Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив

Өлкөдөн чыгып кеткен Сооронбай Жээнбеков бүгүн сотко чакырылды

(жаңыланган 14:36 03.02.2021)
Жакында эле өлкөнүн мурдагы президенти жубайы менен Түркия аркылуу Сауд Аравиясына учуп кеткени маалым болгон. Ал кичи ажылыкка бармакчы.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн сотко чакырылды, бирок ал Кыргызстанда эмес.

Бишкек шаардык соту мурдагы аткаминер Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча соттук отурум саат 13:00гө белгиленгенин билдирди.

Буга чейин сот Зилалиевдин жактоочусунун Сооронбай Жээнбековду күбө катары чакыруу өтүнүчүн канааттандырган. Бирок кечээ өлкөнүн мурдагы президенти жубайы менен Түркия аркылуу Сауд Аравиясына учуп кеткени маалым болду. Анын кичи ажылыкка барары айтылган.

Жээнбеков сотко эмнеге чакырылды

Буга чейин Зилалиевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова экс-президентти сотко күбө катары чакыруу боюнча судьяга өтүнүч келтирген. Сот ал өтүнүчтү канааттандырган. Зилалиевдин жактоочусунун айтымында, кеп "Оптима банктын" ячейкасынан Зилалиевдин бир миллион долларын тапты делген эпизод тууралуу болуп жатат. Зилалиев 2019-жылы кармалгандан кийин каражат өзүнө таандык эместигин, ал акча Сооронбай Жээнбековдун президенттик шайлоо өнөктүгү үчүн ишкерлерден чогултулганын айткан. Зилалиев кармалгандан кийин Жээнбеков суракка чакырылган эмес. Анткени ошол учурда ал мамлекет башчысы болчу.

Жээнбековдун юристи Жыргалбек Бабаев Зилалиев өзүнүн кылмыш ишине саясий боёк берүүгө аракет кылып, жалаа жаап жатат деп айткан.

Ошондой эле Жээнбековдун бул ишке эч тиешеси жок, фигурант да, күбө да эмес экенине токтолуп, Жээнбеков сотко барууга милдеттүү эмес экенин белгилеген.

Зилалиевдин иши

Башкы прокуратура Зилалиевге мыйзамсыз жол менен байыган деген кине койгон. Ага ылайык, Зилалиев 2010-жылдан 2017-жылга чейинки мезгилде бир катар мамлекеттик кызматтарда: Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы, вице-премьер жана Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси болуп иштеп, расмий кирешесинен бир нече эсе көп мүлк сатып алган деп айыпталууда.

Зилалиев 2018-жылы 8-декабрда кармалган. УКМК анын банктагы жеке эсебинен 889 миң 900 доллар таап, үй-жайын тинтүүгө алганын айткан.

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ошондой эле Латвиянын укук коргоо органдары тарабынан Дүйшөнбек Зилалиевдин жубайына жана балдарына карата акчанын изин жашыруу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон эле

Ал эми 2018-жылы Зилалиев Биринчи май райондук соту тарабынан президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы күнү бомба тууралуу жалган маалымат бергени үчүн үч жылга шарттуу кесилген.

Белгилер:
Ажылык, күбө, сот, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Мухаммедкалый Абылгазиевдин баш коргоо чарасы тандалды
Абдил Сегизбаев УКМКнын тергөө абагына эки айга камалды

НАТО чалгынчылары РФ чек арасына тез-тезден каттап калышты. Максаты эмне

(жаңыланган 11:50 20.04.2021)
НАТОнун учактары акыркы аптада рекордун жаңылап, Россия чек арасына 58 жолу жакындап келди.

Өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, чет элдик чалгынчылар чагымчылык жасоодо. Өтө эле жакын учуп келгендиктен Россиянын истребителдери асманга көтөрүлүп, "мейманды" узатып барууга аргасыз болгон.

НАТОнун учактары Камчатка менен Кара деңизден эмне "шимшилеп" жүрөт? Украина менен таанылбаган Донбасс Республикасынын чектешкен аймагына эмне максат менен байкоо салууда? Жоопту биздин видеодон алууга болот.

Белгилер:
Украина, Кара деңиз, учак, чек ара, Россия, НАТО
Тема боюнча
Украина НАТОго кирет деп ишенип... Россияга ким чагымчылык жасоодо
АКШнын президенти Жо Байден. Архив

Путинге Байден менен жолугуунун эмне зарылчылыгы бар

(жаңыланган 20:02 19.04.2021)
Ансыз да олку-солку болуп турган Россия-Америка мамилелери акыркы айда өзүнчө эле театрга, вашингтондук актёрлор койгон оюнга айланып кетти.

Алгач Байден Путинди "жан алгыч" деп атады, андан соң "Россиянын Украинаны басып алуу кооптуулугун" күчөткөн Байден Путинге чалып жакын арада жолугушууну сунуштады да эртеси жаңы санкциялар тууралуу жарлыкка кол койду. Андан кийин ЖМК алдына чыгып, "Россия менен чырдашууну каалабай турганын", АКШ чогуу иштешүүгө кызыкдар экенин, бул үчүн жай айларында Путин менен жолугушуу ниети бар экенин айтты. Көшөгө.

Кырдаалга РИА Новости абай салды.

Ушу тапта Байдендин жаңылганын да тамашалоо орунсуз болуп калды. Бирок Вашингтондогулар Россиянын айласын таппай, улам бир ыкманы пайдаланып жатат деп да айта албайсың. Жок, Ак үйдө максатын так түшүнгөн, Россия боюнча көрчү аракеттери айкын адамдар отурат. Буга мүмкүнчүлүгү жетиштүүбү, америкалык кызыкчылыктын көз карашынан алып караганда канчалык туура стратегия? Жок, дарамети жетпейт. Муну түшүнүү Кремль үчүн стратегиялык планда маанилүү, ал эми азыр тактикалык планда башка нерсе кызык болуп турат: Путин болуп жаткан окуяларга кандай мамиле жасашы керек? Же Байден менен жолугушууга барышы керекпи?

Бир караганда сүйлөшүү россиялыктарга караганда америкалыктар үчүн зарыл сыяктуу эле. Мындан улам Байден оң-тескери кадамдары менен Путинди жолугушууга мажбурлап жатат деген да сөз болгон. Демек, ою менен болуп сүйлөшүүлөргө барбай, тыным алып туруу керек деген кептер айтылган болчу.

Америкалыктар чындап эле моюн толгогондорду жаман көрөт, өздөрү да сүйлөшүүгө көп бара беришпейт. Кээде мындай аракет акталып калат, Иран менен Түндүк Кореянын мисалы буга далил. Пхеньян АКШнын кезектеги жосунсуз аракетинен соң бир жылдан бери америкалыктар менен байланышка чыкпай келет. Коронавирус боюнча чектөөлөрдөн улам деп айтууга болбойт. Ирандыктар да түз байланыштан бир нече ирет баш тартты, керек болсо жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө макул болбой жүрөт. Бул ошол өлкөлөрдүн, алардын АКШ менен болгон алакасынан алып караганда туура, татыктуу кадам. Россиянын масштабы да, контексти да такыр бөлөк.

Кеп Путиндин биринчи болуп жолугушууну сунуштаганында деле эмес. Эскерте кетсек, РФ лидери АКШ президентинин чуулуу сөзүнөн кийин түз эфирде дебат форматында жолугууну демилгелеген. Путин өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн ким менен болсо да сүйлөшүүгө даяр. Россиянын кызыкчылыгы эмнеде? Санкцияларды жумшартуу боюнча Америка менен келишүүбү? Же Жакынкы Чыгыш, Афганистандагы көйгөйлөр, Ирандын өзөктүк келишими, Түндүк Кореянын ракеталык-өзөктүк программасы сыяктуу аймактык маселелер боюнча тил табышуубу? Украинабы?

Жок, мунун баары локалдык көйгөй. Канчалык маанилүү болсо да бул маселелер Байден менен жолугушууга себеп болуп бере албайт. Мында адамдык кызыкчылык баарынан жогору турат: кантсе да Путин үчүн Байден бешинчи президент, экөө мындан он жыл мурун жолуккан жайы бар. РФ лидери ал кезде Байдендин инсандыгын анализдөөгө жакшы мүмкүнчүлүк алган, ошентсе да дүйнөлүк аренада иштөө үчүн адамдын кандай экенин көбүрөөк билүү эч качан ашыктык кылбайт эмеспи.

Россиянын геосаясий стратегиясы, тышкы саясий оюну — мына ушул нерсе жолугушуунун кызыгын арттырууда. Россия XXI кылымдын дүйнөлүк системасын калыптандырууга катышуу ниетин билдирип тим болбостон бул жаатта жигердүү иш алып барууда. Америкалыктардай болбой, дүйнө үчүн таптакыр жаңы каркас түзүү менен алек. Ооба, Кытай менен иштешип жатат, анткени кызыкчылыктар дал келүүдө. Ооба, АКШга тыкыр баам салып, убагында жооп берип жатат, анткени америкалыктардын дүйнөнү деконструкциялоо аракети бардык ревизионисттик күчтөрдүн маанилүү маселесине айланып кетти.

Байден Россия АКШнын ишине кийлигишип жатат деп туура айтты. Кийлигишип жатат, бирок шайлоосуна эмес. Муну айтып, талашып-тартышуу бекер, "вашингтондун сазын" байырлагандар үчүн бул ички да, тышкы да саясатынын элементине айланып кеткен. Керек болсо "шайлоого кийлигиштирип" АКШ Россияны таасири күч держава катары сыпаттап койду.

Ооба, Россия кийлигишип, "АКШнын кызыкчылыктарын кыйратууда", болгону бул жерде алардын глобалдуу кызыкчылыгы, өзүн "эге" сезип алган текеберлиги тууралуу сөз болууда. Кошмо Штаттардын лидер аталууга күчү, дарамети жетпей калды. Материалдык жактан Америкадан алда канча алсыз болуп турган Россиянын орчундуу артыкчылыгы бар.

Өлкө тарыхтын туура багыты менен баратат, башкача айтканда, стратегиялык жактан аныкталып-такталган глобалдуу архитектура менен өнүгүүнүн тенденцияларына таянып өз тактикасын курууда. Россия учурда өзгөрүүлөрдүн лидери. Бул жагынан алып караганда Байден болобу, Камала Харрис болобу, кайсы лидер менен болсо да жолугушуунун зарылдыгы бар.

Белгилер:
сүйлөшүүлөр, жолугушуу, санкциялар, Владимир Путин, Жо Байден, АКШ, Россия
Тема боюнча
Байден Путиндин фамилиясын туура эмес айтып алды
Ооруканадагы дарыгер. Архив

COVID күч алып турган Бишкекте кошумча орундар даярдалды

(жаңыланган 12:22 20.04.2021)
Буга чейин өкмөттөн коронавирус боюнча абал кескин курчуп кете турган болсо өлкө аймагында 11 миңден ашык орун даяр экенин айтышкан эле.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек шаары менен Чүй облусунда коронавирус боюнча абал оор болуп жаткандыктан кошумча 132 орун ишке берилди. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди.

"Бул эки аймакта жалпысынан 2 361 орун бар эле. Алардын 255и реанимациялык палаталардагы керебеттер болчу. Бирок булар дагы жетишсиз болуп жаткандыктан, 19-апрель күнү Бишкек шаарындагы №1 шаардык клиникалык оорукананын хирургия бөлүмүндө 132 орун даярдалды", — деди Рахматуллаев.

Ал башка аймактарда абал туруктуу жана коронавирус жуктургандар үчүн бош орундар жетиштүү экенин кошумчалады.

Маалыматка караганда, ушул сааттарда Бишкек шаары боюнча — 281, Чүй облусу боюнча 238 бош орун бар.

Белгилер:
орун, оорукана, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
COVAX Кыргызстанга эмдөөдө пайдалануучу каражаттарды берди. Сүрөт