Президенттин маалымат кызматынын жаңы жетекчиси Нуркамал Асканова. Архив

Жапаровдун маалыматтык саясатын тескей турган Нуркамал Асканова тууралуу 6 факты

(жаңыланган 16:26 02.02.2021)
Президенттин маалымат кызматына КТРКда көп жыл иштеген Нуркамал Асканова жетекчи болуп дайындалды.

Мамлекет башчынын маалыматтык саясатын кандай адам жүргүзгөнү жатат? Sputnik Кыргызстан агенттиги Асканованын өмүр баянына, жеке жашоосуна сереп салып, кызыктуу фактыларды чогултту.

Айрым маалыматтар Асканованын буга чейин берген маегинен алынганын эске сала кетели.

Быйыл 61ге чыгат. 1960-жылы Нарын облусуна караштуу Тянь-Шань районундагы 8-март айылында туулган.

10 бир туугандын улуусу. Буга чейин берген маегинде Асканова 10 бир туугандын улуусу экенин айткан.

"Мектепти жаңы бүткөн жылы атам кайтыш болуп калды. Атамдын көзү өткөндө кичүүбүз бир жашта болчу. Кыйынчылыкка карабай апам бизди эч нерседен кем кылбай бакты. Үйдүн түйшүгүн экөөбүз көп тарттык. Мектепти бүткөндөн кийин колхоздо да иштегем", — деген ал.

Бир туугандарынын ичинен экинчи иниси 13 жыл мурда жол кырсыгынан каза болгон.

Ведущая телепрограммы Кайдасың? на КТРК Нуркамал Асканова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
1960-жылы Нарын облусуна караштуу Тянь-Шань районундагы 8-март айылында туулган

Искусство институтун аяктаган. Асканова Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшырып, уюштуруучу-методист адистиги боюнча жогорку билимге ээ болгон. Окууга тапшырганын апасына, туугандарына айткан эмес.

"Кокус окуудан чыгып калсам уят болом" деп 4-курска чейин үйдөгүлөргө окуп жатканымды айтпай жашырып жүрдүм. Атамдын карындашынын үйүндө турчумун. Аларга да эч кимге унчукпоону сурангам. Ошентип апамдар менин чын эле жогорку билим алганымды кийин билишкен",— деген Асканова.

КТРКга байланган 27 жыл. Нуркамал Асканова Мамлекеттик телерадио компаниясына 1993-жылы кирген. Алгач КТРКда режиссёрдун ассистенти болуп иштеп, кийин укуктук-маалыматтык программада, музыкалык берүүлөрдө, балдар студиясында да эмгектенген.

  • Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын жана энчилүү саатын тапшыруу учурунда
    Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын жана энчилүү саатын тапшыруу учурунда
    © Фото / пресс-служба ЖК
  • Куралдуу Күчтөрдүн мааракелик медалын тапшыруу учурунда
    Куралдуу Күчтөрдүн мааракелик медалын тапшыруу учурунда
    © Фото / Пресс-служба Государственного комитета по делам обороны КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба ЖК
Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын жана энчилүү саатын тапшыруу учурунда

"Кайдасың?", "Шок факт" берүүлөрүн алып барып. Асканова 2000-жылдан тарта алты жыл катары менен "Шок факт" көрсөтүүсүнүн алып баруучусу жана редактору болгон. Андан кийин алты жыл укуктук багыттагы көрсөтүүлөрдүн уюштуруучусу жана режиссёру болуп иштеген. 2007-жылдан тарта аталган телеканалда дайынсыз жоголгон жарандарды издеп, иликтеген "Кайдасың?" көрсөтүүсү чыгып, анын редактору, алып баруучусу жана режиссёру да Нуркамал Асканова болгон. Долбоордун арты менен алар жоголгон 6000 кишинин жарымын табышкан. Арасында кытайлык кыргыздар дагы бар. Кийин Россиянын аймагындагы кыргыз мигранттарынын турмушун чагылдырган "Кыйырдагы кыргыздар" көрсөтүүсүнүн редактору жана уюштуруучусу катары эмгектенген. Президенттин маалымат кызматына жетекчи болуп келгенге чейин Асканова КТРКнын саясий-социалдык багытта иш жүргүзгөн "Маалымат" бөлүмүнүн баяндамачысы болчу.

Ведущая телепрограммы Кайдасың? на КТРК Нуркамал Асканова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Нуркамал Асканова турмушка эрте чыккан. Тагыраагы, аны ала качып кетишкен

Жеке жашоосу. Нуркамал Асканова турмушка эрте чыккан. Тагыраагы, аны ала качып кетишкен.

"Мектепти бүтүп колхоздо иштеп, окууга тапшырам деп жүргөн убакта мени алып качып кетишти. Бирок жолдошум экөөбүздүн турмуш жолубуз көпкө созулган жок. 6 жыл жашагандан кийин ажырашып кеттик. Ортодо эркек бала калды. Биз ажырашкан убакта ал 2,5 жашта болчу. Кайнене, кайнатам аябай жакшы кишилер эле, "баланы бизге эле калтырбайсыңбы, биз багалы" деп суранышты. Ошентип уулум чоң ата, чоң апасы менен өстү. Азыр да ошолордун колунда, бирок катташып, кабарлашып турабыз. Күйөөм болсо ажырашкандан кийин бат эле башкага үйлөнүп алган", — деген Асканова.

Журналист ошол боюнча турмушка чыккан эмес.

Белгилер:
факты, жетекчи, маалымат кызматы, Нуркамал Асканова
Тема боюнча
Мурда да акча талап кылууга шектелген. УКМК кармаган Нургазы Анаркулов тууралуу
Байтерек Галина Жумабековна — өмүр баяны
Аткаминерлер. Архив

КМШ парламенттеринин төрагалары биринчи жолу офлайн жыйын өткөрөт

(жаңыланган 22:44 14.04.2021)
КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясы Таврия сарайында болот. Пленардык жыйынды ПАА кеңешинин башчысы, Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко өткөрөт.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. КМШ өлкөлөрүнүн парламенттеринин төрагалары пандемия жарыялангандан бери биринчи жолу жолугушат. Жыйын 15-апрелде Санкт-Петербургда өтөт.

КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясы Таврия сарайында болмокчу. Пленардык жыйынды ПАА кеңешинин башчысы, Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко өткөрөт.

Катышуучулардын болжолдуу тизмеси:

  • Сагиба Гафарова — Азербайжандын Милли мажлисинин төрайымы;
  • Арарат Мирзоян — Армениянын парламентинин төрагасы;
  • Маулен Ашимбаев — Казакстандын парламентинин сенатынын төрагасы;
  • Талант Мамытов — Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы;
  • Зинаида Гречаный — Молдованын парламентинин төрайымы;
  • Танзила Нарбаева — Өзбекстандын Олий Мажлисинин төрайымы.

Ал эми видео байланыш менен жыйынга Беларусь менен Тажикстандын парламенттеринин спикерлери кошулат.

Парламент төрагаларынын катышуусундагы конференция "COVID-19 пандемия шартында глобалдык чакырыктар жана коркунучтар. Терроризм жана зомбулук экстремизми" аталышында өтөт.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ошол эле күнү Кеңештин жыйыны болуп, анда делегация жетекчилери шериктештиктин аймагында өткөн шайлоолорго Парламенттер аралык ассамблеядан катышкан эл аралык байкоочулардын ишин талкуулашат.

16-апрель күнү ПААнын штабында Ассамблеянын 52-пленардык жыйыны өтөт. Анда өзөктүү тема катары пандемия маалында миграциялык процесстерди мыйзам түрүндө көзөмөлдөө талкууланары айтылды. Ошондой эле парламент жетекчилери Ассамблея тарабынан даярдалган КМШга мүчө мамлекеттер үчүн миграциялык кодексти карашат.

Жыйындын жүрүшү Ассамблеянын сайтында www.iacis.ru жана "Вместе-РФ" vmeste-rf.tv. каналынан түз алып көрсөтүлө турганы маалым болду.

Белгилер:
Россия, маселе, жыйын, төрага, КМШ Парламенттер аралык ассамблеясы
Тема боюнча
ЖКнын VI чакырылышына 185 мандат берилди, 65 депутат кайдан келди. Инфографика
УКМК: саясий серепчи Марат Казакпаев мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип кармалды
Аткаминер портфель менен. Архив

Салык кызматынын жетекчиси отставкага кетип, ордуна башка келди

(жаңыланган 20:14 14.04.2021)
1-апрелде премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругу менен кайра кызматка дайындалган Кабылов отставкага кетти.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кызматынан кетти. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Маалыматка караганда, анын ордуна Илияз Иманбетов келди. Ал буга чейин ЕАЭБдин алкагында кыйыр салыктар менен иштеген башкармалыкты жетектеп турган. 

Кабыл Абдалиев 2019-жылдын июль айынан бери ушул кызматты ээлеп келе жаткан. 2021-жылы өкмөттө реформа болуп, Салык кызматы Экономика жана финансы министрлигинин курамына киргендиктен 1-апрелде премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругу менен Абдалиев кайра кызматка дайындалган болчу.

Белгилер:
Илияз Иманбетов, Кабыл Абдалиев, отставка, Мамлекеттик салык кызматы
Тема боюнча
Уланбек Асанов Социалдык фонддун төрагасы болуп дайындалды
Бишкек шаардык жана Биринчи май райондук милициясына жаңы жетекчилер дайындалды

Кер мурут жигит Сүймөнкул Чокморов. Улуттук банктын улуу инсан тууралуу видеосу

(жаңыланган 23:26 14.04.2021)
Улуттук банк кыргыз банкноталарына түшүрүлгөн белгилүү инсандар тууралуу видеолорду жарыялоодо. Бул ирет банк легендарлуу актёр, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов тууралуу видеоролик жарыялаган.

Эки мүнөттөн ашык тартылган роликте сүрөтчүнүн жаш кезин көрүүгө болот. Анда Чокморов жана башка студенттер талаада педагогдун жетекчилигинин алдында жылкыны сүрөткө тартып жатышат. Видеонун алдында окуя 1963-жылы Ленинград облусунда болгону жазылган. Чокморов эмгегинде бир гана жылкыны эмес, анын артына тоолорду да тартат. Окутуучу жок тоону эмнеге тартканын сураганда, ал мекенин сагынганын айткан. Бир маалда жылкы үркүп, баланын колунан жулунуп, секире баштайт. Аны көрүп Чокморовдон башкасынын баары чочулайт. Бирок Сүймөнкул Чокморов аттын жанына барып, жылкыны сылап аны чуркатыш керектигин айтат. Бала ага макул болбой койгондо Чокморов "кыргыздар ээр үстүндө чоңойгон калкпыз. Ал эми ат биздин канатыбыз" деп чапкан боюнча жөнөгөн.

Кадр алмашып, Чокморов "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасындагы Карабалтанын образында болуп калат.

Улуттук банк роликтерди Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата тартып жатат. Анда улуттук валютага сүрөтү түшүрүлгөн философ Жусуп Баласагын, манасчы Саякбай Каралаев, сүрөтчү, актёр Сүймөнкул Чокморов, акын Алыкул Осмонов тууралуу видеолор көрсөтүлмөкчү.

Роликтерди режиссёр Руслан Акун белгилүү кино ишмерлери Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Марат Сарулу жана Баян Сарыгуловдун колдоосу менен тарткан.