Пара талап кылып... Жапаров маалымат кызматынын башчысын иштен алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов. Архив
Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2021
Жазылуу
Нургазы Анаркулов мамлекеттик кызматка талапкер болуп жаткан адамдан маселени оң жагына чечип берүү үчүн акча талап кылды деген шек менен кармалган.
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Ири өлчөмдө пара талап кылды деп кармалган президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов кызматтан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2021
Мурда да акча талап кылууга шектелген. УКМК кармаган Нургазы Анаркулов тууралуу
Нургазы Анаркулов мамлекеттик кызматка талапкер болуп жаткан адамдан маселени оң жагына чечип берүүнү убадалап акча талап кылууга шектелип 30-январда кармалган.
Ал аталган кызматка 2020-жылдын 30-октябрында дайындалган болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0