Мухаммедкалый Абылгазиевдин баш коргоо чарасы тандалды

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевМурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив
Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-премьер-министр 26-январь күнү сурактан кийин кармалган. Ал коррупция жана мыйзамсыз баюу фактысы боюнча айыпталып жатат.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев УКМКнын тергөө абагына эки айга камалды. Бул тууралуу Sputnik кыргызстан агенттигине Бишкектин Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.
Абылгазиев 26-мартка чейин абакта болот.
Экс-премьер-министр 26-январь күнү сурактан кийин кармалган. Ал коррупция жана мыйзамсыз баюу фактысы боюнча айыпталып жатат. УКМКнын маалыматына караганда, ал мамлекеттик кызматта иштеп турган чагында активдери кескин көбөйүп, расмий түрдө тапкан кирешесинен бир нече эсеге көп чыккан. 
 
Жаңылыктар түрмөгү
0