Ийгилик каалайм! Мишустиндин Улукбек Мариповду куттуктоосу

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүРоссиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин
Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Жазылуу
Михаил Мишустин Россия менен Кыргызстанды достук жана өнөктөштүк мамилелер бириктирип турарын эске салды.
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин Улукбек Мариповду премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады. Куттуктоо тексти Россия өкмөтүнүн сайтына жарыяланды.
"Россия менен Кыргызстанды достук жана өнөктөштүк мамилелер бириктирип турат. Сиздин ишмердүүлүгүңүз соода-экономикалык, илимий-техникалык, инвестициялык, ошондой эле ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык кызматташтыгыбызды мындан дагы тереңдетет деген ойдомун”, — деп айтылат куттуктоо катында.
Ошондой эле Мишустин Улукбек Мариповго жоопкерчиликтүү ишинде ийгиликтерди каалады.
Эске салсак, бүгүн Улукбек Марипов башында турган өкмөттүн жаңы курамы бекитилди.
Жаңылыктар түрмөгү
0