Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева. Архив

УКМК: Жогорку соттун төрайымы Калиева дагы бир мыйзамсыз ишке шектелүүдө

270
(жаңыланган 13:28 04.02.2021)
Жогорку соттун төрайымы Свердлов райондук сотунда иштеген судьянын беделин түшүрүү үчүн жсалган мыйзамсыз ишти атайын жаап-жашырган деп шектелүүдө.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын үстүнөн дагы бир иш боюнча сотко чейинки териштирүү баштады. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, бул иште Бишкектин Свердлов райондук сотунун мурдагы төрагасынын дагы катышы бар экени аныкталып, териштирүү башталган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө сот бийлигинин айрым өкүлдөрү өткөн жылдын февраль айында жеке кастыктан улам интернетке башка судьянын беделин түшүргөн видеоматериалдарды интернетке жарыялап, муну менен кесиптешин жоопкерчиликке тартууну максат кылышканы аныкталган.

Бул окуядан кийин Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева видеотасмадагы судьяны жоопкерчиликке тартуу боюнча Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясына сунуш киргизген.

"Свердлов райондук сотунун мурдагы төрагасы соттук процессти жумуштагы компьютеринин мониторунан чөнтөк телефонуна тартып алып, соттолуучунун үнүн атайын азайтып, кастык мамиледеги кесиптешинин беделин түшүрүүнү максат кылган", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Жогорку соттун төрайымы бул боюнча мыйзамдуу чараларды көрүүнүн ордуна ишти жаап-жашырууга шектелүүдө.

Аталган факт Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен сотко чейинки териштирүүгө алынган.

Буга чейин УКМК "Жергиликтүү сот" автоматташтырылган маалыматтык системаны ишке киргизүүдөгү коррупция фактысы боюнча козголгон ишке Калиеванын да тиешеси бар экенин билдирген болчу.

270
Белгилер:
Гүлбара Калиева, УКМК, судья, төрайым, Жогорку сот
Тема боюнча
УКМК: Жогорку соттун төрайымы Калиева суракка келбей жатат
Тартип комиссиясына Жогорку соттун төрайымы Калиеваны жоопко тартуу сунушу түштү
Россияга иш сапар менен барган президент Садыр Жапаров Москва шаарында Россияда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушууда

Жапаров Москвадагы кыргызстандыктарга жолукту. Сүрөт

119
(жаңыланган 23:22 24.02.2021)
Жапаров Путин менен болгон жолугушуунун жыйынтыктары, анын ичинде Россияда эмгектенген кыргызстандыктардын маселеси дагы талкууланганы тууралуу маалымат берген.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Россияга иш сапар менен барган президент Садыр Жапаров Москва шаарында Россияда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушууда. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

  • Кыргызстанцы проживающие в России на встрече с президентом КР в рамках его рабочего визита в РФ
    Россияга иш сапар менен барган президент Садыр Жапаров Москва шаарында Россияда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушууда
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент КР Садыр Жапаров на встрече с кыргызстанцами, проживающими в России в рамках рабочего визита в РФ
    Ал Россия президенти Владимир Путин менен жолугушуунун жыйынтыктары, анын ичинде Россияда эмгектенген кыргызстандыктардын маселеси дагы талкууланганы тууралуу маалымат берген
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Кыргызстанцы проживающие в России на встрече с президентом КР в рамках его рабочего визита в РФ
    Жапаров сыртта иштеп жүргөн кыргызстандыктардын алдына сүйлөп жатып, эң биринчилерден болуп "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө" жарлыкка кол коюлганын билдирген.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 3
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Россияга иш сапар менен барган президент Садыр Жапаров Москва шаарында Россияда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушууда

Ал Россия президенти Владимир Путин менен жолугушуунун жыйынтыктары, анын ичинде Россияда эмгектенген кыргызстандыктардын маселеси дагы талкууланганы тууралуу маалымат берген.

Жапаров сыртта иштеп жүргөн кыргызстандыктардын алдында сүйлөп жатып, эң биринчилерден болуп "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө" жарлыкка кол коюлганын билдирген.

"Менин максатым — элибиздин көйгөйлөрүн чечүү, Кыргызстандын бардык жарандарын жумуш орундары менен камсыздап, татыктуу жашоого алып келүү. Ошондой эле чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештердин Мекенге кайтып келүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү", — деген Жапаров.

Кыргызстан турак жай ээлери салык төлөөдөн качып, чет элдик жарандарды каттоого тургузуудан баш тартышкандыгынын натыйжасында келип чыккан мигранттарды каттоо көйгөйлөрүнө көңүл бурган.

"Казакстанда бул багытта "кабарлоо тартиби" деген жакшы тажрыйба бар: жарандар мамлекеттик органга келген жана иштеген жери жөнүндө билдирүү гана жөнөтөт, андан кийин ал каттоого турат. Ушундай эле жол-жобону ЕАЭБдин алкагында киргизүүнү сунуштайбыз", — деген Жапаров.

Эске салсак, бүгүн Жапаров Россияга иш сапары менен барып, Россия лидери Владимир Путин менен жолуккан.

119
Белгилер:
мигранттар, иш сапар, Садыр Жапаров, Россия, Кыргызстан
Тема:
Садыр Жапаровдун Россияга сапары
Тема боюнча
Путин: Россия Кыргызстанга мындан ары да колдоо көрсөтөт
Кызматташууну бекемдейбиз. Жапаров Путин менен жолукканда эмне деди

Путин менен Жапаровдун жолугушуусунун толук видеосу

132
(жаңыланган 23:24 24.02.2021)
Садыр Жапаров президент болуп шайлангандан кийин биринчи ирет чет жакка иш сапары менен барган мамлекет Россия Федерациясы болуп калды. Бүгүн, 24-февралда, Жапаров Москва шаарында Россия лидери Владимир Путин менен жолукту.

Анда Россия президенти COVID-19га байланыштуу чектөөлөр жана татаалдыктарга карабай Жапаров менен көзмө-көз көрүшкөндүгүнө кубангандыгын билдирди.

Кыргызстан президентинин маалымат кызматы Садыр Жапаров менен Россия лидери Владимир Путиндин жолуккан видеосун таратты.

Мамлекет башчылар эки тараптуу кызматташуунун маанилүү деген багыттарын, бардык маселелер боюнча биргелешкен өз ара иш алып баруунун келечегин талкуулашкан.

132
Белгилер:
видео, иш сапар, жолугушуу, Садыр Жапаров, Владимир Путин, Россия, Кыргызстан
Тема:
Садыр Жапаровдун Россияга сапары
Тема боюнча
Путин: Россия Кыргызстанга мындан ары да колдоо көрсөтөт
Кызматташууну бекемдейбиз. Жапаров Путин менен жолукканда эмне деди
Кош бойлуу аял. Архив

COVID жуктурган кош бойлуулар көбүнчө эрте көз жарат. Иликтөө

0
Лондондук адистер кош бойлуулар вирустун айынан эрте көз жарганы менен баласынын салмагы аз болуп же өлүү төрөлбөгөндүгүн белгилеген.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Коронавирус аныкталган же жуктурду деп шектелген кош бойлуу аялдардын көбү эрте төрөп коюшат. Бул тууралуу "Известия" агенттиги лондондук окумуштууларга шилтеме берип жазды.

Адистердин иликтөөсүнө ылайык, Улуу Британияда коронавирус инфекциясы менен ооруган боюнда бар аялдардын 12 пайызы эрте көз жарган. Ал эми орто эсеп менен британиялык аялдардын 7,5 пайызынын наристеси ара төрөлгөн.

Ал эми Америкада COVID-19 жуктурган же шектелген келиндердин убагынан эрте төрөшү 15,7 пайызды түзгөн. 

Адис вирус жуктурган аялдардын баласы салмагы аз болуп же өлүү төрөлбөгөндүгүн белгилеген.

0
Белгилер:
төрөт, кош бойлуу, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID-19дан айыккандардын иммунитети боюнча окумуштуулардын жаңы ачылышы
COVID симптому өпкө рагынын да белгиси болушу мүмкүн. Соңку изилдөө