Жапаров филармонияга кирерде "Манас" жаңырат. Инаугурациянын программасы

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Садыр Жапаровдун инаугурациясына бир күн калды. Президенттин ант берүү аземи башынан аягына чейин кандай болору жана кайсы коноктор чакырылганы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар.

Иш-чара качан, кандай өтөт?

Инаугурация 28-январь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Иш-чара 11:00дө башталат. Бирок конокторго жөнөтүлгөн чакыруу кагазында "иш-чаранын башталышы саат 10:00" деп жазылган. Инаугурацияны уюштуруу комитетинин жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов Коомдук биринчи каналга берген маегинде "чакырылган меймандар филармонияга саат 10:00дө барып орун алып калышы керек" деп айткан. Ал эми 11:00дө ант берүү аземи расмий түрдө башталат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиянын аскери мамлекеттик желекти көтөрүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чепкен жапмай, аластоо жана ыңгайсыз жагдайлар... Эл эсинде калган инаугурациялар
Сүйүнбек Касмамбетовдун айтымында, түз эфир Жапаровдун филармонияга келгенинен баштап көрсөтүлөт.
"Жаңы шайланган президентти филармониянын алдынан Улуттук Гвардиянын кол башчысы тосуп алат. Жапаров имаратка кирип бара жатканда музыканын коштоосу менен "Манас" айтылып турат. Андан кийин Жапаров Манастын айкелине бир аз токтоп, таазим кылып, андан кийин филармонияга кирип кетет", — деген Касмамбетов.
Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, филармонияда ант берүү аземи болжол менен 30-40 мүнөткө созулушу ыктымал.
Касмамбетов Садыр Жапаровдун үй-бүлөсү ант берүү аземи расмий түрдө башталганга чейин филармонияда даярдалган орундуктардан орун алып отура берерин айткан. Маданий жайга Жапаров өзү жалгыз кирет.
Филармониядагы ант берүү аземи аяктаган соң Жапаров сыртка чыгып Улуттук Гвардиянын жүрүшүн кабыл алат. Иш-чарада артиллериялык аскер техникасы колдонула турганы буга чейин айтылган. Андан кийин жаңы шайланган президент иш бөлмөсүнө бара турганы маалым болду.

Кайсы коноктор чакырылды?

Садыр Жапаровдун инаугурациясы Ала-Тоо аянтында орнотулуп жаткан чоң экрандан көрсөтүлөт - Sputnik Кыргызстан
Президенттин инаугурациясы "Ала-Тоо" аянтындагы экрандан көрсөтүлөт

Аземге катардагы жарандар, коомдук ишмерлер, чыгармачыл жана интеллигенция өкүлдөрүнөн, жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган 1000ден ашык мейман чакырылган. Мындан тышкары, Кыргызстанды буга чейин жетектеген президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаева да чакырылганы маалым болду. Бирок алардын келер-келбеси азырынча белгисиз. Иш-чарага чакыруу билеттери президенттикке ат салышкан айрым талапкерлерге дагы жөнөтүлгөн. Коноктордун арасында дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын башчылары, өкүлдөрү да бар. Ошондой эле мурдагы премьер-министрлер жана төрагалар да чакырылган. Коронавирус пандемиясынан улам коопсуздукту сактоо максатында чет мамлекеттердин мамлекет башчыларынын келиши күтүлгөн жок.

Инаугурацияга Жогорку Кеңештин депутаттары чакыртылган. Бирок аларга жеке автоунаа менен келүүгө тыюу салынды.

Кимдер чакырылбай калды?

Тилекке каршы, бул инаугурацияга жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышпай турган болду. Мунун себебин президенттин маалымат кызматы эпидемиологиялык кырдаал менен байланыштырышты. Буга чейин инаугурацияны уюштуруу комитетинин башчысы Сүйүнбек Касмамбетов иш-чарага чакырылгандардын 70 пайызы жөнөкөй эл экенин айткан. Ал эми мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрүнөн саналуу эле адам чакырылып, калганы инаугурацияны түз эфирден көрө турганын айткан.
Президенттин маалымат кызматы өлкө башчынын кызматка киришүү аземи республикалык телеканалдардан түз алып көрсөтүлө турганын айтып, шаардыктар үчүн иш-чара борбордук "Ала-Тоо" аянтында чоң экрандан берилерин убадалашты. Ал үчүн Манас айкелинин алдына чоң экран орнотулду. Азем саат 10.45те түз эфирде көрсөтүлүп баштайт.

Иш-чара эмне менен коштолот?

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровдун инаугурациясына чакырылды

Башында Садыр Жапаровдун ант берүү аземине 10 миллион сом жумшалары айтылып, инаугурацияга даярдык көрүү башталган. Кортеж үчүн көчөлөрдүн баары бир нече саатка жабылып, репетиция да болгон. Даярдык көрүү учурунда эле шаардын көчөлөрүндө унаа тыгыны жаралып, коомчулук бул көрүнүшкө сын пикирлерди билдирген.

Ошондон кийин жаңы шайланган президент Садыр Жапаров шаан-шөкөттөн баш тарта турганын жар салган. Инаугурацияны уюштуруу комитети кортеж болбой турганын айткан. Бирок бүгүн, 27-январда, Ички иштер министрлиги атайын кортеж болорун, бирок кортеж өтүп бараткан убакта кайчы жолдогу транспорттор бир нече секундга гана токтой турганын кабарлады. Жалпы жонунан негизги трассадагы, жол кесилиштердеги эки тараптуу жол кыймылы кадимкидей эле ачык болот.
Бул күнү банкет болбой турганы да айтылды. Ошондой эле президенттин ант берүү аземине арналган баннерлер жолго илинбейт.
Уюштуруучулар иш-чарага буга чейин айтылган 10 миллион сомдун жарымынан көп бөлүгү кыскартыла турганын билдиришкен.
Баса, филармонияга конок катары чакырылгандардын баары ПЧР-тест тапшырышкан. Бирок анын ичинен канчасынын анализи оң чыкканы азырынча белгисиз.
Жаңылыктар түрмөгү
0