Кыргызстандын өкмөтү отставкага кетти

Жазылуу
Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматын тапшыргандыгына байланыштуу Кыргызстандын өкмөтү отставкага кетти.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргызстандын өкмөтү кечээ, 20-январь күнү, отставкага кетти. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов журналисттерге билдирди.
“Садыр Жапаров өкмөт башчылыктан кетүү чечимин кечээ кабыл алды. Мындан улам өкмөт толугу менен отставкага кетти. Анткен менен министрлер кабинетинин жаңы курамы дайындалганга чейин алар өз милдеттерин аткарууну уланта беришет”, — деди Касмамбетов.
Эске салсак, 5-6-октябрдагы окуялардан кийин Кыргызстанда жаңы өкмөт дайындалып, аны Садыр Жапаров жетектеп калган. Бирок ал президенттик шайлоого аттанган соң, кызматын убактылуу токтотуп, өкмөт башчынын милдетин аткаруучу катары биринчи вице-премьер Артём Новиков иштеп жаткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0