Садыр Жапаров: миңдеген мигрантты мекенине кайтаруу негизги милдетим болот

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын президенти Садыр Жапаров
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызматка киришкен президент бул жолу калың элдин жеңиши уурдалбай жана аруу мүдөөсү узурпация болбой турганын белгиледи.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Садыр Жапаров президенттик кызматына киришип жатып сүйлөгөн сөзүндө чет жакта иштеп жүргөн мекендештерди кайтаруу негизги милдети болорун айтты.
Ал чыдамдуулук дагы чегине жеткендиктен, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы бийликти биротоло кетирүүгө алып келгени мыйзам ченемдүү көрүнүшү болгонун белгиледи.
"Миңдеген мекендештерим жакырчылыктын сазынан чыга албай, элимдин туш тарапка чачылып кеткени кабыргамды кайыштырат, жанымды кашайтат. Бул жолу калың элдин жеңиши уурдалбайт, аруу мүдөөсү узурпация болбойт. Эл-журтумдун ошондогу аруу мүдөөсүн жүзөгө ашырууну көздөө менин президенттик мөөнөтүмдүн негизги максаты болмокчу. Күн-түн дебей, бел чечпей иштеп Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтерин, Жогорку Нарын каскадын тез арада ишке киргизүү, жумуш орундарын түзүү менен миңдеген мигрант мекендештеримди кайтарып келүү президент катары милдетим деп эсептейм", — деди Жапаров.
Ошондой эле жаңы президент чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган Долон бий, Бирназар бийден калган осуяттарды урматтоо маанилүү озуйпасы болорун белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0