БШКнын имараты. Архив

БШКнын эки мүчөсү президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныган жок. Жүйөлөрү

248
(жаңыланган 12:14 21.01.2021)
Кечээ күнү БШК Садыр Жапаровдун президенттик шайлоодо жеңгендиги тууралуу токтом кабыл алган. Комиссиянын 10 мүчөсү колдосо, экөө каршы чыккан.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Боршайкомдун мүчөлөрү Гүлнара Журабаева менен Адилет Сатыгулов мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын таанышкан жок. Алардын айтымында, айрым жерлерде Конституция менен мыйзамдар эске алынбай калган.

БШКнын эки мүчөсүнүн өзгөчө пикирин кечээки жыйында Журабаева түшүндүрүп берди.

"Болуп өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыктарын чыгарууга мүмкүн болгону менен шайлоону уюштурууда жана өткөрүүдө катталган эреже бузуулар шайлоо жыйынтыгынын легитимдүүлүгүнө таасир эткенин эске алуу керек", — деди ал.

Журабаева менен Сатыгуловдун пикиринде, шайлоодо төмөнкүдөй эреже бузуулар болгон:

  • Садыр Жапаров өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу катары президенттик шайлоого катышпашы керек болчу. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы аны каттоодон баш тартышы керек эле;
  • Жапаровдун шайлоо фондуна которулган каражаты тийиштүү деңгээлде ачык болгон жок. Алардын айтымында, финансылык операциялардын бир бөлүгү банк эсеби аркылуу жүргүзүлгөн эмес. Бул мыйзам бузууга жатат;
  • Үгүт кампаниялары учурунда талапкерлердин баарына бирдей шарт түзүлгөн жок. Себеби финансылык айырма чоң болду жана административдик ресурс колдонулду;
  • КТРКдагы дебаттар профессионалдуу болгон жок жана анын уюштуруучулары айрым талапкерлерге өз оюн таңуулаганы эреже бузуу болуп саналат. Себеби бул нерсе шайлоочулардын оюн өзгөртүп коюшу мүмкүн эле.

Кечээ күнү БШК Садыр Жапаров президенттик шайлоодо жеңгендиги боюнча токтом кабыл алган. Ага комиссиянын 10 мүчөсү макул болсо, экөө каршы оюн айтышкан.

248
Белгилер:
БШК, Садыр Жапаров, токтом, президенттик шайлоо
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021 (195)
Тема боюнча
Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда өтөт

Аябай бактылуу болуп турам! Акаевдин сурактан чыккандан кийинки маеги видеодо

85
Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев Бишкекке 16 жылдан кийин кайтып келип, УКМКга сурак берди. Ал Кумтөр кенине байланышкан кылмыш иши боюнча тергөөнүн алкагында чакырылган.

Мурдагы мамлекет башчы УКМК имаратынын ичинде суракта бир нече саат отуруп чыкты. Ал чыгып бара жатып журналисттердин суроолоруна да жооп берди.

Акаев билген маалыматтарын бөлүшүүгө жана мекенине келүүгө уруксат бергени үчүн Кыргызстандын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле тергөө иштери менен өлкөдө бир жума жүрүп кайра Москвага кетерин айтты. Ал эртең дагы сурак берүү үчүн УКМКга келет.

Акаев бүгүн мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаров менен жолукканын белгилеп, ага ыраазычылык айтты.

"Мен бүгүн өзүмдү абдан бактылуу сезип турам. Себеби 16 жылдан бери биринчи ирет Ата журтка, элибизге келип отурам. Кумтөр боюнча билгенимдин баарын айтып берип, өлкөгө жардам берем. УКМК төрагасына ыраазычылык билдирем, мени жакшы тосуп алып, көңүл буруу менен мамиле кылышты. Болгон чындыкты чын жүрөктөн айтуу үчүн келдим ", — деди мурдагы президент.

Буга чейин УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупция фактысы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында Аскар Акаевге издөө жарыяланганын билдирген.

Ушул эле иш боюнча бир катар аткаминер, депутаттар кармалды. Анын арасында экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов (кийин дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берилди) да бар.

85
Белгилер:
Аскар Акаев, кылмыш, Кумтөр, сурак, келүү
Тема боюнча
Аскар Акаев Кыргызстанга канча убакытка келгенин айтты
Аскар Акаев: Садыр Жапаров менен жолуктум, ага ыраазымын!
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов

Сарыбашов ишке киришери менен Бишкек мэриясында иштеген уулун жумуштан алды

117
(жаңыланган 21:55 02.08.2021)
Нурсултан Насирбеков мэриянын борбордук аппаратынын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн адиси болуп иштеп жаткан.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов менен муниципалитетте иштеген уулун кызматтан алды. Бул туурасында калаа башчынын маалымат катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Анын уулу Нурсултан Насирбеков мэриянын борбордук аппаратынын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн адиси болуп иштеп жаткан. Маалымат катчы Нурсултан Насирбековдун буга чейин конкурстан өтүп кызматка алынганын белгиледи.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кызматын которуп, бүгүн Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

117
Белгилер:
Таалайбек Сарыбашов, кызмат, мэрия, уул, бошотуу
Тема боюнча
Өкмөт Алмаз Мамбетовду Ош шаарынын мэринин милдетин аткарууга жөнөттү
Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болду
ӨКМ кызматкери өрт өчүрүү учурунда. Архив

Кеминде май куюучу жай өрттөнүп жатабы? Видео

0
(жаңыланган 00:46 03.08.2021)
Өрт боюнча азырынча ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болбой жатат. Видео социалдык тармакка жүктөлдү.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Кемин районунда ири өрт чыкты.

Видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Күбөлөрдүн айтымында, күйүүчү май куюучу жай өрттөнүп жатат.

ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Бирок Чүй облусунун башкармалыгынын нөөмөт бөлүмү тастыктап, эки өрт өчүрүүчү бригада чыгып кеткенин билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, май куйган бекеттин жанында кичи автобус күйүп жатканы тууралуу чакыруу түшкөн.

Кененирээк маалымат кийинчерээк берилерин айтышты.

0
Белгилер:
Кемин, өрт, Күйүүчү май, май куюучу бекет, ӨКМ
Тема боюнча
Беловодское айылында кичи базардан өрт чыкты. Элди чуу түшүргөн видео