Кызматка дайындалган өкмөт мүчөлөрү ант берип, ишке расмий киришти

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАткаминер ант учурунда. Архив
Аткаминер ант учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Жазылуу
Мыйзам боюнча кызматка дайындалган өкмөт башчы жана министрлер парламенттин трибунасынан ант берет. Аны депутаттар жана президент кабыл алат.
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрү парламенттин трибунасынан ант берип, кызматка расмий киришти. Аземге президент Садыр Жапаров дагы катышты.
Улукбек Марипов башында турган өкмөт бүгүн эле Жогорку Кеңеш тарабынан колдоо тапкан. Андан бир нече мүнөт өткөндөн кийин министрлер кабинетин дайындоо тууралуу президенттин жарлыгы чыкты.
Перестановки в правительстве Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Марипов бийликке кимди алып келе жатат. Өкмөттөгү өзгөрүүлөр
Мамлекет башчы Садыр Жапаров сөз сүйлөп, жаңы министрлерге реформа жасоодо бир топтун эмес, жалпы элдин кызыкчылыгын көздөп иш алып барууга чакырды.
Мыйзам боюнча кызматка дайындалган өкмөт башчы жана министрлер парламенттин трибунасынан ант берет. Аны депутаттар жана президент кабыл алат. Жаңыдан бекитилген өкмөт ант бергенден кийин гана расмий түрдө кызматка киришет.
Марипов алып келген министрлер кабинетинин түзүмүндө олуттуу өзгөрүүлөр каралган: өкмөт мүчөлөрүнүн саны 22ден 16га чейин кыскарды. Эки вице-премьер-министрдин кызматы жоюлса, бир катар министрликтер менен ведомстволор биригет.
Өкмөттөгүлөрдүн ичинен жети аткаминер ордун сактап калды.
Жаңылыктар түрмөгү
0