ЖАМК ИИМдин курамына кирбей турганы айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖАМК кызматкери иш учурунда. Архив
ЖАМК кызматкери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты өкмөттүн структурасын өзгөртүүдө абайлабаса бюрократияга кептелип калуу коркунучу бар экенин эскертти.
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Ички иштер министрлигинин курамына кирбейт. Бул тууралуу премьер-министрликке талапкерлиги көрсөтүлүп жаткан Улукбек Марипов парламенттин жыйынында билдирди.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Марипов: кызматтан кетип жаткан Токтогазиевдин тажрыйбасын колдонобуз
Депутат Кожобек Рыспаев өкмөттүн структурасын өзгөртүүдө абайлабаса бюрократияга кептелип калуу коркунучу бар экенин эскертти. Ал ошондой эле ведомстволор аткарган милдеттерине жараша ылайыктуу министрликтердин курамына кошулушу керектигин белгиледи.
"Азыр өкмөттүн структурасын бекитиш керек. Андан кийин кайсы ведомство кайсы министрликтин курамына өтөрүн министрлер менен кеңешем", — деди Марипов.
Буга чейин премьерликке талапкер министрликтердин саны кыскара турганын айтып, тизмесин берген. Ага ылайык, эки вице-премьердин орду кыскарып, айрым министрликтер, ведомстволор жана комитеттер бирикти.
Жаңылыктар түрмөгү
0