Кыргызстандын өкмөт үйү. Архив

Кайсы орган жоюлуп, кимиси кимге баш ийип калды? Өкмөттөгү өзгөрүүлөргө саресеп

9000
(жаңыланган 15:09 05.02.2021)
Шаршемби күнү жаңы өкмөт дайындалып, кызматка киришти. Улукбек Марипов алып келген министрлер кабинетинин түзүмүндө олуттуу өзгөрүүлөр каралган: өкмөт мүчөлөрүнүн саны 22ден 16га чейин кыскарды.

Эки вице-премьер-министрдин кызматы жоюлса, бир катар министрликтер менен ведомстволор бирикти. Өкмөттүн түзүмү бекитилгени менен өкмөттүн алдындагы агенттик, кызмат, фонд, инспекциялар кандай иш алып барары азырынча тактала элек. Марипов жаңы министрлер бул жагдайды тез арада иретке келтирерин убадалады.

Алгач белгилүү болгон өкмөттүн 16 мүчөсүнө кайсы тармактарды тескөөгө укук берилгенине токтололу.

Экономика жана финансы министрлиги

Мурдагы Экономика жана Финансы министрликтери бириктирилип, анын курамына Бажы кызматы, Салык кызматы, Мамлекеттик мүлк фонду киргизилди. Туризм департаменти дагы ушул жакка кошулушу мүмкүн. Өлкөнүн киреше булагына жана экономикасына бир киши жооп берсин деген принцип коюлганы айтылды. Бул органды финансы министринин мурдагы орун басары Улукбек Кармышаков жетектейт. Ал бир эле учурда вице-премьер, министр макамын алат.

Коргоо министрлиги

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин жана Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын базасында Коргоо министрлиги түзүлүп, Таалайбек Өмүралиев жетектемей болду.

Эске салсак, Коргоо министрлиги 2014-жылы жоюлуп, КРдин Куралдуу күчтөрүнүн бардыгы Генералдык штабдын карамагына өткөн. Ага ылайык, штаб мамлекет жетекчисине баш ийип келген, эми министрлик өкмөттүн карамагында болот.

Генералдык штабдын биринчи начальниги, запастагы генерал-майор Асанбек Алымкожоев КМШ мамлекеттеринин бардыгында жана Кытайда куралдуу күчтөр Коргоо министрлигине гана баш ийе турганын белгилейт. Муну карым-катнаш үчүн министрлик рангына ээ болууга аракет катары сыпаттады.

Ал эми КРдин коргоо министринин мурдагы орун басары Мурат Бейшенов 2014-жылы эле кээ бир кесиптештери менен кошо Генералдык штабга өтүү демилгесине каршы чыкканын билдирди.

Маселенин күнгөй-тескейи тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан кенен окуй аласыздар.

Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлиги

Бул министрлик аябай күчтөндүрүлүп, 2019-жылдын 1-августунда бөлүнүп кеткен Суу ресурстары агенттиги кайрадан кошулду. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги да кирип жатат. Министр Аскарбек Жаныбеков айыл чарбасы менен эле алектенбей, аймактарды өнүктүрүү саясатын дагы жүргүзөт.

Энергетика жана өнөр жай министрлиги

"Улуттук энергохолдинг", "Электр станциялары", "Түндүк электр" сыяктуу ишканалар жоюлуп баары бир министрликке баш ийе турган болууда. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети ушул министрликтин карамагына кирди. Кыскача айтканда, министр Кубанычбек Турдубаев өлкөнүн электр энергиясы менен кен байлыктарына жооп бермей болду.

Ички иштер министрлиги

ИИМдин аталышы өзгөргөн жок. Бирок анын курамына айдоочулук күбөлүк берүү жана транспорт каражаттарын каттоо менен алектенген "Унаа" ишканасы киргизилиши мүмкүн. Октябрдан кийин келген министр Улан Ниязбеков ордун сактап калды.

Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министрлиги

Мурдагы Транспорт жана жолдор министрлигинин арышы дагы алда канча кеңейди. Анын алдына Архитектура, курулуш жана коммуналдык-турак жай агенттиги, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети киргизилди. Бул тармакка министр болуп келген Гүлмира Абдралиева жолдон сырткары өлкөнүн курулуштарына жана санариптештирүүгө да жооп берет. Ал буга чейин өкмөттүн аппаратында курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеп жаткан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

ӨКМдин аталышы өзгөргөн эмес. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын экология жаатындагы функциясын ушул министрликке берүү каралууда. Министр Бообек Ажикеев жаңы өкмөттүн курамы менен кайра кызматка келди.

Юстиция министрлиги

Премьер-министрдин айтымында, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Юстиция министрлигинин алдындагы орган болуп калышы мүмкүн. Бул тармакка министр болуп өкмөт аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчысы Асел Чынбаева келди.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

Бул министрликтин алдындагы Туризм департаменти бөлүнүп чыкты. Анын ордуна Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кошулду. Мындан ары министр Кайрат Иманалиев маданият кызматкерлерин, спортчуларды жана ЖМКларды тескейт. Ошол эле учурда жаштар саясатын жүргүзөт.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлиги кошулду. Анын курамына Миграция кызматы дагы киргизилери айтылып жатат. Мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев министр, социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова анын биринчи орун басары болуп дайындалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

УКМКнын курамына Чек ара кызматы кошулду. Төрага Камчыбек Ташиев бойдон калды. Баса, мурда УКМК президентке баш ийсе, азыр өкмөткө карап жатат.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери Чек ара кызматы УКМКга үчүнчү ирет кирип жатат. Акыркы жолу 2012-жылы чыгарылган эле. Sputnik Кыргызстан буга чейин чекисттер менен чек арачыларды кошуунун күнгөй-тескейи тууралуу адистердин пикирин уккан.

Өкмөттөгү өзгөрүүлөр ушуну менен токтоп калбайт. Премьер-министр Улукбек Марипов ведомстволор толук бөлүштүрүлүп бүтө электигин билдирген. Мисалы, Финпол, Мамлекеттик каттоо кызматы өзүнчө орган болбойт деп айтылып жатат. Азырынча алар кайсы ведомствого баш иери белгисиз.

Жаңы өкмөттүн дымагы

Өкмөт башчы Улукбек Марипов бүгүнкү күндө башкаруу системасын иретке келтирүүнү кечиктиргенге убакыт жол бербей турганын, ошон үчүн өкмөттүн жаңы түзүмү иштелип чыкканын айтып жатат.

"Азыркы түзүм менен мобилдүү, маселелерди ыкчам чечкенге жөндөмдүү өкмөттү түзүүгө маанилүү кадам болду. Башкаруу системасын оптимизациялоо өкмөт мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин күчөтөт деген ишенимдебиз. Мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатат, каражатты үнөмдүү пайдаланууга өбөлгө түзөт. Чоң өзгөрүүлөрдү кыска убакыттын ичинде жасайбыз", — деди Марипов парламентте талапкерлиги каралып жатканда.

Ошондой эле ал президенттик башкарууга өткөндөн кийин да өкмөттүн ушул түзүмү, программасы өзгөрүлбөй турганын, бул боюнча президент Садыр Жапаров менен макулдашылганын белгиледи.

Канча каражат үнөмдөлөт, көбү жумушсуз калбайбы?

Оптимизациянын натыйжасында канча акча үнөмдөлөрү туурасында өкмөт азырынча анализ жасай элек. Марипов парламентте сүйлөп жатып бир эле энергетика тармагынан 2 миллиард сом үнөмдөлөрүн билдирди.

Ошондой эле ал көптөгөн мамлекеттик кызматкер жумушсуз калбайт деп жатат.

"Бул жерде бөлүм башчылар, жөнөкөй кызматкерлердин баары каралат. Механикалык кыскартуу болбойт, баары оптималдаштырылат. Кээ бирлери кыскартууга байланыштуу жумуштан кетсе компенсация берилет", — деди Марипов.

Мамлекеттик кадр кызматынын борбордук аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мыктыбек Өмүрзаковдун айтымында, өлкөдө 16 700дөй мамлекеттик, 10 000дей муниципалдык кызматкер бар.

Ал учурда министр болуп келген ар бир аткаминерге өтө чоң жоопкерчилик жүктөлүп жатканын белгиледи.

"Эми бардык органдар коюлган үч айлык мөөнөттө күн-түн иштей турган мезгил келип жетти. Мисалга, эки министрлик кошулду. Экөөндө тең юридикалык, жалпы бөлүм сыяктуу окшош бөлүмдөр кандай жол менен оптималдаштырылат. Кыскартуу структураларын кимдер иштеп чыгат. Мыйзам боюнча мамлекеттик органда иштеген бир кызматкердин ордун кыскартуу үчүн эле 1,5 ай убакыт талап кылынат", — деди Өмүрзаков.

Талкууга түшкөн социалык өнүктүрүү менен саламаттык сактоо

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болгон Ализа Солтонбекова бириктирүү туура кадам болгонун билдирди. Бул боюнча эффективдүүлүгүн көрсөткөн башка өлкөлөргө анализ жүргүзүлгөнүн айтты.

Ал эми мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров министрлик өзүнчө калып, курамына башка ведомстволорду бириктирсе деген пикирде.

"Жумушсуздук көбөйүп, жакырчылык өсүп, миграция процесси күч алып жатканда туура эмес чечим болду деп ойлойм. Ушул көйгөйлөрдүн баарын Саламаттык сактоо министрлигине байлап коюу жакшы эмес. Себеби пандемияда ал министрлик кандай иштеп жатканын, канча көйгөйү бар экенин көрдүк. Эгер Социалдык өнүктүрүү министрлигине Миграция кызматын, Социалдык фондду, Кесиптик-техникалык билим берүүнү кошкондо жакырчылыктан чыгуу, жумуш орундарын түзүү боюнча комплекстүү иш-чараларды жасаганга болот эле. Пенсия, пособиелер дагы бирдиктүү бир саясат менен жүрмөк", — деди Кочкоров.

Өкмөттөгү өзгөрүүлөр боюнча Садыр Жапаров дагы билдирүү жасап, мурда кимге кызмат жетпей калса эле министрлик ачып бере беришкенин айтты. Мунун арты менен министрлик, комитет, агенттик жана башка ведомстволордун саны 48ге жеткенин белгиледи.

9000
Белгилер:
Кыргызстан, министрлик, өкмөт курамы, курамы, түзүм, өкмөт
Тема боюнча
Генштабды Коргоо министрлигине айлантуунун эмне зарылдыгы бар эле. Адистердин пикири
Вашингтондогу Америка желектеринин фонунда Капитолий имаратынын сыртындагы адамдар. Архив

Демократияны үйрөтөт. АКШ бирөөнүн жашоосуна кийлигишүүнүн жаңы ыкмасын тапты

41
Америкалыктар мындан ары демократия үчүн күрөшпөйт. Башка өлкөлөргө кийлигишүү жана авторитардык лидерлерди кулатуунун майнапсыз экенин мезгил көрсөттү.

Вашингтон мындан сабак алып, дүйнөнү өзүнөн баштап өзгөртүүгө чамынды. Мындан ары Кошмо Штаттар кандай аракет этерине Софья Мельничук сереп салган.

Жаңы доор — жаңы ыкмалар

АКШ мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин мамлекеттик департаменттеги алгачкы расмий сөзү бош залда жаңырса да чоң чуу жаратты. Жарым саат ичинде америкалык дипломатиянын башчысы тышкы саясаттын негизги багыттарын санады. Алар жакында улуттук коопсуздук стратегиясында бекитилет. Блинкендин айткандарынын дээрлик көбү жаңылык эмес, өзү да, президент Жо Байден да акыркы айларда бир нече жолу кайталап келген эле сөздөр. Ошентсе да бир нерсе көңүл бурдурду.

"Биздин ыкма өзгөрөт, — деп жарыялады мамлекеттик катчы. — Биз демократияны кымбат баалуу аскердик кийлигишүүлөр же авторитардык режимдерди күч менен кулатуу аракеттери аркылуу жайылтпайбыз". Жакшы ниет менен жүргүзүлсө да, мындай ыкмалардын аягы жакшы бүтпөгөнүн моюнга алды жаңы администрациянын өкүлү. Ал тургай, "демократияны жайылтуу" деген терс маанай жаратып, ага америкалыктардын өздөрү деле ишенбей калышкан.

Дүйнө алмашты, эми жаңы шарттарда Вашингтон көңүлдү террордук коркунучтардан атаандаш державаларга бурат. Демократияны жайылтуу — бул мурдагыдай эле АКШнын тышкы саясатынын императиви бойдон, өз үлгүсүндө көрсөтөт.

"Болбосо бизди баалуулуктарыбыздан адаштыруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаган Кытай жана Россия сымал атаандаштарга уттурабыз. Аларга шарт түзүп бербейли", — деп аяктады сөзүн америкалык дипломат.

Өзү өрнөк боло алабы?

Аталган державаны былтыркы жыл катуу сынады. Биринчи, Экинчи дүйнөлүк жана Вьетнам согушунан да көп америкалыктын өмүрүн алып кеткен коронавирус пандемиясы саламаттык сактоо тутумундагы теңсиздикти көрсөттү. Полициянын ырайымсыздыгы жана кара терилүү кишинин өлтүрүлүшүнөн улам өлкөнү расалык толкундоолор каптаган. Дагы бир ирет коомдо системалуу расизм көйгөйү ачык байкалып калды.

Президенттик шайлоо да ондогон жылдар ичиндеги эң чуулгандуулугу менен эсте калды. Дональд Трамп али күнчө шайлоонун жыйынтыгы бурмаланган деген ойдо. Ушундай маанай айрымдарды алтынчы январда Капитолийдин имаратын басып кирүүгө түрттү.

Жаңы президент Жо Байдендин алдында өлкөнүн ички биримдигин калыптандыруу зарылдыгы курч турат, ошондой эле ал эң оболу америкалыктардын өздөрүнө АКШ дале демократиянын үлгүсү экенин көрсөтүүгө тийиш.

"Кошмо Штаттарда башкаларга өрнөк болуу жаатында азыр көйгөй чоң, — дейт АКШ жана Канада институтунун улук илимий кызматкери Павел Кошкин. — Аларга азыр электоратты мобилизациялоо үчүн риторикалык инструмент абзел. Өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салууга кудурети жетерин көрсөтүү маанилүү".

Блинкендин билдирүүсүн кандайдыр бир деңгээлде ички жагдайга да багытталган деп болжоого болорун айтат Кошкин. "Бөлөк өлкөлөрдү тартипке келтирүү өзүңдөн баштоого кандайдыр өбөлгө сымал", — деп түшүндүрөт ал.

Демократияга каршы өнүгүү

Байдендин администрациясы дайым башкы стратегиялык атаандаш Кытай жана анын өнүгүү үлгүсү экенине басым жасап келет. Вашингтон дал ошону өзгөртүүгө ниеткер. Пекин өзү саясий тутумду эч жакка көчүрүүнү пландаган жок. КЭРдин төрагасы Си Цзиньпиндин айткандарын эстейличи. "Биз дүйнөнүн мүмкүнчүлүктөрүн өнүгүү аркылуу жайылтабыз", — деп түшүндүргөн ал.

Айрым мамлекеттерде чындап эле мамлекетти башкаруунун кытайлык элементтерин импорттоого талап бар экенин белгилейт Москвадагы Карнеги борборунун консультанты Кытайды изилдөөчү Темур Умаров. Айталы, Борбор Азиядагы мамлекеттер. Чөлкөмдөгү өлкөлөрдө АКШнын таасири жылдан-жылга азайып барат.

"Аймактын бардык автократиялары Кытайдын ийгилигин кайталагысы, демократиялык реформаларсыз эле экономикасы өнүккөн өлкөгө айлангысы келет", — дейт Умаров. Ошол эле убакта заманбап дүйнөдө кандай автократия болбосун, демократиялуу көрүнгүсү келет. Антпесе глобалдык дүйнөдө кадыресе жашоо мүмкүн эмес.

Ошол себептен Борбор Азиядагылардын баары сөз жүзүндө реформа жана адам укуктары жөнүндө айтышат, бирок иш жүзүндө Батышты үлгү катары эсептебейт. Эгер мурда бул чөлкөмдө жалгыз Кыргызстан демократия аралчасы аталып, Америка тарапка ыктап келсе, азыр ал оюнан кайтып башка жолго бет алды.

Эгер Кытай өңдүү Борбор Азияга экономикалык жактан активдүү басым жасаган болсо, Кошмо Штаттар аймакта позициясын күчөтө алмак. Ансыз идеологиялык планда чоң таасирге ээ боло албастыгын айтат Умаров.

Унутулгус эски адат

Жаңы администрациянын ыкмасы — Барак Обама баштап кеткен жолдун уландысы. Обаманыкы деп аталган доктрина чет жактагы америкалык аскерлердин кыскартылышына багытталган. Ошондой эле демократтар аскердик ыкмалар анчалык майнапсыз экенин, демократияны кийлигишүү, басып алуу жана мамлекеттик түзүлүш эсебинен эмес, жумшак күч менен жайылтуу керек деген бүтүмгө келишкен. Бирок Кошмо Штаттардын 44-президенти ишке ашыра алган эмес. 2011-жылы АКШ ливиялык өкмөттүк күчтөргө аба соккусун урган.

Кийинчерээк чечим туура, албетте, туура болгонун, бирок Вашингтон анын кесепеттерине даярданбаганын ал моюнга алган. Ливия башаламандыкка сүңгүп, муну Обама президенттик мөөнөтүндөгү эң чоң катачылык деп атаган.

Кошмо Штаттардын азыркы администрациясы экс-президенттин аракеттерин улантып, аскердик кийлигишүүдөн тышкары бардык ыкмаларды пайдаланарын боолголойт.

РФ Жогорку экономикалык мектеби улуттук изилдөө университетинин европалык жана эл аралык комплекстик изилдөөлөр борборунун директорунун орун басары Дмитрий Суслов.

"Чет элдик жардам саясатына жана коммерциялык эмес уюмдарга басым жасашат, "кызгылт сары революцияларды" алда канча активдүү колдошот, — дейт ал.  Сирияда Башар Асаддын режими менен АКШ түз күрөшкөн эмес, оппозициялык күчтөргө көмөктөшкөн. — Бул жөндүү инструмент бойдон калат".

Ушул тапта Вашингтон Россия, Беларусь, Венесуэлада оппозициянын өкүлдөрүн колдойт. Мурда Кошмо Штаттар Алексей Навальныйдын ишинен улам айрым россиялык аткаминерлерге каршы санкцияларды киргизген.

Беларусь президенти Александр Лукашенконун дарегине карата чектөө чараларын америкалык элчи Светлана Тихановская менен талкуулаган.

Жакында эле Блинкен Венесуэланын оппозициялык лидери Хуан Гайдо менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Кытай жана Иранда АКШ батышчыл коммерциялык эмес уюмдарга жана бул мамлекетти кескин сындагандарга жардам берип келет. Конкреттүү аракеттер өлкөдөн көз каранды экенин белгилейт Суслов. Кай бир жакта жарандык согушта тараптардын бирин колдоп, кээ бир өлкөдө саясий каатчылыкка чагымчылдык кылат. Маалыматтык саясат, үгүт, коомдук дипломатия.

Санкциялар — демократияны жайылтуунун маанилүү инструменти, алар арылгысы келген элиталарга сокку урат. Ирак, Ливиядагыдай жаңы операциялар эми кайталанбайт. Тарых көрсөткөндөй, чет элдик долбоорлорго каражат бөлүп коюуга караганда өзүндөгү демократия менен үлгү көрсөтүү алда канча татаал. Ошондуктан достук күчтөрдүн каржылык колдоосу АКШ Мамлекеттик департаменттин негизги инструментине айланат.

41
Белгилер:
демократия, тарых, Алексей Навальный, мамлекет, АКШ
Тема боюнча
Россияны ооздуктоо боюнча милдеттенмелерден арыла албаган Европа
Европа — Россия мамилеси: Боррелдин сапары алдын ала чалгындоо беле?
Премьер-министр Улукбек Марипов

Марипов: быйыл салык менен бажы процедураларын толук санариптештирүү керек

142
(жаңыланган 15:42 07.03.2021)
Өкмөт башчы салык жана бажы процедураларын санариптештирүү бир нече жыл мурда башталганын, бирок дагы деле кемчиликтер бар экенин айткан.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов быйыл санариптештирүүнүн бардык компоненттери толук кандуу ишке берилүүгө тийиш экенин айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Марипов салык жана бажы процедураларын санариптештирүү маселелерин талкуулоо боюнча жыйын өткөргөн.

Ал бажы тармагын санариптештирүү боюнча иштер жакшы жүрбөй жатканын, бул жаатка басым жасаларын айткан.

Премьер-министр КР Улукбек Марипов выступает на заседании по обсуждению вопросов цифровизации налоговых и таможенных процедур. 07 марта 2021 года
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Премьер-министр Улукбек Марипов быйыл санариптештирүүнүн бардык компоненттери толук кандуу ишке берилүүгө тийиш экенин айтты
"Салык жана бажы процедураларын санариптештирүү бир нече жыл мурда башталып, белгилүү бир натыйжага жетиштик. Ошону менен бирге кетирилген каталыктар жана кемчиликтер бар. Бул жол-жоболорду санариптештирүүдө коррупциялык тобокелдиктерди жоюу, бюджетке каражат түшүүлөрдү көбөйтүү, салык төлөөчүлөрдү жана калкты контрафактылык продукциядан коргоо, көмүскө экономиканын үлүшүн жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түрдө берүү деген маанилүү нерселерди эске алуу керек", — деген Марипов.

Марипов системалык негизде салык жана бажы процедураларын санариптештирүү боюнча координациялык кеңештин ишин жандандыруунун маанилүүлүгүн белгилеп өткөн.

142
Белгилер:
санариптешүү, салык, бажы, Улукбек Марипов
Тема боюнча
Өкмөт суу май жана кумшекер өндүргөндөр менен түз келишим түзүүнү карап жатат
Жапыкеев башында турган Финпол жоюлду
Жеңил атлетчилер марафон учурунда. Архив

Кыргызстандык жеңил атлетчилер Беларуста бир нече медаль алышты

0
(жаңыланган 00:16 08.03.2021)
Аталган спорттук иш-чарада кыргызстандык спортчулар баш-аягы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алышты.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды. Бул тууралуу КРдин Жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.

Кыргызстанские легкоатлеты во время соревнований в Беларуси
© Фото / пресс-служба федерации легкая атлетика КР
Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды

Маалыматка ылайык, Минск шаарындагы мелдеште узундукка секирүү боюнча Светлана Майер биринчи орунга жетип алтын медалга татыган. Анастасия Бондаренко 200 жана 60 метрге чуркап коло менен күмүш медаль алса, ал эми Артем Слесаренко 60 метрге чуркап коло медалга ээ болгон.

Дагы бир жөө күлүк Калыс Таштанов 1500 метр аралыкта марага биринчи жетип алтын, 800 метр аралыкта үчүнчү келип коло медалды байге куржунуна салган.

Аталган спорттук иш-чарада кыргызстандык спортчулар жалпы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алышты. 

0
Белгилер:
медаль, мелдеш, жеңил атлетика, Беларусь
Тема боюнча
Надыров: Ысык-Көл марафонунун байге фонду 1 млн. 44 миң сомду түзөт
ШКУнун эл аралык марафону 15-майда Чолпон-Ата шаарында старт алат