Өкмөттүн курамы кыскарса көп адам жумушсуз калабы? Мариповдун жообу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПремьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов. Архив
Премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2021
Жазылуу
Өкмөттүн жаңы курамында үч вице-премьер жоюлуп, айрым министрлик, агенттик, комитеттер бириктирилген.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов өкмөттүн курамы өзгөрсө кызматкерлердин саны анча кыскарбай турганын билдирди.
Белгилей кетсек, жаңы түзүлгөн курамда өкмөттүн 22 мүчөсү 16га чейин кыскарды. Мында үч вице-премьер жоюлуп, айрым министрлик, агенттик, комитеттер бириктирилген. 
“Канча адам жумушсуз калышы мүмкүн экенин буга чейин Бакыт Эргешович да сурап кетти. Бул жерде бөлүм башчылар, жөнөкөй кызматкерлердин баары каралат. Механикалык кыскартуу болбойт, баары оптималдаштырылат. Кээ бирлерине компенсация берилет”, — деди Марипов.
Учурда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети жаңы өкмөттү карап жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0