Казакбаев афган элчиси менен Памирдеги кыргыздардын абалын талкуулады

© Фото / пресс-служба МИД КРТышкы иштер министри Руслан Казакбаев Афганистандын Кыргызстандагы элчиси Бисмеллах Вазирини кабыл алып, бир катар маселелерди талкуулады
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Афганистандын Кыргызстандагы элчиси Бисмеллах Вазирини кабыл алып, бир катар маселелерди талкуулады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр Афганистан президенти Ашраф Ганинин Кыргызстанга расмий сапарын уюштурууну сунуштап, анын жыйынтыгы кыргыз-афган кызматташтыгын бардык багыттар боюнча илгерилетүүгө шарт түзөрүн белгиледи.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Афганистандын Кыргызстандагы элчиси Бисмеллах Вазирини кабыл алып, бир катар маселелерди талкуулады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
Премьер-министр Кыргызской Республики Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан
ТИМ башчысы: Жапаров Москвага сөзсүз иш сапары менен барат
Министр Казакбаев Улуу жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздардын абалын жакшыртууга багытталган чараларды афган тарабы менен биргеликте кабыл алуунун зарылдыгын белгиледи. Афганистанда этникалык кыргыздар топтолуп жашаган жерлерде инфратүзүмдүк жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу, мектептерди, ооруканаларды жана жолдорду куруу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурушту.
"Казакбаев акыркы саясий окуялардын жүрүшүндө Кыргызстанга көрсөтүлгөн колдоо үчүн афган тарабына ыраазычылык билдирүү менен акыркы он жылдыктарда Афганистандын өкмөтү жетишкен демократиялык өзгөрүүлөрдү, эң оболу Афганистан Ислам Республикасынын тынчтыкка тез жетүү ниетин ар дайым колдой тургандыгын белгиледи. Учурдан пайдаланып жаңы шайланган президенттин инаугурация аземине чакырды", — деп айтылат маалыматта.
Памирлик кыгыздарга Алай районунун Талды-Суу айылында курулган үйлөр - Sputnik Кыргызстан
Алайда жаңы үйгө кирген памирликтер үшүп отурабы? Кандаштардын кышка камы
Мындан тышкары, министр Афганистан президенти Ашраф Ганинин Кыргызстанга расмий сапарын уюштурууну сунуштап, сапардын жыйынтыгы кыргыз-афган кызматташтыгын бардык багыттар боюнча илгерилетүүгө шарт түзөрүн белгиледи.
Элчи Бисмеллах Вазири өз кезегинде өкүлчүлүк кыргыз-афган мамилесинин деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзүүчү иш-чараларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын билдирди.
Жолугушуунун аягында министр элчиге ийгиликтерди каалап, өз ара пайдалуу кызматташтыктын уланышына үмүт артты.
Жаңылыктар түрмөгү
0