БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев өзүнүн кызмат ордунда калат. Бул тууралуу премьер-министрликке сунушталган талапкер Улукбек Марипов ЖКнын коалициясынын жыйынында билдирди.
Белгилей кетсек, кечээ социалдык тармактарда билим берүү министри кызматтан кетери туурасында айтылып, чоң талкуу жаралган. Көпчүлүгү анын ордунда калышын талап кылган. Депутат Жанар Акаев да Бейшеналиевдин ордуна Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Рыспек Нургазиев сунушталып жатканын жазган.
Ага Марипов соцтармакта жөн гана сөз тарап жатканын, Бейшеналиевди кызматтан кетирүү маселеси каралбаганын билдирди. Ошондой эле ал министрдин жасап жаткан иштерине жакшы баа берерин кошумчалады.
Кызматы тууралуу министр Бейшеналиев өзү дагы Facebook баракчасына пост жазды.
"Кечээ социалдык тармактарда менин кызматтан алынарым тууралуу маалыматтар тарады. Азыр расмий тараптан колдоо бар. Жаңы шайланган президент мага ишеним көрсөтүп, аткарган иштерим боюнча ыраазы экенин айтты. Коомчулуктун мага болгон колдоосу менин мындан аркы иштериме дем-күч берип, ошол эле учурда эл алдындагы жоопкерчилигимди күчөттү. Ар бириңиздердин колдооңуздарга ыраазычылык билдирем", — деди Бейшеналиев.
Ал ошондой эле жакынкы аралыкта министрликтин реформалык кадамдары тууралуу иш-мерчемдерди жарыялап, коомчулуктун жана президенттин, Жогорку Кеңештин, өкмөттүн колдоосу менен ишке ашырууну баштай турганын кошумчалады.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кытай Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү. Мындан улам достук мамиленин өнүгүшүнө чоң маани берилет. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматка караганда, Марипов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолуккан. Өкмөт башчы Кытай тарапка коронавируска каршы күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Тараптар соода-экономикалык кызматташуу, коронавируска каршы кытай вакцинасын бекер алуу, "Торугарт" менен "Эркечтам" постундагы жүк өткөрүүнү көбөйтүү маселелерин дагы талкуулашкан.
Мындан сырткары, өкмөт башчы менен элчи эки өлкө ортосундагы авиакаттамдарды жандантуу мүмкүнчүлүгүн дагы сүйлөшүшкөн.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйында жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум дайындоо демилгесин биринчи окууда колдоп беришти.
Эл өкүлдөрүнүн 87си макул болсо, 9у каршы чыккан.
Жогорку Кеңештин сайтына кайсы депутат кандай добуш бергени тууралуу маалымат жарыяланды.
Долбоор экинчи-үчүнчү окуудан дагы колдоо тапса, президентке жөнөтүлөт. Ал кол койгондон кийин жалпы элдик добуш берүү дайындалат. Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталууда.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Баткен облусунун чек аралаш аймактарында мобилдүү топтор иштеп, аткезчиликке каршы күрөш күчөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.
УКМК, чек ара, салык, милиция, бажы, экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын, ӨКМдин облустук башкармалыгы жана аймактык экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча башкармалыгынын адистеринен түзүлгөн мобилдүү топтор аткезчилик тобокелчилиги жогору болгон аймактарда атайын мониторинг жүргүзүүдө.
"Кечээ, 2-мартта, мобилдүү топ Лейлек районунун чек арадагы Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка айылында, кыргыз-тажик чек арасынан өткөн Исфара — Худжанд жолунун боюнда жайгашкан (аталган жол Кыргызстандын аймагы аркылуу да өтөт) Кыргызстанга тийиштүү май куюучу жайларга (АЗС) кароо жүргүзүштү", — деп айтылат маалыматта.
Мобилдик топ май куюучу жайлардын ээлерине мыйзам чегинде иш алып баруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, иштебей турган жайлардын ээлерине мыйзамсыз иш-аракеттерден алыс болууну эскертишкен.
Белгилеп кетсек, эл арасында иштебей турган май куюучу жайлар кошуна мамлекеттерге аткезчилик жол менен күйүүчү май саткан учурлар жөнүндө такталбаган маалыматтар айтылып келет.
Аймактык салык кызматынын маалыматына ылайык, Исфара — Худжанд жолунун боюнда эле Кыргызстанга тийиштүү 26 май куюучу жай жайгашкан. Анын ичинен бүгүнкү күндө салык кызматы тарабынан мунай заттарды берүүнүн автоматташтырылган электрондук системасына (АСУ) туташкан 17 АЗС иштеп жатат.Ал эми калган 9 АЗС АСУ системасына туташпагандыктан салык кызматы тарабынан жабылган.
Лейлек районунда жалпы 73 май куюучу жай катталган. Учурда анын 42си АСУ системасына туташтырылып, иштеп жатат. 25 салык кызматы тарабынан жабылып, дагы алтоо ишке жараксыз экендиги аныкталган.
Белгилей кетсек, 1-мартта өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев облустун күч түзүмдөрү менен кеңешме өткөргөн. Анда аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүү боюнча тапшырмаларды коюп, мыйзамсыз иш-аракеттерге токтоосуз чара көрүү талабын айткан.
Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүлдүн аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча мониторинг жүргүзүү тууралуу атайын буйругу чыкты.