Жапыкеев УКМКны алкап, Жумалиевдин сүрөтүн чыгарды

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2021
Жазылуу
Жапыкеев коррупция менен күрөшүү накта башталганын айтып, УКМК депутаттын ишин ачык-айкын изилдешине ишеним артты.
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевди кармаганы үчүн УКМКны алкады.
Ал Facebook баракчасына духовкага чапталган депутаттын "Куран" китебин кармап турган сүрөтүнө өзүнүн сөөмөйүн кезеп турган сүрөтүн жүктөп, пост жазган.
Анда Жапыкеев УКМК коррупция жана өзгөчө оор, чоң мааниге ээ кылмыштарды иликтеп, аны менен күрөшөрүн, ал эми Финпол экономикалык кылмыштар менен күрөшөрүн түшүндүргөн. 
 “Финпол депутатка алы жетпесе да балдарын камаган, бирок алар да сот аркылуу чыгып кеткен. Бүгүн Жумалиевди АКС басыптыр, бир чети туура болду. УКМКнын мүмкүнчүлүгү көп, тергөө абагы бар, өздөрү ачык-айкын изилдешсин. Коррупция менен күрөшүү накта башталды. Молодцы УКМК!!! Достор, акыркы күндөрү мени жамандап ушак чыгаргандар көбөйдү. Чагымчылыкка алдырбай, тынч эле тура туралы.  Жумушка жабышкан жокпуз”, — деди Жапыкеев.
Ошондой эле ал Финпол жоюлбай калышы мүмкүн экенин кошумчалаган.
Белгилей кетсек, депутат Кубанычбек Жумалиев кечээ, 4-февралда, коррупцияга шектелип камалган. Ал эл аралык медициналык университетке лицензияны мыйзамыз алганы жана 78ге жакын кыймылсыз мүлктүн ээси экени аныкталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0