Жапаровдун инаугурациясына миңден ашык конок чакырылды. Баары ПЧР-тест тапшырган

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Инаугурация  өлкөнүн Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана республикалык телеканалдар аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Эртең, 28-январда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаровдун ант берип, расмий түрдө кызматка киришүү иш-чарасы өтөт.
Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Аземге катардагы жарандардан, коомдук ишмерлерден, чыгармачыл жана интеллигенциянын өкүлдөрүнөн, жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган миңден ашуун мейман чакырылган.
"Иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык уюштурулууда. Чакырылгандардын баары коронавирус инфекциясына ПЧР-анализ тапшырышкан", - деп айтышты маалымат кызматтан.
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровдун инаугурациясына чакырылды
Инаугурация  өлкөнүн Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана республикалык телеканалдар аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт. Мындан сырткары, Бишкек шаарынын борбордук “Ала-Тоо”  аянтында шаардыктар үчүн иш-чара түз эфирде көрсөтүлөт. Азем саат 10.45те түз эфирде көрсөтүлүп баштайт.
Садыр Жапаров 10-январда өткөн президенттик шайлоодо көпчүлүк шайлоочулардын колдоосуна ээ болуп алдыга чыккан. Борбордук шайлоо комиссиясы 20-январда шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, Жапаров 79,2 пайыз добуш менен жеңип чыкканын жарыялады.
Жаңылыктар түрмөгү
0