БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин балдарын кайра камоо боюнча Бишкек шаардык сотуна сунуш берилди. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйында билдирди.
Белгилей кетсек, Финпол Жумалиевдин эки уулун алдамчылыкка айыптап кармаган, бирок Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын тандап үй камагына чыгарган.
"Жумалиевдин балдарын камакка алуу боюнча жогорку инстанцияга сунуш бердик. Шаардык сот чечим чыгаргандан кийин Биринчи май райондук сот чыгарган чечимдин мыйзамдуулугун карайбыз", — деди башкы прокурор.
Ошондой эле ал Финполдо Жумалиевдин бир нече кылмыш иштери болгонун, бирок эки айдан бери эч кандай иш жүрбөй, далилдер аныкталбагандыктан материалдарды УКМКга өткөрүп бергенин кошумчалады. Атайын кызмат өзү дагы жаңы кылмыштарын таап чыгып, камаганын белгиледи.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кытай Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү. Мындан улам достук мамиленин өнүгүшүнө чоң маани берилет. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматка караганда, Марипов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолуккан. Өкмөт башчы Кытай тарапка коронавируска каршы күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Тараптар соода-экономикалык кызматташуу, коронавируска каршы кытай вакцинасын бекер алуу, "Торугарт" менен "Эркечтам" постундагы жүк өткөрүүнү көбөйтүү маселелерин дагы талкуулашкан.
Мындан сырткары, өкмөт башчы менен элчи эки өлкө ортосундагы авиакаттамдарды жандантуу мүмкүнчүлүгүн дагы сүйлөшүшкөн.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйында жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум дайындоо демилгесин биринчи окууда колдоп беришти.
Эл өкүлдөрүнүн 87си макул болсо, 9у каршы чыккан.
Жогорку Кеңештин сайтына кайсы депутат кандай добуш бергени тууралуу маалымат жарыяланды.
Долбоор экинчи-үчүнчү окуудан дагы колдоо тапса, президентке жөнөтүлөт. Ал кол койгондон кийин жалпы элдик добуш берүү дайындалат. Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталууда.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мырзакат Тыналиев "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору-башкы редактору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Эске салсак, басма үйүнүн мурдагы башкы редактору Эрнис Балбаков үстүбүздөгү жылдын февраль айында иштен алынган болчу.