Жакшы жагынан билем! Ташиев Нургазы Анаркуловдун кармалышы боюнча үн катты

© Sputnik / Табылды КадырбековУКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрага Анаркулов экөөнүн тааныштыгы жана жакын мамилеси иштин иликтенишине таасир этпей турганын, эгер анын күнөөсү далилдене турган болсо, мыйзам алдында жооп берерин айтты.
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркуловдун кармалышы боюнча пикирин айтты.
Ташиев маалымат катчы менен бир топ жылдан бери тааныш экенин билдирди.
"Ишибизге байланыштуу бир нече ирет жолубуз бириккен, башыбыздан көп нерселер өткөн. Аны жакшы жагынан гана билем. Эми УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Анаркуловду кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик кызматка талапкер болуп жаткан адамдан маселени оң жагына чечип берүүнү убадалап акча талап кылды деген шек менен кармап отурат. Мындай мыйзамсыз аракеттер элдин бийликке ишенимин кетирип, кадырын түшүрөт", — деди Ташиев.
Бирок төрага экөөнүн тааныштыгы жана жакын мамилеси иштин иликтенишине таасир этпей турганын, эгер Анаркуловдун күнөөсү далилдене турган болсо, мыйзам алдында жооп берерин кошумчалады.
Эске салсак, бүгүн ири өлчөмдө пара талап кылган деп шектелип президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов кармалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0