Өкмөт башчы Улукбек Марипов Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Алматы шаарына жасаган жумушчу сапарынын алкагында Беларусь премьер-министри Роман Головченко менен жолугушту

Марипов Беларусь премьери менен Бишкекте бизнес-форум өткөрүүнү макулдашты

131
(жаңыланган 10:03 05.02.2021)
Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн өкмөт башчылары ар кайсы тармактардагы кыргыз-беларусь кызматташтыгынын учурдагы абалын талкуулашты.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Өкмөт башчы Улукбек Марипов Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Алматы шаарына жасаган жумушчу сапарынын алкагында Беларусь премьер-министри Роман Головченко менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

  • Премьер-министр КР Улукбек Марипов в рамках рабочей поездки в город Алматы встретился с премьер-министром Беларуси Романом Головченко
    Өкмөт башчы Улукбек Марипов Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Алматы шаарына жасаган жумушчу сапарынын алкагында Беларусь премьер-министри Роман Головченко менен жолугушту
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Премьер-министр КР Улукбек Марипов в рамках рабочей поездки в город Алматы встретился с премьер-министром Беларуси Романом Головченко
    Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчылар ар кайсы тармактардагы кыргыз-беларусь кызматташтыгынын учурдагы абалын талкуулап, эки өлкөнүн экономикалык потенциалын түзүүгө кызыкдар экендигин билдиришкен.
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 2
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Өкмөт башчы Улукбек Марипов Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Алматы шаарына жасаган жумушчу сапарынын алкагында Беларусь премьер-министри Роман Головченко менен жолугушту

Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчылар ар кайсы тармактардагы кыргыз-беларусь кызматташтыгынын учурдагы абалын талкуулап, эки өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүгүн түзүүгө кызыкдар экендигин билдиришкен.

Беларусь премьер-министри Роман Головченко Улукбек Мариповду премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктап, ийгилик каалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында өкмөт башчылары жакынкы аралыкта соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-беларусь биргелешкен комиссиясынын X жыйынын жана бизнес-форумун Бишкекте өткөрүүнү макулдашты.

131
Белгилер:
Улукбек Марипов, талкуу, жолугушуу, Беларусь, Кыргызстан
Тема боюнча
Жаңы премьер-министр эртең Казакстанга барат
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Өз дүйнөсү менен жашап калган. Жапаров Жээнбековдун эмнеден жазганын айтты

544
(жаңыланган 13:18 26.02.2021)
Мамлекет башчы Кыргызстанга тышкы күчтөрдүн канчалык күчтүү таасири болбосун, бийлик биринчи кезекте өзүнүн каталарынан улам кыйрай турганын айтты.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков коомчулуктун талаптарынан алыс болуп, өз дүйнөсү менен жашап калган. Бул туурасында президент Садыр Жапаров "Российская газета" гезитине берген маегинде билдирди.

Журналист Жапаровдун элдик толкундоолор менен бийликке келгенин эске салып, акыркы жылдары бийликти алмаштыруунун "юридикалык эмес" механизми Кыргызстанда кадимки көнүмүшкө айланганын айтты. Ал эмне үчүн мындай болуп жатканына кызыккан.

Мамлекет башчы бардык өлкөлөр ушул сыяктуу тарыхый сыноолордон өтүшөрүн, андан башка өзгөчө учурлар дээрлик жокко эсе экенин билдирген.

"Мен Кыргызстандын эли өтө жигердүү жана мобилдүү эл экенин кошумчалай кетейин. Жаратылышынан эле ар дайым көчүп-конуп жүргөн, көптөгөн уруулардан куралган, эркиндикти сүйгөн элбиз. Андыктан биздин мамлекетте бийликти узурпациялоо аракетинин баары ийгиликсиз аяктайт. Ошондой эле геосаясий жактан өтө ыңгайлуу жайгашкан өлкөбүзгө көзөмөл кылууга кызыкдар тышкы күчтөр дагы маанилүү роль ойной тургандыгын белгилеп кетейин", — деди Жапаров.

Бирок ал тышкы күчтөрдүн канчалык күчтүү таасири болбосун, тигил же бул бийлик биринчи кезекте өзүнүн каталарынан улам кыйрай турганын белгилеп, Жээнбековдун эмнеден жазганын айткан.

Президент Садыр Жапаров
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"Президент Сооронбай Жээнбеков чыныгы турмуштан, коомчулуктун коюп жаткан талаптарынан алыс болуп, өз дүйнөсү менен эле жашап калган, ошондон улам башынан эле элдин кыжырын келтирген, туура эмес чечимдерди кабыл алган. Кыскасы, революциялардын себептери көп. Эгерде андай себептер болуп жатса, анда бул коомдо демократиялык өзгөрүүлөр болушу, коомдук-саясий системанын өзгөрүшү зарыл экендигинин жана социалдык-экономикалык жактан жетишкендиктерге муктаж экендигинин белгиси", — деди президент.

Ошондой эле ал учурдагы кырдаалдан мамлекетти татыктуу алып чыгып кетүү милдети турганын кошумчалаган.

544
Белгилер:
бийлик, Садыр Жапаров, Сооронбай Жээнбеков, Россия
Тема:
Садыр Жапаровдун Россияга сапары
Тема боюнча
Садыр Жапаровдун чет өлкөгө жасаган биринчи сапарынын жыйынтыгы. Сереп
Садыр Жапаров жаштарды армияга барууга үндөп, аскердеги сүрөтүн жарыялады
Президент Садыр Жапаров

Жапаров Путинге эмне тартуу кылганы белгилүү болду

495
(жаңыланган 12:39 26.02.2021)
Мамлекет жетекчиси башында турган КР делегациясы 24-25-февраль күндөрү Россияга барып келген.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Россиянын лидери Владимир Путинге кылыч белек кылды. Бул туурасында ал "Российская газета" гезитине берген маегинде билдиргенин өлкө башчынын маалымат кызматы жазды.

Анда журналист Жапаровдон коноктор ар дайым кур кол келбестигин эске салып, бул ирет кандай белек тартуулаганын сураган.

"Мен Россиянын президенти Владимир Путинге кооз кылыч белек кылдым. Ал кылыч Кыргызстандагы чебер усталардын колунан жасалган", — деп жооп берди Жапаров.

Эске салсак, Жапаров башында турган кыргыз делегациясы 24-25-февраль күндөрү Россияга жумушчу сапары менен барып келген. Анын жыйынтыгы туурасында бул жактан билип алыңыз.

495
Белгилер:
белек, кылыч, Кыргызстан, Садыр Жапаров
Тема:
Садыр Жапаровдун Россияга сапары
Тема боюнча
Путин башка президенттерден эмне белек алган. Сүрөттөр
Путин Жээнбеков тартуулаган аргымакка жем берип, тайганды сылады. Видео
Эт көтөрүп бараткан официант. Архив

Жапаров өлкөгө келген туристтерге кыргыздын уникалдуу тамагын сунуштады

0
(жаңыланган 13:38 26.02.2021)
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров эки күндүк иш сапары менен Москвага барган. Анын жергиликтүү гезитке берген маеги жарыяланды.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга келген туристтерге мергенчилердин уникалдуу таш кордо тамагынан даам татууну сунуштай турганын "Российская газета" басылмасына берген маегинде билдирген.

Мамлекет башчысына "Кыргызстанга келген туристтерге кайсы улуттук сувенирлерди алууга кеңеш берет элеңиз? Кайсы улуттук тамактарды сунуштайсыз?" деген суроо узатылган.

"Кийиз кыргыз эли үчүн өзгөчө мааниге ээ жана көчмөндөрдүн күнүмдүк турмушунда алмаштыргыс материал болгон. Ошондуктан мен туристтерге сувенир катары кийизден жасалган буюмдарды алууну сунуштайт элем. Кийиз жасоо кылымдардан бери муундан-муунга өтүп келе жатат. Андыктан андан жасалган буюмдар тарыхый жана маданий жактан өтө баалуу. Ал эми тамак-аш маселесине токтолсок, эт улуттук тамак-ашта өзгөчө орунду ээлегендиктен, мен кыргыз мергенчилеринин уникалдуу таш кордо тамагынан даам сызып көрүүнү сунуштайт элем. Аны даярдоо үчүн тереңдиги бир метрге жакын атайын чуңкур даярдалып, дубалдарына таштар коюлуп, от жагылат. Отундун чогу калганда жаныбардын эти ысык таштарга төшөлүп, үстүнөн бутактар, териси жана топурак менен жабылат. Мындай тамакты үй шартында даярдоо бир топ түйшүктү жаратат, андыктан ал өзгөчө учурларда гана жасалат", — деди Жапаров.

Ал ошондой эле улуттук ашкана жөнүндө сөз болгондо айтылуу бешбармак жөнүндө сөз кылбай коюу мүмкүн эместигин белгилеп, үйү-бүлөсүнүн дагы абдан жакшы көргөн тамагы экенин кошумчалады.

Эске салсак, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров эки күндүк иш сапары менен Москвага барган. Анын жыйынтыгын биздин материалдан окуңуздар.

0
Белгилер:
улут, тамак-аш, турист, үй-бүлө, иш сапар, Россия, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Жапаров Путинге эмне тартуу кылганы белгилүү болду
Өз дүйнөсү менен жашап калган. Жапаров Жээнбековдун эмнеден жазганын айтты
Жапаров үй-бүлөсүнүн Кытай менен эмне байланышы бар экенин айтып берди
Жапаров: Кыргызстанга кайтып келген эмгек мигранттарына кам көрүлөт