Улуусу 61, кичүүсү 34 жашта. Жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн жаш курагы, билими

© Sputnik / Дмитрий АстаховАткаминер иш учурунда. Архив
Аткаминер иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Жазылуу
Өкмөттүн жаңы курамы түзүлүп, аны Жогорку Кеңеш колдоп берди. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Улукбек Марипов баштаган министрлердин жаш курагы жана билимине кызыкты.
Маалым болгондой, өкмөттүн жаңы курамында өтө деле жаштары жок. Эң кичүүсү — биринчи вице-премьер Артем Новиков. Быйыл 34 жашка чыгат. Калган бөлүгү орто жашап калгандар. Ал эми алган билими боюнча ар тармактын өкүлдөрү бар. Арасында экономист, юристтери көбүрөөк.

Улукбек Марипов, премьер-министр

© Sputnik / Табылды КадырбековУлукбек Марипов, премьер-министр
Рассмотрение состава и структуры правительства в ЖК - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Улукбек Марипов, премьер-министр
Жаңы тандалган өкмөт башчы быйыл 42 жашка толот. Марипов эки окуу жайды бүтүргөн. Бири Оштогу техникалык университет, экинчиси Ош мамлекеттик университети. Ал финансы, кредит, юриспруденция адистигин аяктаган.

Артем Новиков, биринчи вице-премьер

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевАртем Новиков, биринчи вице-премьер
Заседание Совета ЕЭК с участием и.о. премьер-министра Артема Новикова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Артем Новиков, биринчи вице-премьер
Өкмөттөгү эң жаш кадрлардын бири Артем Новиков быйыл 34 жашка чыгат. Ал Балтика мамлекеттик техникалык университетин аяктаган. Кесиби — экономист-менеджер.

Жеңиш Асанкулов, өкмөттүн аппарат жетекчиси (министр рангында)

© Sputnik / Табылды КадырбековЖеңиш Асанкулов, өкмөттүн аппарат жетекчиси (министр рангында)
Руководитель аппарата правительства — министр Жениш Асанкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жеңиш Асанкулов, өкмөттүн аппарат жетекчиси (министр рангында)
Өкмөттүн аппаратын жетектей турчу аткаминер быйыл 40 жашка чыгат. Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында жана Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында окуган. Кесиби — юрист.

Улукбек Кармышаков, экономика жана финансы министри, вице-премьер

© Sputnik / Табылды КадырбековУлукбек Кармышаков, экономика жана финансы министри, вице-премьер
Заместитель министра финансов Улукбек Кармышаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Улукбек Кармышаков, экономика жана финансы министри, вице-премьер
Бир нече агенттик жана министрликтердин милдети дал ушул адамга жүктөлдү. Кармышаков быйыл 58 жашка толот. Ал Фрунзе финансы-экономикалык техникумун жана Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Мындан сырткары, бир нече чет өлкөлөрдө финансы маселелери боюнча окуу семинарларына катышкан. Кесиби — экономист.

Руслан Казакбаев, тышкы иштер министри

© Фото / пресс-служба МИД КРРуслан Казакбаев, тышкы иштер министри
Встреча Межпарламентской ассамблеи стран СНГ с главой МИД КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Руслан Казакбаев, тышкы иштер министри
Ордун сактап калган Руслан Казакбаев 54 жашта.  1991-жылы Фрунзенин политехникалык институтун, 2002-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин, ал эми 2004-жылы Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академияны аяктаган.

Таалайбек Өмүралиев, коргоо министри

© SputnikТаалайбек Өмүралиев, коргоо министри
Глава Генерального штаба Кыргызстана Таалайбек Омуралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Таалайбек Өмүралиев, коргоо министри
Кайрадан түзүлгөн Коргоо министрлигин жетектөө милдети Таалайбек Өмүралиевге жүктөлдү. Ал быйыл 56 жаштын чайын ичет.
1982-1986-жылдары Маршал Конев атындагы Алматы жалпы аскердик командалык жогорку окуу жайында окуган. Мындан тышкары, РФ Куралдуу күчтөрүнүн Фрунзе атындагы жалпы аскер академиясын, Россиянын Генералдык штабынын аскер академиясын бүткөн.

Аскар Жаныбеков, айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министри

© Фото / пресс-служба президента КРАскар Жаныбеков, айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министри
Президент Алмазбек Атамбаев принял нового министра сельского хозяйства и мелиорации - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Аскар Жаныбеков, айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министри
Аскар Жаныбеков 57 жашта. Ал Кыргыз айыл чарба институтунда агроном-мелиоратор адистиги боюнча билим алган. Мындан сырткары, Жусуп Баласагын атындагы КУУну юриспруденция, Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде ветеринар адистиги боюнча окуган.

Кубанычбек Турдубаев, энергетика жана өнөр жай министри

Турдубаев быйыл 49 жашка чыгат. Министр Исхак Раззаков атындагы университетти "электр станциялары" адистиги боюнча 2001-жылы аяктаган. Кийин "Кыргыз энерго" ишканасынын окуу борборунан "Электроэнергетикадагы жогорку жыштыктагы байланыш жабдуулары" курсунан өткөн. Андан соң Венгриянын Будапешт шаарында "Өткөөл экономика шартында энергетика тармагын жөнгө салуу" курсунда окуган.

Улан Ниязбеков, ички иштер министри

© Фото / пресс-служба МВДУлан Ниязбеков, ички иштер министри
Министр внутренних дел КР Улан Ниязбеков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Улан Ниязбеков, ички иштер министри
Улан Ниязбеков 46 жашта. Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

Гүлмира Абдралиева, транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри

© Фото / пресс-служба ЖКГүлмира Абдралиева, транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри
Заместитель министра транспорта и дорог Гульмира Абдралиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Гүлмира Абдралиева, транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри
Абдралиева быйыл 49 жашка чыгат. Ал Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин "Технология жана тигүү буюмдарын конструкциялоо" адистигин аяктаган.

Бообек Ажикеев, өзгөчө кырдаалдар министри

© Sputnik / Табылды КадырбековБообек Ажикеев, өзгөчө кырдаалдар министри
Принесение присяги членами правительства в госрезиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Бообек Ажикеев, өзгөчө кырдаалдар министри
Ажикеев 56 жашта. Эки жогорку билими бар. Бири — "инженер-куруучу", экинчиси — "бухгалтердик эсеп жана аудит".

Асел Чынбаева, юстиция министри

© Фото / пресс-служба правительства Асел Чынбаева, юстиция министри
Заместитель заведующего, а потом заведующая отделом правовой экспертизы аппарата правительства Асель Чынбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Асел Чынбаева, юстиция министри
47 жаштагы Асел Чынбаева Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде укук таануучу адистигин аяктаган. Кесиби — юрист, укук таануучу.

Кайрат Иманалиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри

© Sputnik / Асель АкматалиеваКайрат Иманалиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри
Заслуженный деятель культуры КР, драматург Кайрат Иманалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кайрат Иманалиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри
Кайрат Иманалиев 44 жашта. Ал үч окуу жайдан билим алган. Алгач Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүрүп, кийин ушул эле окуу жайда магистратурада окуган. Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясын да аяктаган. Драматург.

Алмазбек Бейшеналиев, билим берүү жана илим министри

© Sputnik / Табылды КадырбековАлмазбек Бейшеналиев, билим берүү жана илим министри
Принесение присяги членами правительства в госрезиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Алмазбек Бейшеналиев, билим берүү жана илим министри
Алмазбек Бейшеналиев быйыл 40 жашка чыгат. Ал Нарын мамлекеттик университетинин филология факультетинен англис тили жана адабияты боюнча билим алган. Кийин Германияда немец тили боюнча курста окуган. Ушул эле мамлекетте PH-Ludwigsburg педагогикалык университетинде магистрлик даража ыйгарылган (дидактика жана англис тили). Бейшеналиев Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде аспирантурада жана докторантурада окуган.

Алымкадыр Бейшеналиев, саламаттык сактоо министри

© Sputnik / Асель СыдыковаАлымкадыр Бейшеналиев, саламаттык сактоо министри
Министр здравоохранения КР Алымкадыр Бейшеналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Алымкадыр Бейшеналиев, саламаттык сактоо министри
Саламаттык сактоо министри быйыл 61ге толот. Ал Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун "дарылоо иши" адистигин аяктаган. Андан соң ошол эле окуу жайдын клиникалык ординатурасында билим алган. 1989-жылы кандидаттык, 2000-жылы докторлук диссертациясын коргогон.

Камчыбек Ташиев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы

© Sputnik / Табылды КадырбековКамчыбек Ташиев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы
Председатель ГКНБ Камчыбек Ташиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Камчыбек Ташиев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы
Ташиев быйыл 53 жаштын чайын ичүүдө. Атайын органдын төрагасы Томск мамлекеттик университетинин "инженер, химик-технолог" адистигин аяктаган. Кыргыз улуттук университетин да бүтүргөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0