БИШКЕК, 14-янв. – Sputnik. Бишкек шаарынын “Ала-Тоо” аянтындагы башкы балаты алына баштады. Бул тууралуу мэриядан бидиришти.
Конструкциялар кампага алып барылат.
“Учурда “Бишкек жарык” ишканасынын кызматкерлери иштеп жатат. Балатыдагы оюнчуктар менен башка жасалгалар алынууда. Эң акырында “Тазалык” конструкцияны жыйнап кетет”, — деп айтылат маалыматта.
Эки күн мурда “Бишкек жарык” муниципалдык ишканасы “Ала-Тоо” аянтындагы инсталяцияларды, Ак үй менен Кыргыз улуттук филармониядагы балатыларды демонтаждаган.
Белгилей кетсек, COVID-19 пандемиясына байланыштуу мэрия балатыларды кооздоого эски оюнчуктарды колдонгон.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Жо Байден ант берип АКШнын президенттик кызматына киришти.
"Мен, Жозеф Робинет Байден, салтанаттуу түрдө Америка Кошмо Штаттарынын президенттик кызматын ак ниеттүүлүк менен аткарууга, Конституцияны кайтарууга жана коргоого болгон күчүмдү жумшайм деп ант берем", — деп билдирди.
Эске салсак, 3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өтүп, жыйынтыгында демократ Жо Байден шайлоочулардын 306 добушун алып жеңишке жеткен. Ал эми анын атаандашы АКШнын учурдагы башчысы Дональд Трамп 232 добуш алган. 7-январда добуш берүүнүн жыйынтыгы толугу менен расмий бекитилген.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден Кыргызстан кошулган бир катар өлкөлөрдүн жарандарына Кошмо Штаттарга кирүүгө тыюу салууларды жокко чыгарганы жатат. Бул тууралуу анын командасына шилтеме берип РИА Новости маалымдады.
Чектөөлөрдү мурда Дональд Трамптын администрациясы киргизген.
"Байден ал чечимди жокко чыгарып, негизинен мусулмандардан турган жана Африка өлкөлөрүнүн жарандарына АКШга кирүүгө уруксат берет. Ошондой эле Мамлекеттик департаментке аталган өлкөлөрдүн жарандарына виза берүү маселесин жаңылоону тапшырат”, — деп айтылат билдирүүдө.Ошондой эле Байден иммигранттарды АКШдан чыгарылбай, убактылуу жашоого мүмкүндүк берген DACA программасын бекемдөөнү карап жатканы кошумчаланды. Аталган программа ушул тапта депортациядан 700 миң кишини сактап турганы кошумчаланды.
Учурда Мьянма, Иран, Кыргызстан, Ливия, Судан сыяктуу 13 мамлекеттин жарандарына АКШга кирүүгө чектөөлөр коюлган.
Жо Байдендин инаугурациясы 20-январь күнү Вашингтон шаарында өтөт.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Турак жайы бар кыргызстандыктар деле жеңилдетилген ипотека ала алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Элмира Абжапарова Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингде билдирди.
Жетекчи МИКтин туунду ишканасы болгон "Ак-Босого" турак жай-сактоо компаниясы тууралуу маалымат берди. Анын алкагында жарандар турак жай алуу же үйдү оңдоп-түзөө үчүн каражат ала алышат.
"МИКке турак жайы таптакыр жок, Кыргызстандын аймагында жашап, иштеген жарандар гана кайрыла алат" деген нерсе көпчүлүк жаранды чектеп коюуда. Туунду ишканада мындай чектөөлөр жок. Бир нече үйү бар адам деле акча чогултуп, жеңилдетилген насыя алса болот", — деди Абжапарова.
Анын айтымында, туунду компаниянын шарттары төмөнкүдөй:
"Мисалы, сиздин балаңыз бар дейли. Ага кийин үй алам деген пландарыңыз болсо, аталган туунду компанияга келиңиз. Ал жерден келишим түзүп, ай сайын жылдык үч пайыз менен депозиттик эсебиңизге акча сала бересиз. Зарыл болгон сумманын жарымын чогулткандан кийин сизге узак мөөнөткө жеңилдетилген насыя берилет. Эгер үч жыл топтосоңуз, анда насыяны алты жылга аласыз. Эгер беш жыл акча чогултсаңыз, анда насыяны 10 жылга аласыз. Насыя алтыдан тогуз пайызга чейинки ченем менен берилет", — деди ал.Абжапарова азырынча жарандардын депозити кабыл алынып, насыялоо үч жылдан кийин баштала турганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, бул структура жеке менчик компаниялардан мамлекеттики болгону менен айырмаланат. Анткени ал Улуттук банктын көзөмөлүндө болуп, ал эми депозиттер агенттик тарабынан корголот.
Аталган компания былтыр катталып, бирок лицензияны жакында эле алган. Эми келишим түзүп, депозиттерди кабыл ала баштады. Азырынча бул кызмат Бишкек шаарынын тургундары үчүн жеткиликтүү экени айтылды.