БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. УКМК мыйзамсыз баюу жана коррупцияга шектелип кармалган мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин турак жайларын жарыялады.
Ал мамлекеттик кызматта иштеп турган чагында активдери кескин көбөйүп, расмий түрдө тапкан кирешесинен бир нече эсеге көп чыкканы айтылат.
"Кирешесин адалдаштарыуу максатында Бишкек шаарынан жана Чүй, Ысык-Көл облустарынан кымбат баалуу кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү сатып алган. Ошондой эле элиталык көп кабаттуу үйлөрдү куруу тармагына акчасын салган. Кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн аталган активдерин ортомчу адамдарга каттаган", — деп айтылат маалыматта.
Абылгазиев кечээ, 26-январда, УКМКга сурак бергенден кийин кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө жүрүп жатат.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын жетекчиси, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районуна барып жер берүүгө каршы чыккан эл менен жолугушууда.
Аталган райондун Савай айыл өкмөтүнүн тургундары Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасынан 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине макул болбой бир нече күндөн бер нааразычылык акциясын өткөрүп келген. Жергиликтүүлөр ал тилке суунун башы экенин, жайыт катары колдонуларын айтып, боз үйлөрдү тигип отуруп алышкан.Учурда Ташиев менен айылдын миңге чукул жашоочусу жолугуп, талаптарын айтышууда.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Шайлоо жарышынан четтетилген Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы (КЭДП) Бишкектин аймактык комиссиясынын чечимине нааразычылыгын билдирип, "мыйзам бузуулар боюнча айтылган далилге ынанбаганын жар салды. Бул тууралуу билдирүү партиянын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Эске салсак, Бишкектин аймактык комиссиясы шайлоо күнү добуш сатып алуу, үгүт иштерининин жол-жобосун бузуу, партиянын каржылоосу жана башка нерселер себеп болушу мүмкүн экенин айтып, КЭДПны шайлоо жарышынан четтетүү чечимин кабыл алган.
"Бизге мыйзам бузуулар боюнча күмөн санаткан далилдерди көрсөтүштү. Бирок бир дагы жолу добуш сатып алуу болгонун жарытылуу далилдеп бере алышкан жок. Өздөрү ойлоп тапкан эки мисалды бетке кармашты. Ал нерселер тастыкталып, эки шайлоо тилкесинде жыйынтык жокко чыгарылды деген күндө дагы добуш берүүнүн жалпы жыйынтыгына анчалык таасир бермек эмес", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле партия мыйзамсыздыкка каршы туруп өз таламын талашарын кошумчалады.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. WhatsApp мессенжери жаңыланган колдонуу келишимин кабыл албаган аккаунттарга 15-майдан тарта чектөө киргизет. Бул тууралуу платформанын сайтында айтылат.
Компания колдонуучунун жаңылануулар боюнча кенен маалымат алуусу үчүн 15-майга чейин убакыт берди. Мессенжер кардарлардын профилин дароо өчүрүп салбайт. Деген менен алар жаңы эрежени кабыл алмайынча башкалардан келген коңгуроолор менен билдирүүлөргө жооп бере албайт.
Россиянын "Башкы радиожыштык борбору" Федералдык мамлекеттик унитардык ишканасынын илимий-техникалык борборунун адистери WhatsApp тиркемесин колдонуу келишиминдеги жаңыланган саясатында АКШнын чалгындоо кызматы тиркеме колдонуучуларын аңдып, алардын пикирин бурмалоо коркунучу пайда болушу мүмкүн деген тыянакка келишкен.Январь айынын башында WhatsApp колдонуу шарттарын өзгөрттү. Ага ылайык, эми колдонуучулар Facebook жарнама тутумуна жана анын тиркемелерине өзүлөрүнүн адаттары жана табити боюнча маалыматтарын тапшыруусу керек. Кийинчерээк айтылган сындарга байланыштуу мессенжер колдонуу келишиминин мөөнөтүн 8-февралдан 15-майга чейин узартып койду.