Жапаров Токаевге телефон чалды. Анын Казакстанга барышы болжолдонууда

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2021
Жазылуу
Жапаровдун болжолдуу иш сапарынын так убактысы белгисиз. Буга чейин мамлекет башчы биринчи расмий иш сапарын Россияга жасоону пландап жатканы айтылган.
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекет башчы Садыр Жапаров менен телефон аркылуу баарлашты. Сүйлөшүү кыргыз тараптын демилгеси менен ишке ашканын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
"Алдыда боло турчу жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын графиги, анын ичинде кыргыз лидеринин Казакстанга сапарына даярдыктар каралды", — деп жазылган маалыматта.
Токаев Жапаровдун инаугурациясы ийгиликтүү өткөнүн белгилеп, аны президент болушу менен дагы бир жолу куттуктап, ийгиликтерди каалаган.
Открытие учений ШОС Мирная миссия-2016 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2021
Садыр Жапаров оор учурда кол сунган Россияга ыраазычылык билдирди
Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүү тууралуу кеп кылып, казак-кыргыз элинин достук мамилеси жана стратегиялык өнөктөштүк уланарын белгилешкен.
Жапаровдун болжолдуу иш сапарынын так убактысы белгисиз.
Буга чейин мамлекет башчы Садыр Жапаров биринчи расмий иш сапарын Россияга жасоону пландап жатканы айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0