БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Баткендеги Төрткүл суу сактагычы жана ага кошулган каналдар Кыргызстанга тийиштүү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Эске салсак, кечээ премьер-министр Улукбек Марипов парламентте өкмөттүн курамы каралып жатканда каналдын башын Кыргызстан алдырып ийгенин айткан.
"Премьер-министр Улукбек Марипов 1991-жылдын 16-майында кол коюлган келишим боюнча суу ресурстарын бөлүштүрүү көйгөйүн билдирген. Бүгүнкү күндө аталган келишим боюнча тараптардын айрым пикир келишпестиги орун алган жана бул маселе өкмөт башчы тараптан эскертилген", — дешти өкмөттөн.
Төрткүл суу сактагычынын көлөмү 90 миллион кубду түзөт, ал Баткен облусунун аймагында 1972-жылы курулган.
"Учурда Кыргызстандын өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү тарабынан аталган маселени мыйзам алкагында жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр улантылууда", — дешти өкмөттөн.
Ошондой эле республиканын аймактык биримдигин сактоо жана мамлекеттик чек аралардын кол тийбестиги мамлекетибиздин негизги принциптери болуп саналары белгиленди.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйында жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум дайындоо демилгесин биринчи окууда колдоп беришти.
Эл өкүлдөрүнүн 87си макул болсо, 9у каршы чыккан.
Жогорку Кеңештин сайтына кайсы депутат кандай добуш бергени тууралуу маалымат жарыяланды.
Долбоор экинчи-үчүнчү окуудан дагы колдоо тапса, президентке жөнөтүлөт. Ал кол койгондон кийин жалпы элдик добуш берүү дайындалат. Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталууда.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум дайындоо демилгесин жактырды.
Аталган долбоор бүгүн парламенттин жалпы жыйынында биринчи окууда каралды. Натыйжада 87 эл өкүлү макул, 9 депутат каршы добуш беришти.
Долбоор экинчи-үчүнчү окуудан дагы колдоо тапса, президентке жөнөтүлөт. Ал кол койгондон кийин жалпы элдик добуш берүү дайындалат. Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталууда.