Ташиев: уюшкан кылмыштуу топ кадр саясатына чейин киришип келген

© Sputnik / Табылды КадырбековУКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев парламенттин жыйынында
УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев парламенттин жыйынында  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Жазылуу
Анын айтымында, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үч айдын ичинде бюджетке үч миллиард сом кайтара алды.
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуу топтор баарын көзөмөлдөп келген. Бул тууралуу УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев парламенттин жыйынында билдирди.
"Баарын уюшкан кылмыштуу топ чечип келген. Керек болсо мамлекеттик кызматка кимди дайындап, кимди депутат кылып, кайсы бизнести өнүктүрүш керектигинен бери чечип келишкен. Мындан ары биздин коомчулукта мыйзамдагы уурулар, кримтөбөлдөр болбойт. Кимде ким мыйзамдагы ууру болгусу келсе башка мамлекетке барып жашасын", — деди Ташиев.
Анын айтымында, коррупция мамлекеттик структураларда гана эмес бизнесте дагы бар.
9 жылдан бери Жогорку Кеңешке кире элек экенмин. Ташиевдин толкунданган видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
9 жылдан бери Жогорку Кеңешке кире элек экенмин. Ташиевдин толкунданган видеосу
"Бир бизнесмен Кытайдан жети контейнер алып келип, анын ичинде 100 телевизор бар деп көрсөтүп койгон. Бирок текшере келгенде 7000 телевизор болгон. Мындан сырткары, баңгизатын саткан погончон адамдар дагы көп. Алардын арасында генералдар дагы бар. Эгер биз кийлигишпесек жашоо өзгөрбөйт", — деди Ташиев.
Ал ошондой эле УКМК үч айдын ичинде мамлекеттик бюджетке үч миллиард сом кайтарганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0