УКМК: Абылгазиев Кумтөр боюнча эл кызыкчылыгына каршы келген токтомго кол койгон

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевЭкс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив
Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы өкмөт башчы кол койгон документке ылайык, Кумтөр алтын кенинин аянты эки эсеге көбөйүп, 26,3 миң гектарга жетип калганы айтылды.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт башында турган кезде мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы "Кумтөр Голд Компани" ишканасына геологиялык чалгындоо жүргүзүп, алтын казуу үчүн кошумча жер берүү боюнча документке кол койгон деп айыпталууда. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Эске салсак, кэчээ, 26-январь күнү, Абылгазиев УКМКга суракка чакырылып, андан соң кармалганы айтылган.
"Абылгазиев премьер-министр болуп турган кезде мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгына каршы келген токтомго кол койгон. Жыйынтыгында Кумтөр алтын кенинин аянты эки эсеге көбөйүп, 26,3 миң гектарга жетип калган. Ал аянтка мөңгүлөр менен корук жерлер дагы кирет", — деп айтылат билдирүүдө.
Ага чейин уникалдуу жаратылыш комплекстерин, Кызыл китепке кирген жаныбарлар дүйнөсүн сактап калуу үчүн аталган кендин аянтын кеңейтпөө боюнча өкмөттүн токтому бар болчу.
Маалыматта аталган жерлерди иштетүү экологияга орду толгус зыян келтирип, Ысык-Көлдүн биосферасына чоң залакасын тийгизери айтылды. Ошондой эле өлкөнүн гидроэнергетикалык системасын да бузары кошумчаланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0