БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Башкы прокурор Курманкул Зулушев прокуратура каралоочу орган болуп калбашы керектигин билдирди. Бул тууралуу ал коллегиялык жыйында айтканын мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Зулушевдин айтымында, Жогорку сот тарабынан актоо өкүмдөрү күчүндө калтырылганда прокурордун жоопкерчилигин кароо боюнча көрүнүштү өзгөртүү керек.
"Анткени актоо өкүмү же жарандык иш боюнча чечим кабыл алынгандан кийин сотко катышкан прокурорду сот актысын терең изилдетпестен, жогорку инстанцияга чейин даттанууга милдеттендирүүдө. Мында соттолуучунун жана соттук процесстин башка катышуучуларынын укугу бузулуп, прокуратура системасы элге терс тарабынан көрсөтүлүп жатат", — деди башкы прокурор.
Зулушев ошондой эле прокуратура кызматкерлери материалдык кызыкчылыктары үчүн ишти создуктурууга жол бербеши керектигин баса белгилегени айтылды.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бош убактым болуп калса эле бассейнге барам. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Казинформ" маалымат агенттигине берген маегинде айткан.
Журналист ага "Сиздин убактыңыз чектелүү, тар экенин түшүнөбүз. Ошентсе да Кыргызстандын президенти бош убактысында эмне менен алектенет?" деген суроо узаткан.
"Чынын айтсам, бош убактым жок. Маалымат катчым менен кеңешчимди "мага бош убакыт бербей жатасыңар" деп урушуп жатам. Бирок убакыт болору менен бассейнге барам. Азырынча ошол жакка гана барып жатам. Кудай буюрса, күн жылып калса футбол жана чоң теннис ойнойм. Бирок бош убакыт дээрлик жокко эсе", — деген Жапаров.
Маектин соңунда Жапаров казак калкы Кыргызстанга караганда бир топ жыл алдыга кеткенин айтып, бир тууган элдин ортосундагы ынтымактын бекем болушуна тилектеш экенин билдирген.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызстанда күзүндө парламенттик шайлоо болот, баарын таза өткөрөбүз. Бул тууралуу өлкө президенти Садыр Жапаров "Казинформ" агенттигине маек куруп жатып билдирди.
Журналист мамлекет башчысына "Биз кыргыз ЖМКлары менен интернет баракчаларын окуп турабыз. Көпчүлүк сизди катаал жетекчи катары сыпатташат. Бул эмнеге байланыштуу деп ойлойсуз?" деген суроо узатты.
"Сырттан караганда катаал көрүнүшүм мүмкүн, бирок өзүм жумшак адаммын. Сурооңуздун төркүнүн түшүнүп турам. Бүгүнкү күндө бизде бардык сферада мыйзамдар иштеп жатат. Мурдагы жетекчилер, министрлер, чоң аткаминерлер камалууда. Ошол себептен дагы катаал жетекчи дешсе керек. Мурда иштеп кеткенине же азыр иштеп жатканына карабастан күнөөсү болсо жетекчилер кылган ишине жараша жазасын алсын деп жатам. Тийиштүү тараптарга эгер жалган жалаа жаап, камап коё турган болсоңор өзүңөр жоопкерчиликке тартыласыңар деп айтам", — деди Жапаров.Ал ошондой эле Кыргызстанда 30 жылдан бери коррупция гүлдөп өскөнүн белгилеген.
"Кыргызстан боюнча 300 үй-бүлө байып, калганы жакырланып кеткен. Ошонун айынан бизде үчүнчү революция болду. Экинчи себеби — адилетсиз шайлоолор. Биз мурдагылардын катасын кайталаган жокпуз. Жакында жергиликтүү шайлоо, референдум өтөт, күзүндө парламенттик шайлоо болот, баарын таза өткөрөбүз. Мыйзам менден баштап кетмен чапкан дыйканга чейин бирдей болушу керек", — деди президент.
Ал ошондой эле 30 жылдан бери чирип калган системаны жипке тизгендей алып кетүү үчүн 2-3 жыл керектигин кошумчалаган.