Садыр Жапаров оор учурда кол сунган Россияга ыраазычылык билдирди

Жазылуу
Мамлекет башчы пандемия апаатынан өздөрү жабыр тартып турушса да кыргыз калкына чын дилден көмөк көрсөтүүгө ашыккан коңшу Өзбекстан менен Казакстанга рахматын айткан.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кыргызстан үчүн оор учурда бир туугандык колун сунган өлкөлөргө, ириде Россияга терең ыраазычылык билдиребиз. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров инаугурация учурунда билдирди.
Белгилей кетсек, учурда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Садыр Жапаровдун инаугурациясы өтүп жатат.
"Кыргызстандагы саясий окуяларга кылдат байкоо салып, кабатырланган, оор учурда бир туугандык колун сунган өлкөлөргө, ириде Орусияга терең ыраазычылык билдиребиз. Пандемия апаатынан өздөрү жабыр тартып турушса да кыргыз калкына чын дилден көмөк көрсөтүүгө ашыккан коңшуларыбыз Өзбекстан менен Казакстандын аракетин айтпай коюуга болбойт. Бул өлкөлөр менен тамырыбыз да, тарыхыбыз да жалпы, тагдырыбыз да бир", — деди Жапаров.
Ал стратегиялык өнөктөш өлкөлөр менен ар тараптуу мамилени чыңдоо тышкы саясаттын приоритети экенин белгилеген.
"Бул саптагы мамлекеттердин катарына Борбор Азиянын башка өлкөлөрүн жана Түркияны кошо кетүү керек. Дүйнөлүк саясатта жана экономикада ойногон ролу күн санап өсүп жаткан улуу коңшубуз Кытай Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын экономикасына жагымдуу таасирин тийгизүүнү улантат деп ишенебиз. Тышкы саясатыбыз көп векторлуу багытынан тайбайт.
Эгемен Кыргызстан Америка, Европа жана Азия мамлекеттери менен кеңири кызматташууга умтулат", — деген мамлекет башчы.
Жапаров Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай кызматташтык уюму, Евразия экономикалык биримдиги, Түрк мамлекеттер кеңеши жана башка эл аралык уюмдар эл аралык милдеттенмелерин татыктуу улантат деп ишенерин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0