Коргоо министрлиги түзүлөт. Жапаров жаңы жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2021
Жазылуу
Депутаттар буга чейин Генштабдын генералдары чет мамлекеттерде таанылбай жатканын, анткени мындай орган сыртта анча маанилүү мекеме эместигин айтышкан.
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Коргоо министрлигин түзүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Анда айтылгандай, аталган жарлык Куралдуу күчтөрүн башкаруу системасын өнүктүрүүнү көздөйт.
"Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин жана Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын базасында Коргоо министрлигин түзүү максатка ылайык деп эсептелсин. Жарлыктан келип чыгуучу чараларды кабыл алуу өкмөткө сунушталсын", — деп жазылат маалыматта.
Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабын кайрадан Коргоо министрлиги деп өзгөртүү маселеси жакында каралып жатканы белгилүү болгон.
Генералдык штабтын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2021
Генштабды Коргоо министрлигине айлантуунун эмне зарылдыгы бар эле. Адистердин пикири
Эске салсак, бардык аскердик күчтөрдү бирдиктүү башкаруу максатында 2014-жылы Генералдык штаб түзүлгөн.
2018-жылы Жогорку Кеңеште Коргоо министрлигин кайтаруу маселеси көтөрүлгөн. Анда депутат Алмамбет Шыкмаматов Генштабдын генералдары чет мамлекеттерде таанылбай жатканын, анткени мындай орган сыртта анча маанилүү мекеме эместигин белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0