БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Өкмөттүн жаңы түзүлгөн курамында айрым кызматтар кыскартылат. Бул тууралуу премьер-министрликке сунушталган талапкер Улукбек Марипов көпчүлүк коалициянын жыйынында билдирди.
Марипов кыйсы кызматтар кыскартыла турганын ачык айткан жок.
Учурда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрлик кызматка талапкерлигин карап жатат. Өкмөттүн жаңы курамы кийинчерээк парламентке киргизилери маалым болду.
Мындан сырткары, ал Энергетика жана өнөр жай министрлиги негизделе турганын кошумчалады.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кытай Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү. Мындан улам достук мамиленин өнүгүшүнө чоң маани берилет. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматка караганда, Марипов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолуккан. Өкмөт башчы Кытай тарапка коронавируска каршы күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Тараптар соода-экономикалык кызматташуу, коронавируска каршы кытай вакцинасын бекер алуу, "Торугарт" менен "Эркечтам" постундагы жүк өткөрүүнү көбөйтүү маселелерин дагы талкуулашкан.
Мындан сырткары, өкмөт башчы менен элчи эки өлкө ортосундагы авиакаттамдарды жандантуу мүмкүнчүлүгүн дагы сүйлөшүшкөн.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйында жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум дайындоо демилгесин биринчи окууда колдоп беришти.
Эл өкүлдөрүнүн 87си макул болсо, 9у каршы чыккан.
Жогорку Кеңештин сайтына кайсы депутат кандай добуш бергени тууралуу маалымат жарыяланды.
Долбоор экинчи-үчүнчү окуудан дагы колдоо тапса, президентке жөнөтүлөт. Ал кол койгондон кийин жалпы элдик добуш берүү дайындалат. Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталууда.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мырзакат Тыналиев "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору-башкы редактору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Эске салсак, басма үйүнүн мурдагы башкы редактору Эрнис Балбаков үстүбүздөгү жылдын февраль айында иштен алынган болчу.