Бишкекте Мариповдун премьер болушуна каршы митинг өтүүдө. Видео

© Sputnik / Эркин СадыковЖогорку Кеңештин алдында Улукбек Мариповдун премьер-министрликке дайындалышына каршы митинг
Жогорку Кеңештин алдында Улукбек Мариповдун премьер-министрликке дайындалышына каршы митинг  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Жазылуу
Улукбек Марипов Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы болуп, ошондой эле качкын президент Курманбек Бакиевдин администрациясында да иштеген.
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Бишкекте Жогорку Кеңештин алдында Улукбек Мариповдун премьер-министрликке дайындалышына каршы митинг болуп жатат. Бул тууралуу Sputnik кабарчысы жеринен билдирди.
Видео редакциянын Телеграм-каналына жүктөлгөн.
50гө чукул киши башкы прокурордун орун басары Нуркамал Набиевдин да кызматтан кетүүсүн талап кылганы маалым болду. Митингчилер өз кадамын "бийликте коррупцияга аралашкан адамдар болбошу керек" деп түшүндүрүшүүдө.
Премьер-министрликке көрсөтүлүп жаткан Улукбек Марипов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Марипов: бир айда 5 600 сомго деле жашаса болот, бирок өтө кыйын
Эскерте кетсек, ушу тапта Жогорку Кеңеш өкмөттүн структурасы менен курамын карап жатат. Жаңы сунушталган курамда өкмөт мүчөлөрүнүн саны кыскарып, айрым министрликтер, ведомстволор жана комитеттер бириктирилмекчи.
Улукбек Марипов мурунку өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы болуп иштеген. Мындан тышкары, качкын президент Курманбек Бакиевдин администрациясында да эмгектенгени маалым. Марипов тууралуу мындан башка да кызыктуу фактылар бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0