогорку сот 7-апрель боюнча акыркы чечимин чыгарган. Анда сот коллегиясы Аскердик соттун өкүмүн күчүндө калтырган болчу.

 

 

66