Жапаров: мени менен түшкөн сүрөтүн көрсөтүп, иш сурагандардан алыс болгула

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент 6-октябрдан бери миңдеген жарандар менен сүрөткө түшкөнүн, бирок алардын көбүн тааныбай турганын белгилеген.
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров аны менен түшкөн сүрөттөрүн көрсөтүп, маселесин чечкиси келип жаткандар болуп жатканын эскертти. Бул тууралуу ал Instagram баракчасы аркылуу билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Садыр Жапаров (@sadyr_japarov)

Кайрылуу жазылган баракча Жапаровго таандык экенин анын маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.
Президент 6-октябрдан бери миңдеген жарандар менен сүрөткө түшкөнүн, бирок алардын дээрлик бардыгын тааныбай турганын белгилеген.
"Айрыкча октябрь айларында кабылдамага ар кандай иштер менен келген адамдардын баары "сиз менен сүрөткө түшүп алайынчы" деп суранса жок дей албайт экенсиң. Шайлоодо үгүт учурунда жүргөн мезгилде дагы миңдеген адамдар менен сүрөткө түштүм. Чынымды айтайын, ошолордун 99 пайызын тааныбайм", — деп жазылган постто.
Ошондой эле сүрөткө түшкөндөрдүн арасында атын пайдалангысы келип жаткандар бар экенин айтып, алар тууралуу кабар берип коюуну суранган.
Жапаров эл аралык уюмдардын башчылары менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
Жапаров эл аралык уюмдардын башчылары менен жолукту. Сүрөт
"Айтайын дегеним, адам баласы бар жерде баары болот дегендей, мени менен түшкөн сүрөтүн көрсөтүп, кызмат орундарын же башка бир маселесин чечүү максатында колдонуп жүргөндөрдүн бети ачылып калып жатат. Ошондуктан бирге түшкөн сүрөттү көрсөтүп, маселемди чечип бер дегендерге алданбагыла жана дароо бизге кабар берип койгула. Жазасын беребиз", — деп жазган мамлекет башчы.
Жапаров президенттик кызматына расмий түрдө 28-январда киришти.
Жаңылыктар түрмөгү
0