Премьерликке сунушталып жаткан Марипов Шадиевдин өкүл баласыбы? Жооп

© Фото / Пресс-служба Министерства Здравоохранения КРНоокат аймактык ооруканасынын жетекчиси Асамидин Марипов. Архив
Ноокат аймактык ооруканасынын жетекчиси Асамидин Марипов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2021
Жазылуу
Буга чейин айрым ЖМКлар Аскарбек Шадиев Улукбек Мариповдун өкүл атасы экенин жазып чыгышкан.
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Талапкерлиги өкмөт башчылыкка сунушталып жаткан Улукбек Марипов Аскарбек Шадиевдин өкүл баласы эмес. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине анын атасы Асамидин Марипов билдирди.
Буга чейин айрым ЖМКлар Аскарбек Шадиев Улукбек Мариповдун өкүл атасы экенин жазып чыгышкан.
"Улукбек Аскарбек Шадиевдин өкүл баласы эмес. Болгону экөө бир кызматта чогуу иштешкен. Ноокатта мурда "өкүл ата" деген түшүнүк жок болчу. Ал кийин эле чыкты го. Уулумдун өкүл атасы жок", — деди Марипов.
Белгилей кетсек, экс-депутат Аскарбек Шадиев ушул тапта издөөдө. Кылмыш ишин козгоого ЖКнын Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закировдун 2 миллион сомду ыйгарып алуусу себеп болгон. Катка комитеттин төрагасы Шадиев кол коюп берген. Мүлкү камакка алынып, кийин депутаттык мандаттан ажыратылган.
Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2021
Дарыгер, экс-депутаттын уулу. Улукбек Марипов тууралуу 7 факты
Кылмыш иши козголордон бир күн мурда, 27-апрелде, Шадиев Исфанага (Баткен облусу) тууганынын тажиясына кетип, ал жактан суу кечип кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынан өтүп кеткен. 28-апрель күнү дипломаттык паспорту менен Кожент — Москва каттамы менен учуп, андан ары Нью-Йоркко чыгып кеткени айтылган.
Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдоду.
Белгилей кетсек, Асамедин Марипов КРдин эмгек сиңирген дарыгери, ЖКнын эки жолку депутаты болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0