Зеленскийдин киносундай болбойлу. Марипов транспорт министри болчу аял тууралуу

© Фото / пресс-служба ЖКТранспорт, архитектура жана коммуникациялар министри кызматына сунушталган талапкер Гүлмира Абдралиева
Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри кызматына сунушталган талапкер Гүлмира Абдралиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2021
Жазылуу
Министр кызматына сунушталган талапкердин санариптештирүү, транспорт, курулуш боюнча тажрыйбасы мол экени айтылды.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри кызматына сунушталган талапкер Гүлмира Абдралиеванын кесиби тигүүчү экен. Бул тууралуу депутат Айсулуу Мамашова айтып, тажрыйбалуулугунан шек санады.
Буга премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов жооп берип, ал талапкердин санариптештирүү, транспорт, курулуш боюнча бир топ тажрыйбасы бар экенин билдирди.
"Буга чейин Транспорт жана жолдор министрлигинде, өкмөттүн аппаратында иштеген. Украина президенти Владимир Зеленский мурда "Слуга Народа" деген киносунда бир министрди кетирип, кайра орун басарын, катардагы кызматкерин койсо дагы баары бир коррупцияга аралашып калган. Ошол фильмдегидей болбой менеджер катары сырттан алып келели деп жатабыз. Мен билгенден айымдар эркектерге караганда тазараак иштейт го", — деди Марипов.
Гүлмира Абдралиева буга чейин өкмөттүн аппаратында курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеп жаткан.
Бүгүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети жаңы өкмөттү карап жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0