Генералдык штаб кайрадан Коргоо министрлигине айланышы ыктымал

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук гвардиянын маршы. Архив
Улуттук гвардиянын маршы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда КМШ мамлекеттеринин ичинен Кыргызстанда эле аскердик тармактын башкы командалык органы Генералдык штаб экени белгиленди. Куралдуу күчтөр бул мекемеге 2014-жылы бириккен.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабын кайрадан Коргоо министрлиги деп өзгөртүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу маалыматты Генштабдын маалымат кызматы тастыктады.
Мекеменин Facebook баракчасында "Жарандар министрликти түзүүгө кандай карайт?" деген сурамжылоо жүргүзүлгөн. Анда элдин көбү бул идеяны колдогон.
"Өлкөгө жаңы жетекчинин келиши менен эски системага кайтуу планы бар. Тагыраагы, мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн", — деп белгилеген Генералдык штаб.
Курал кармаган аскерлер, тизилген техника. Кыргыз армиясынын даярдыгы видеодо - Sputnik Кыргызстан
Курал кармаган аскерлер, тизилген техника. Кыргыз армиясынын даярдыгы видеодо
Учурда КМШ мамлекеттеринин ичинен Кыргызстанда эле аскердик тармактын башкы командалык органы Генералдык штаб экени белгиленди. Коргоо министрлигине кайтуу менен өлкөнүн аскердик доктринасы өзгөрөт.
Эске салсак, Куралдуу күчтөр Генералдык штабга 2014-жылы бириккен.
2018-жылы Жогорку Кеңеште Коргоо министрлигин кайтаруу маселеси көтөрүлгөн. Анда депутат Алмамбет Шыкмаматов Генштабдын генералдары чет мамлекеттерде таанылбай жатканын, анткени мындай орган сыртта анча маанилүү мекеме эместигин белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0