Өкмөт башчылыкка талапкердин аты аталды. Дүйшөмбүдө көпчүлүк коалиция чогулат

Жазылуу
ЖК депутаттарынын бири премьер-министрлик кызматка учурдагы Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов көрсөтүлүп жатканын билдирди.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы өкмөттүн жаңы курамын дайындоо үчүн жыйынга чогулат. Бул туурасында парламенттеги маалымат булагы билдирди. 
Депутаттардын бири жыйын саат 11:00дө башталарын айтты.
Эл өкүлү Жанар Акаев премьер-министрлик кызматка Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек  Марипов көрсөтүлүп жатканын кабарлады.
Тарыхтагы 6-президент Жапаров такка кантип отурду. Маанилүү ирмемдер видеодо - Sputnik Кыргызстан
Тарыхтагы 6-президент Жапаров такка кантип отурду. Маанилүү ирмемдер видеодо
Ал арада депутат Жанар Акаев билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиевди кызматтан алып, ордуна Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Рыспек Нургазиев сунушталып жатканын жазды. Эл өкүлү мындайга жол бербей, иштеп жаткан кадрларды колдоо керектигин билдирди.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматын тапшыргандан кийин өкмөт толугу менен отставкага кеткен. Жаңы өкмөттү Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы курайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0