Чепкен жапмай, аластоо жана ыңгайсыз жагдайлар... Эл эсинде калган инаугурациялар

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКыргыз Республикасынын Улуттук гвардиянын аскери мамлекеттик желекти көтөрүп жатат. Архив
Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиянын аскери мамлекеттик желекти көтөрүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көз карандысыз мамлекетибиздин тарыхы өлкө башчылыгына шайлангандар ант берип, президенттик кызматына киришүү аземинин сегизине күбө. Ар бири өзүнчө эсте калды.
28-январга Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаровдун инаугурациясы белгиленген. Салтанат Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын чоң залында өтмөкчү.
Аны утурлай Sputnik Кыргызстан жаңы эгемендикке ээ болгон жылдардан бери президенттердин кызматына киришүү салтанаттарын бир сыйра эстеп көрүүнү чечти.

"Өндүрүштү үзгүлтүккө учуратпай". 1990-жылдардагы катаал салтанат

Көз карандысыздыктын алгачкы жылдары "инаугурация" түшүнүгү пайдаланыла элек болчу. Аскар Акаев ант берген Жогорку Советтин сегизинчи сессиясы бир мүнөттүк аза күтүү менен башталган. Депутаттар жол кырсыгында набыт болгон премьер-министр Насирдин Исановду эскеришкен.
Күн тартибин талкуулаган соң парламентарийлер президенттик анттын текстин кабыл алышкан. Депутат-жазуучулардын сунушу менен ал эмоциялуу, шаан-шөкөттүү түс алган.
Салтанаттын өзү добулбас урулуп, аскердик оркестрдин "Баарыңар кулак салгыла!" деген сигналды аткаруусу менен башталган. Акаев анттын текстин окуп, андан соң Мамлекеттик гимн жаңырган. Эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков чоң жана оңой эмес милдетти аркалай турган тун президентке батасын берген. Мамлекет башчысына калпак жана кочкул көк түстөгү чепкен жабышкан.
© Sputnik / Юрий Абрамочкин / Медиабанкка өтүүАскар Акаев ант берген Жогорку Советтин сегизинчи сессиясы бир мүнөттүк аза күтүү менен башталган. Депутаттар жол кырсыгында набыт болгон премьер-министр Насирдин Исановду эскеришкен
Президент Кыргызстана Аскар Акаев - Sputnik Кыргызстан
Аскар Акаев ант берген Жогорку Советтин сегизинчи сессиясы бир мүнөттүк аза күтүү менен башталган. Депутаттар жол кырсыгында набыт болгон премьер-министр Насирдин Исановду эскеришкен
Акаев өз сөзүндө шаан-шөкөт жана майрамдардын маалы эместигин белгилеп, программасы менен тааныштырууга өткөн. Аземден соң жарым сааттык тыныгуу жарыяланып, андан ары депутаттар ишине киришмек. Бирок алар жыйынды ошону менен бүтүрүп, зарыл маселелерди бир күндөн кийин талкуулоону сунушташкан.
Төрт жылдан кийин Акаев кайрадан ант берген, салтанаттын форматы мурдагыдай эле болгон. Тек гана "инаугурация" түшүнүгү расмий колдонууга кирип, президентке күбөлүк тапшырыла баштаган.

Айтматовдун белеги. 2000-жылдардын башындагы инаугурациянын өзгөчөлүгү

2000-жылкы президенттик шайлоодо Акаев жеңип чыгып, инаугурация үчүнчү ирет декабрга туш келген, болгону орду алмашылып, ал жолкусунда иш-чара филармонияда өткөрүлгөн.
Аземге Улуттук гвардиянын бөлүгү катышкан. Журналисттер бул саамалык 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясындагы эрдиги үчүн республиканын Куралдуу күчтөрүнө урмат көрсөтүү ниетинде киргизилгенин жазып чыгышкан. Гвардиячылар президент менен аталган имараттын кире беришиндеги Манас эстелигинин алдында учурашкан.
Инаугурацияга катышкан ардактуу меймандардын бири — эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов болгон. Ал Акаевге "Манас" эпосунун жаңы чыгарылышын берип, насаат сөзүн эки тилде айткан.
© Sputnik / Дмитрий Донской / Медиабанкка өтүү2000-жылкы президенттик шайлоодо Акаев жеңип чыгып, инаугурация үчүнчү ирет декабрга туш келген, болгону орду алмашылып, ал жолкусунда иш-чара филармонияда өткөрүлгөн
Подписание четырехстороннего договора между Россией, Белоруссией, Казахстаном и Кыргызстаном - Sputnik Кыргызстан
2000-жылкы президенттик шайлоодо Акаев жеңип чыгып, инаугурация үчүнчү ирет декабрга туш келген, болгону орду алмашылып, ал жолкусунда иш-чара филармонияда өткөрүлгөн
Бул Акаевге берилген жалгыз белек эмес эле. Маалымат каражаттары өлкөдөгү ошол убактагы Венгрия элчиси Шандор Шимич президентке венгер фарфорун тартуу кылганын маалымдашкан.
Баш калаа басылмаларынын бири меймандар арасында башка өлкөлөрдүн дипломаттары, саясатчылары жана аткаминерлери гана эмес, учкуч-космонавт Салижан Шарипов, ошондой эле Москвадагы Валентин Юдашкин мода үйүнүн менеджери да болгонун жазган.
Президент Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
61 жаш. Кыргызстандын президенттери кантип кеткен?
Белгилүү кутюрьенин жубайы инаугурацияга өлкөнүн биринчи айымын жасантуу үчүн келгени айтылат маалымат каражаттарында. Журналисттердин айтымында, Майрам Акаеванын ошол салтанатка кийип келген кара костюм, кызгылт көйнөгүн Юдашкин тиккен. Ошондой эле жергиликтүү басма сөздөгү маалыматтарга караганда, коноктордун катарында Санкт-Петербургдагы так механика жана оптика университетинин профессору Геннадий Дульнев да болгон. Кезегинде ал киши диссертация жактаган Акаевдин илимий жетекчиси болгон дешет.

Арча менен аластап, мотоциклчендер коштоп... Бакиевдин "тактыга отурушу"

Курманбек Бакиевдин алгачкы инаугурациясы 2005-жылдын августунда болгон. Бул айга туш келиши аземди "Ала-Тоо" аянтында өткөрүүгө мүмкүндүк берген. Калаанын чордонуна килем төшөлүп, мартабалуу меймандар отура турган жердин үстү чатырланган. Аянтты Мамлекеттик туунун түсүндөгү гүлдөр менен кооздоону чечишкен.
"Президенттин кызматка кирүү жол-жобосун болушунча элдик кылгыбыз келет", — деп түшүндүргөн журналисттерге ошол убактагы вице-премьердин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров. Ар кыл маалыматтар боюнча, салтанатка 18-21 миллион сомдун тегерегинде каражат сарпталган.
Инаугурациянын алдында Кыргызстанга АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс келери тууралуу кептер жүргөнү менен америкалык саясатчыны азем меймандарынын арасынан көрө албадык. Ал гана эмес, маалымат каражаттары болжоп жазып жаткан айрым эстрада жылдыздары да келген эмес.
Президенттердин арасынан инаугурацияга Казакстандын ошол учурдагы лидери Нурсултан Назарбаев катышып, башка өлкөлөр өздөрүнүн жогорку кызматтагы өкүлдөрүн жана саясатчыларын жөнөткөн. Салтанатка өз көзү менен күбө болуу үчүн аянтка алты миңдей киши чогулган.
© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOПрезиденттердин арасынан инаугурацияга Казакстандын ошол учурдагы лидери Нурсултан Назарбаев катышып, башка өлкөлөр өздөрүнүн жогорку кызматтагы өкүлдөрүн жана саясатчыларын жөнөткөн
Церемония инаугурации Курманбека Бакиева - Sputnik Кыргызстан
Президенттердин арасынан инаугурацияга Казакстандын ошол учурдагы лидери Нурсултан Назарбаев катышып, башка өлкөлөр өздөрүнүн жогорку кызматтагы өкүлдөрүн жана саясатчыларын жөнөткөн
Курманбек Бакиев инаугурацияга мотоциклчендердин коштоосунда келген. Жаңы президент аласталган, бирок бул жөрөлгө кийинки салтанаттарда пайдаланылган эмес.
Бакиев каз катар тизилген гвардиячылардын ортосунан өтүп сахнага чыгып, элге ант берген. Президенттик штандарт, күбөлүк жана төш белгисин ага Борбордук шайлоо комиссиясынын ошол туштагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов тапшырган.
Бакиев инаугурациядагы сөзүндө "авторитаризмге тайманбастык менен каршы тургандарды" куттуктап, 2005-жылдагы окуяны "чоң тарыхый жеңиш" деп атаган. Салтанатта Мамлекеттик гимн жаңырып, залп атылган. Андан кийин аянтта концерт башталган.
© Sputnik / Султан Досалиев / Медиабанкка өтүүБакиевдин андан төрт жылдан кийинки экинчи инаугурациясы да августка туш келгени менен мурдагыдай шаан-шөкөттүү өткөн эмес
Курманбек Бакиев вступил в должность президента Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Бакиевдин андан төрт жылдан кийинки экинчи инаугурациясы да августка туш келгени менен мурдагыдай шаан-шөкөттүү өткөн эмес
Бакиевдин андан төрт жылдан кийинки экинчи инаугурациясы да августка туш келгени менен мурдагыдай шаан-шөкөттүү өткөн эмес.
Салтанат өкмөт үйүндө өтүп, 650 конок чакырылган. Негизинен жергиликтүү аткаминерлер, мамлекеттик кызматкерлер, дипломатиялык корпус жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан. Маалымат каражаттары жазгандай, кайрадан эле президенттер арасынан жалгыз Нурсултан Назарбаев келген. Азем 45 мүнөттөй созулганы айтылат.

Филармонияга "кайтуу". Отунбаеванын инаугурациясы кандай өткөн?

Борбор Азия чөлкөмүнүн тарыхындагы тун айым башчы Роза Отунбаева өткөөл убактагы президенттик кызматка 2010-жылдын жайында киришкен. Иш-чараны Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев ачып, референдумдун толук жыйынтыгын жарыялаган. Добуш берүүнүн натыйжасында кыргызстандыктар Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алып, Отунбаевага өлкөнү башкарууга ыйгарым укук беришкен.
Инаугурациядагы сөзүндө Отунбаева мыйзамдуулукту бекем сактоого негизделген "жаңы саясий маданиятты" түптөөгө күчүн аябай турганын убада кылган.

Саакашвили менен Гүл мейманда болгон. Атамбаевдин кызматка киришкени

2011-жылдын декабрында Алмазбек Атамбаев өлкө башчысы катары элге ант берген. Азем мурдагыдай эле Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн. Ошондо республиканын тарыхында биринчи ирет өлкө жарандары президенттердин мурдагысын да, жаңы шайланганын да сахнада чогуу көрө алышкан.
Меймандардын арасында Түркиянын ал кездеги лидери Абдуллах Гүл жана Грузиянын президенти Михаил Саакашвили да болгон. Тек гана ошол залда Нурсултан Назарбаев көрүнгөн эмес, анын ордуна Казакстандын атынан премьер-министр Карим Масимов келген.
Атамбаевдин инаугурациясы чет өлкөлөрдөн жогорку кызмат өкүлдөрүнүн көп келиши менен айырмаланган. Айрым эсептер боюнча, салтанатка миңдеген үлкөн аткаминер, саясатчы, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер катышкан.
Садыр Жапаровдун инаугурациясы Ала-Тоо аянтында орнотулуп жаткан чоң экрандан көрсөтүлөт - Sputnik Кыргызстан
Президенттин инаугурациясы "Ала-Тоо" аянтындагы экрандан көрсөтүлөт
Бийлик белгилерин (символдорун) Атамбаевге Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов тапшырган. Эске салсак, ал киши мындай вазийпаны ошол аземде экинчи ирет аткарган. Бакиев бийликке жаңыдан келгенде Абдраимов ушул кызматты жетектеп турган.
Баарынан кызыгы, инаугурацияга туура бир апта калганда президенттик анттын тексти кызуу талкууга алынган. Парламентарийлер анттын текстин толуктоо тууралуу талашып-тартышкан. Андай талаш пикирлердин бирине ылайык, жаңы шайланган мамлекет башчысы элге гана эмес, Кудай алдында да (1991-жылы Акаев сымал) ант берүүгө тийиш эле. Коомдогу кызуу талкуулардан соң тексттин жаңы вариантын акыры бекитишкен.
Ант бергенден кийин жаңы президент узун сөз сүйлөп: "Тизелеп өткөнчө тик туруп өлгөн жакшы. Биз эч качан кул болбойбуз. Жашасын, көз карандысыз, эгемен Кыргызстан!" – деп бүтүргөн.
Маалымат каражаттарындагы кабарларга караганда, Атамбаевдин инаугурациясына 10 миллион сомдун тегерегинде каражат кеткен.

Президенттер кучакташып... Жээнбековдун инаугурациясы эмнеси менен эсте калган?

Тарыхта алгач жолу мындай салтанат "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын боз үй формасындагы "Энесай" залында өткөн. Ага маданият ишмерлери, бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрү, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбековдун жубайлары жана кыздары, башка жакындары, баш-аягы 450 киши чакырылган. Бөлөк мамлекеттердин лидерлери келген эмес, алардын атынан элчилер катышкан.
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровдун инаугурациясына чакырылды
Гвардиячылар залга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун жана Конституциясын, андан соң президенттик белгилерди салтанаттуу түрдө алып кирген. Андан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Шайлдабекова шайлоонун жыйынтыгын дагы бир жолу жарыялап, залга Жээнбеков жана Атамбаев чакырылган. Алар кучакташып көрүшүп, мамлекеттин жаңы шайланган башчысы Баш мыйзамга колун коюп, элге ант берген. Андан ары сценарийге ылайык, Жээнбеков тууну өбүүгө тийиш эле, бирок ыңгайсыз жагдай болуп, туунун кездемеси анын жүзүн жаап калган. Экинчи жолку аракетинде гана тууну өбө алган. Ошондон соң өлкөнүн жаңы лидерине президенттик күбөлүк, төш белги жана штандарт тапшырылган.
Атамбаев жана Жээнбеков ынак мамиледе экени байкалган. Күбөлүк алган соң жаңы президент мамлекеттин мурдагы башчысынын колун кысат, ал эми Атамбаев анын эки бетинен өпкөн.
Жээнбеков бийликтин бардык бутактарына катуу талап коерун убадалаган. Жемкорлукка каршы күрөшкө артыкчылык берилерин белгилеп, "кол тийгис" эч ким болбой турганына ынандырган. Жаңы мамлекет башчысы дароо ошондо эле өзүнүн биринчи жарлыгы менен Атамбаевге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын ыйгарарын жар салган.
Айтмакчы, ошол аземде эски президент жаңысына мамлекетти табыштап жатып: "Жараткан, кыргыздын жаңы ажосун кырсыктын балээсинен сакта, душмандын жалаасынан сакта! Дос көрүнүп, кас болгондон сакта, жаныңда жүрүп, өч болгондон сакта! Соке досум, береке жаныңдан кетпесин, бак-дөөлөт башыңдан кетпесин! Жорткондо жолуң шыдыр болсун, жолдошуң касиеттүү Кыдыр болсун! Жараткан ар дайым сени колдосун! Элибизге акжолтой ажо бол, Соке досум, оомийин!" – деп ак батасын берген.
Аземден соң эки президент тең Жогорку Кеңештин имаратына келип, Улуттук гвардиянын парадын кабыл алышкан. Андан кийин Атамбаев Жээнбековго өзү алты жыл иштеген кабинетти көрсөтүп, жаңы мамлекет башчысын орундукка отургузган.
Башта иш-чарага 13 миллион сомдун тегерегинде каражат сарпталары маалымдалган, бирок салтанатка андан аз, тагыраагы, 8,4 миллион сом коротушкан.
Инаугурациядан көп өтпөй социалдык медиада өкмөт аппаратынын протокол бөлүмүнүн башчысы Мар Топоев Кыргызстандын президентинин төш белгиси менен түшкөн сүрөттөрү тараган. Анын жанындагы киши сүрөткө күлкүлүү позада түшүп калган. Социалдык медианын колдоочулары кескин сынга алган. Эртеси күнү эле Топоев сүрөт тартылган учурдагы тасманы Фейсбуктагы баракчасына чыгарып, президенттин инаугурациясына даярдык убагы болгонун, ал эми төш белги дубликат экенин билдирген.
Айтымында, аппараттын хронометраж жүргүзгөн кызматкери сүрөткө тарткан. "Инаугурацияга даярдык боюнча WhatsApp жумушчу тобуна жөнөтүүдө жаңылыштык менен башка топко жиберип алган окшойт. Андан ары адамдык фактор ойноп, башкаларга тарап кеткен", — деп түшүндүргөн Топоев.
Жаңылыктар түрмөгү
0