БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп Нуркамал Асканова дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Нуркамал Асканова 25 жылдан ашык КТРКда иштеген. Дайынсыз жоголгондорго издөө салып, таап берген "Кайдасын?" берүүсүнүн автору жана алып баруучусу болчу.
Буга чейин аталган кызматты аркалап келген Нургазы Анаркулов ири өлчөмдө пара талап кылды делип кармалганы үчүн бүгүн кызматтан бошотулган.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Эртең, 10-мартта, Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Сапардын алкагында эки мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин сүйлɵшүүлɵрү жана Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы биргелешкен стратегиялык пландаштыруу тобунун төртүнчү жыйыны ɵтөрү айтылды. Мындан сырткары, Чавушоглунун Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугары дагы пландалууда.
"Алдыда боло турган жолугушуулардын жана сүйлɵшүүлɵрдүн жүрүшүндɵ саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары ɵнүктүрүү жана бекемдɵɵ боюнча мурда жетишилген келишимдерди, кыргыз-түрк мамилелери үчүн актуалдуу маселелерди талкуулоо пландаштырылууда", — деп жазылат маалыматта.
Түрк кеӊешинин алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин ортосунда кызматташтыкты кеӊейтүү жана аталган эл аралык уюмдун күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча да пикир алмашуу болору кошумчаланды.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү болуп Бакытбек Нарбеков дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Нарбеков жыйынтыгы жокко чыгарылган 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоого "Биримдик" партиясынын тизмеси менен катышкан. Ага чейин президенттин иш башкармалыгында эмгектенген.
Өткөн жылдын октябрь окуяларынан кийин Таласка жетекчи болуп келген Айбек Бузурманкулов 5-мартта кызматынан алынган.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. 16-марттан 21-мартка чейин Чолпон-Ата (Ысык-Көл облусу) жана Ош шаарларында Нооруз элдик майрамына арналган ат оюндары өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Элдик майрамдын урматына улуттук спорт оюндарынан көк бөрү, эр эңиш, салбуурун жана ат чабыштын түрлөрү боюнча мелдештер өтөт.
"Оюндар республиканын бардык аймактарында спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана мыкты командаларды, спортчуларды тандоо максатында өткөрүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Ат оюндар Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо жана Оштогу "Төлөйкөн" ат майданында өтөт.
Чолпон-Атада болуучу мелдештердин программасы тууралуу кенен маалымат алсаңыздар болот.