Өкмөттү жетектей турган Марипов тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыктуу фактыларды чогултту. Улукбек Мариповдун үй-бүлөсү, бала чагы, жакындары тууралуу маалыматтар атасы Асамидин Мариповдон алынды.
Белгилүү дарыгердин уулу. Улукбек Марипов 1979-жылы 30-августта Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында туулган. Ошол эле айылдагы мектепти артыкчылык менен бүтүргөн. Атасы Асамидин Марипов КРдин эмгек сиңирген дарыгери. Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин эки жолку депутаты болгон. Учурда Ноокат аймактык ооруканасынын директору болуп иштейт. 73 жаштагы Асамидин Марипов коронавирус пандемиясы менен күрөшүү үчүн болгон күч-аракетин жумшап, аймакта бир топ адамдын өмүрүн сактап калган. Жакында бул эмгеги үчүн "Манас" орденин алган. Улукбек Мариповдун апасы Кыргыз-Ата айылындагы мектепте 6-7 жыл мектеп директору болуп эмгектенип, кийин 16 жыл аталган аймакта айыл өкмөт башчысы болуп иштеген. Азыркы учурда пенсияда.
Иниси — аким, эжеси — дарыгер. Улукбек Марипов беш бир тууган. Анын экөө эркек, үчөө кыз, өзү үйдүн үчүнчүсү. Атасынын айтымында, балдарынын баары мектепти да, жогорку окуу жайларды да артыкчылык менен аякташкан. Улукбек Мариповдун улуу эжеси Жамиля Марипова учурда Бишкек шаарындагы перинаталдык борбордо башкы дарыгер, медицина илимдеринин кандидаты. Кичүү иниси Бактыбек Марипов учурда Ноокат районунун акими. Буга чейин ал Кыргыз-Ата айылынын башчысы болуп, кыштакты таза суу менен камсыз кылган. Ал үчүн былтыр аталган айыл республика боюнча мыкты аталган. Аким болуп Бактыбек Марипов 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин келген.
Үй-бүлөсү. Улукбек Марипов эки уул, эки кыздын атасы. Келинчеги Назгүл Марипова буга чейин Жогорку Кеңештеги эл аралык протоколдо эксперт болуп иштеген. Учурда өргүүдө.
Билими, эмгек жолу. Улукбек Марипов Оштогу техникалык университетин аяктаган. Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинен финансы жана кредит, юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун "Кызыл Кетмен" дыйкан чарбасында жетекчи болуп баштап, 2001-жылы Финансы министрлигинде жетектөөчү адис болуп эмгектенген. Кийин Финансы министрлигинин кирешелер боюнча комитетинин төрагасынын жардамчысы, Баткен облусунун губернаторунун жардамчысы, Жогорку Кеңеш депутатынын консультанты болуп иштеген. 2006-жылдан тарта президенттин администрациясынын уюштуруу иштери, көзөмөлдөө жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүндө эксперт болуп, кийин президенттин администрациясынын уюштуруу жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүндө мамлекеттик инспектор болгон.
Атамбаевдин жардамчысы. Улукбек Марипов 2011-жылдын декабрынан 2015-жылдын апрелине чейин КР президентинин, тагыраагы, Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы болгон. Андан кийин бир жыл президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп эмгектенген.
Эсеп палатасын беш жыл башкарган. Марипов 2016-жылы Эсеп палатасынын төрагасы болуп дайындалып, азыркы мезгилге чейин аталган кызматты жетектеп келген.
Шадиевдин өкүл баласы эмес. Буга чейин айрым ЖМКлар Улукбек Мариповду Аскарбек Шадиевдин өкүл баласы экенин жазып чыгышкан. Өкмөт башчылыкка көрсөтүлүп жаткан талапкердин атасынын айтымында, уулу экс-депутат Шадиевдин өкүл баласы эмес. Болгону экөө кайсы бир жылдары чогуу иштешкен.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Россияга иш сапар менен барган президент Садыр Жапаров Москва шаарында Россияда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушууда. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ал Россия президенти Владимир Путин менен жолугушуунун жыйынтыктары, анын ичинде Россияда эмгектенген кыргызстандыктардын маселеси дагы талкууланганы тууралуу маалымат берген.
Жапаров сыртта иштеп жүргөн кыргызстандыктардын алдында сүйлөп жатып, эң биринчилерден болуп "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө" жарлыкка кол коюлганын билдирген.
"Менин максатым — элибиздин көйгөйлөрүн чечүү, Кыргызстандын бардык жарандарын жумуш орундары менен камсыздап, татыктуу жашоого алып келүү. Ошондой эле чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештердин Мекенге кайтып келүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү", — деген Жапаров.Кыргызстан турак жай ээлери салык төлөөдөн качып, чет элдик жарандарды каттоого тургузуудан баш тартышкандыгынын натыйжасында келип чыккан мигранттарды каттоо көйгөйлөрүнө көңүл бурган.
"Казакстанда бул багытта "кабарлоо тартиби" деген жакшы тажрыйба бар: жарандар мамлекеттик органга келген жана иштеген жери жөнүндө билдирүү гана жөнөтөт, андан кийин ал каттоого турат. Ушундай эле жол-жобону ЕАЭБдин алкагында киргизүүнү сунуштайбыз", — деген Жапаров.
Эске салсак, бүгүн Жапаров Россияга иш сапары менен барып, Россия лидери Владимир Путин менен жолуккан.
Анда Россия президенти COVID-19га байланыштуу чектөөлөр жана татаалдыктарга карабай Жапаров менен көзмө-көз көрүшкөндүгүнө кубангандыгын билдирди.
Кыргызстан президентинин маалымат кызматы Садыр Жапаров менен Россия лидери Владимир Путиндин жолуккан видеосун таратты.
Мамлекет башчылар эки тараптуу кызматташуунун маанилүү деген багыттарын, бардык маселелер боюнча биргелешкен өз ара иш алып баруунун келечегин талкуулашкан.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан Жайыл, Токтогул райондорундагы жана Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун Талды-Булак айылындагы посттор 25-февраль таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Бул премьер-министрдин буйругунун негизинде болгон.
"Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу болгондуктан Жайыл районунун Сосновка, Токтогул районунун Арал постторунда жана Суусамыр — Талас — Тараз жолунун Талды-Булак айылындагы постунда автоунаалардын бардык түрүнө таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу чектөө киргизилди", — деп кабарлаган ӨКМ.
Эске салсак, Бишкек — Ош жолунун 132-чакырымында көлөмү болжол менен 1800 м3 кар көчкү түшкөндүктөн учурда жол жабылган.