ЕЭК төрагасы Мариповду өкмөт башына келиши менен куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев DOSALIEV SULTANЕвразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович
Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Жазылуу
Мясникович ЕЭК мындан ары дагы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бардык тараптарга пайда алып келген кызматташтыгына шарт түзүүгө даяр экенин айтты.
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиянын төрагасы Михаил Мясникович Улукбек Марипов жана башка өкмөт мүчөлөрүн жоопкерчиликтүү кызматтарга дайындалышы менен куттуктады.
"Сиздин башкаруучулук жаатындагы тажрыйбаңыз менен инсандык сапаттарыңыз КР өкмөтүнүн ийгиликтүү иш алып барышына шарт түзөрүнө ишенем. Ошондой эле биздин биримдиктин алкагындагы интеграциялык процесстердин өнүгүшүнө салым кошоруңузга көзүм жетет”, — деп айтылат куттуктоо катында.
Мясникович ЕЭК мындан ары дагы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бардык тараптарга пайда алып келген кызматташтыгына шарт түзүүгө даяр экенин кошумчалап, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин ишин камсыздай турганын билдирди.
Эске салсак, бүгүн Улукбек Марипов башында турган өкмөттүн жаңы курамы бекитилди.
Жаңылыктар түрмөгү
0