Гутерриш, Макрон, Меркель. Садыр Жапаровду куттуктаган өлкө башчылар

Жазылуу
Алгач эле куттуктоо телеграммын Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жөнөтүп, Жапаровду өлкөгө чакырган.
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Тогуз мамлекеттин өлкө жана өкмөт башчылары Садыр Жапаровдун ажолук кызматка шайланышы менен куттукташты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Алгач эле куттуктоо телеграммын Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жөнөткөн. Анда эки тараптуу мамилелерди жаңы жогорку деңгээлге көтөрүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоого даяр экенин айтып, Жапаровду Түркмөнстанга чакырган.
Көп өтпөй КР башчысын Германия президенти Франк-Вальтер Штайнмайер куттуктап, кызматка кыйын мезгилде келип жатканын белгилеген. Германия башчысы мындан ары дагы КРдеги демократияны алга жылдырып, мыйзам үстөмдүгүн өнүктүрүүнү колдоого аларына токтолгон.
Тарыхтагы 6-президент Жапаров такка кантип отурду. Маанилүү ирмемдер видеодо - Sputnik Кыргызстан
Тарыхтагы 6-президент Жапаров такка кантип отурду. Маанилүү ирмемдер видеодо
Ушундай эле куттуктоо телеграммалары Словакиянын президенти Зузана Чапутовадан, Франциянын башчысы Эммануэль Макрондон, Корея президенти Мун Чжэ Инден дагы келген.
Садыр Жапаровду ажо болушу менен куттуктагандардын арасында БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш дагы бар. Ал Кыргызстан БУУнун ишенимдүү өнөктөшү экенин айтып, кызматташтык мындан ары да бекемделе берерине ишеним арткан.
Германия федеративдүү республикасынын федералдык канцлери Ангела Меркель, Япониянын премьер-министри Ёсихидэ Суга, Татарстан башчысы Рустам Минниханов да куттуктап, Жапаровдун ишине ийгиликтерди каалап кетишкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0