Абдил Сегизбаев УКМКнын тергөө абагына эки айга камалды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевУлуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев. Архив
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сегизбаевге кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу жана "Белизгейт" иши боюнча күнөө коюлуп жатат.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин баш коргоо чарасы тандалып, эки айга камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.
Ал соттун чечимине ылайык, 25-мартка чейин УКМКнын тергөө абагында кармалат.
ИИМдин мурдагы жетекчиси Курсан Асанов - Sputnik Кыргызстан
ИИМдин жетекчисинин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалды
Сегизбаевге кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу жана башка мыйзамсыз аракеттери, "Белизгейт" иши боюнча күнөө коюлууда. Анда ал УКМКны жетектеп турган кезде Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова жана Өмүрбек Текебаевдин беделине атайылап шек келтирип, кылмышка айыптаганы белгиленген.
Ошондой эле ага "Коррупция" беренеси менен дагы кылмыш иши козголгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0