Мурда да акча талап кылууга шектелген. УКМК кармаган Нургазы Анаркулов тууралуу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов. Архив
Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн эртең менен УКМК президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркуловду ири өлчөмдө пара талап кылган деп кармады.
Анаркулов 2020-жылдын 30-октябрында президенттин маалымат кызматынын жетекчиси болуп дайындалган.
Атайын кызматтын билдиришинче, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик кызматка талапкер болуп жаткан адамдан маселени оң жагына чечип берүүнү убадалап акча талап кылган. Аталган факт боюнча Кылмыш кодексинин 326-беренеси ("Пара талап кылуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Нургазы Анаркулов тууралуу маалыматтарды чогултту.

Жашы, үй-бүлөсү

Нургазы Анаркулов 1979-жылы 17-июнда туулган. Былтыр парламенттик шайлоо алдындагы дебатта келинчеги мугалим болуп иштээрин айткан. Төрт баланын атасы.
Президенттикке талпаке  Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан
Атаандаштарын артта калтырган Садыр Жапаров тууралуу 14 факты
Мамлекеттик ЖМКларда эмгектенген
Анаркулов Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. Эмгек жолун "Эркин Тоо" гезитинде кабарчы болуп иштөөдөн баштаган. Андан кийин "Аалам", "Кыргыз Руху", "Правда Кыргызстана" гезиттеринде да иштеп, башкы редакторлукка чейин жеткен. 2006-жылдан 2007-жылга чейин Анаркулов "Кабар" улуттук маалымат агенттигинде эмгектенген.

10 жыл гезиттин башкы редактору

Анаркулов 2010-жылдын 24-ноябрынан 2020-жылга чейин "Майдан.kg" аттуу кыргыз тилдүү гезиттин башкы редактору болгон.

Мурда дагы опузалап акча талап кылган деп шектелген

2012-жылдын 30-майында Нургазы Анаркулов опузалап акча талап кылган деп шектелип кармалган. ЖМКларда жазылгандай, милицияга "Анаркулов акча талап кылып жатат" деген кине менен Бишкек шаарынын тургуну арыз жазган. Анын айтымында, гезиттин башкы редактору арыз ээсинен акча талап кылып, болбосо ал тууралуу компромат макала жарыялай турганын билдирген. Анаркулов алгач 1000 доллар сурап, кийин 15 миң сомго азайткан. Журналист 11 миң сом алып жаткан жеринен кармалып, кийин сыртка чыкпоо боюнча тил кат менен коё берилген. Бул иштин аягы кандай бүткөнү белгисиз.

КГБ төрагасы

2010-жылдын башында кыргыз гезиттеринин биримдиги ("Кыргыз гезиттер биримдиги" — кыскартып айтканда КГБ) биримдиги түзүлгөн. ЖМКларда жазылгандай, анын курамына Майдан.kg гезитинин редакциясы да кирип, Анаркулов биримдиктин төрагасы болгон.
Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сотко барууга милдеттүү эмес. Жээнбековдун адвокаты билдирүү таратты
"Ата-Журт" партиясынын маалымат катчысы
Анаркулов курамына Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов кирген "Ата-Журт" партиясынын маалымат катчысы болгон. Аларды кармап кеткен күндүн эртеси Анаркулов маалымат жыйын өткөргөн. Эскерте кетсек, 2012-жылдын 3-октябрындагы митингден кийин Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт" фракциясынын үч депутаты бийликти басып алууга аракет кылган деп шектелип, камалган.
Соңку убакта Анаркулов Ташиев башында турган "Мекенчил" партиясынын маалымат катчысы болуп иштеген. Ташиевдин айтымында, партия 2010-жылы түзүлүп, негиздөөчүлөрүнүн бири Садыр Жапаров болуп эсептелет.

Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер

Анаркулов "Мекенчил" саясий партиясында маалымат катчы гана болбостон, парламенттик шайлоого талапкерлигин да койгон. Бирок шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылганы маалым. Партиянын тизмесинде ал 47-сапта экени көрсөтүлгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0