Жазуучу жана журналист Арслан Койчиев Садыр Жапаровдун кеңешчиси болду

© Фото / Улан СолтобекТарыхчы, жазуучу жана журналист Арслан Койчиев. Архив
Тарыхчы, жазуучу жана журналист Арслан Койчиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Жазылуу
Арслан Койчиев көп жыл бою журналистика тармагында эмгектенген. Ал бир нече көркөм чыгармалардын жана публицистикалык эмгектердин автору.
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Тарыхчы, жазуучу жана журналист Арслан Койчиев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Арслан Койчиев көп жыл бою BBC кыргыз кызматында баяндамачы болуп иштеген. "Мисмилдирик", "Айта бар менин кебимди" романдарынын автору.
Жаңылыктар түрмөгү
0